Саясий куугунтукту токтотуу боюнча жарандык форумду Бишкектеги "Саясий туткундарды коргоо" жана "Сөз эркиндигин коргоо" комитеттери уюштуруп, ага негизинен коомдук, саясий ишмерлер, жарандык активисттер, саясий негиз менен камалгандардын жакындары катышты.
Анда Кыргызстанда саясий жүйө менен камалып, соттолуп жаткандардын саны отузга чукулдаганы белгиленип, бийлик бутактарына кайрылуу кабыл алынды.
Кайрылууда жыйындын катышуучулары "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен кармалып, бир жылдан ашуун убактан бери абакта жаткан, коррупция жана башка түрдүү иштер боюнча айыпталып, соттолгон жана учурда соттолуп жаткан саясатчылардын, Башкы прокуратура жана УКМК тарабынан айыпталып, соттолуп жаткан журналисттердин иштерин кайра карап чыгууну, сотторго бул иштер боюнча мыйзам чегинде адилет чечим чыгаруусуна мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнүшкөн.
Сот системасы көз каранды болбошу керек
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова бийлик сот системасына өз алдынча иштөөгө шарт түзүп бериши керек деп эсептейт.
- Башкаруу системасы өзгөрбөгөнү сот системасынын өз алдынча, эркин боло албай жатканын билдирип турат. Бул эң өкүнүчтүү. Мен бул жерде президенттен өтө көптү күтө албайм, ал өз алдынча саясат жүргүзө элек. Менин каалаганым - сот системасына буюртма, көрсөтмө бербей, анын иштерди мыйзам чегинде карашына мүмкүнчүлүк түзүлсө, алар адилет чечим чыгарышмак деп ишенем.
Президент Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенине аз эле убакыт болгонун "Ата Мекен" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, парламенттин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева да белгиледи. Ал жаңы шайланып келген президент Сооронбай Жээнбековдон мурдагы бийликтин тушунда куугунтук көргөндөрдү актап, бошотот деген үмүтү бар экенин жашырган жок.
- Жээнбеков бир жолу мансабын көрсөткөн. "Чык, эшикке!" деп иштей албаган чиновникти кууп чыккан. Эми да ошондой чечкиндүүлүгүн көрсөтөт деген үмүт бар. Жаңы президент кыргыз-казак чек арасын ачууда жакшы аракет кылып, коңшулар менен сүйлөшө билгенин да көрсөттү. Бийлик болгон соң, элин угушу керек. Эл менен чогуу иштеши керек.
13-ноябрда Бишкек шаардык соту "Элдик парламент" кыймылынын беш мүчөсүнө карата Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Райондук сот бул уюмдун жетекчиси, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков менен активист Төрөбай Колубаевди 14 жылга кескен, Бишкек шаардык сотунун мурдагы төрагасы Марат Султановду 10 жылга эркинен ажыраткан. Мурдагы депутат Тойгонбек Калматов жана полковник Александр Гусев алты жылга шарттуу кесилип, үй камагында калган.
"Элдик парламент" оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү 2016-жылдын майында "бийликти басып алууга ниеттенди" деген айып менен кармалган.
Ага чейин райондук сот ушундай эле айып менен былтыр мартта камакка алынган мурдагы депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга, эркин эксперт Эрнест Карыбековду 20 жылга, ал эми мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен. Соттолуучулар өздөрү жана айрым жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын белгилеп жүрүшөт. Эки сот тең башынан аягына чейин жабык өттү.
Президенттик шайлоонун алдында "бийликти басып алууну пландады" деген шек менен Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаев камалган.
Булардан тышкары Алмазбек Атамбаевдин бийлигин кескин сындап келген саясатчы, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев коррупцияга байланыштуу айыпталып, камалды.
Ошол эле фракциянын парламенттеги дагы эки мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Салянова да "кызмат абалынан пайдаланган" деген айып менен соттолуп, Салянова 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен беш жылга эркинен ажыратылган. Өкүмгө ылайык, Аида Салянова жазасын кызы 14 жашка толгондон кийин өтөйт. Ал эми Алмамбет Шыкмаматовду сегиз жылга эркинен ажыратууну прокуратура соттон суранып жатат.
"Жалгыз дарак токой болбойт"
Коомчулукта "саясий куугунтукка кабылганы тууралуу кеп болгондордун тарапкерлери бийликке олуттуу талап кое албай жатышат, буга алардын бириге албай жатканы себеп болууда" деген көз караштар да бар. Юрист Клара Сооронкулова бул пикирлерге кошуларын билдирди:
- Чындап эле биригүү болгон жок. Ар бири өз алдынча эле аракет кылып жаткансыйт. Тескерисинче, биригип, укук коргоочуларды да өздөрүнө тартып, чогуу иштөөгө аракет кылышса болмок. Бир нече жыл мурун Азербайжандагы саясий куугунтукка алынгандардын маселеси Европанын деңгээлине чейин көтөрүлгөн. Бизде бул маселеге эл аралык уюмдардын көңүлүн бурдурууга аракет болгон жок.
Кайрылуу ээлери бийлик тарабынан сот жообуна тартылып, олчойгон айып пулдарга жыгылган журналисттердин ишин кайра кароону жана учурда кесиптик иликтөөсү үчүн айыпталып жаткан журналисттер Элнура Алкановага, Влад Ушаковго жана "Kloop.kg" агенттигине көрсөтүлүп жаткан басымды токтотууну талап кылышты.
"Бааны тарых берет"
Ошол эле маалда коомчулукта жогоруда аты аталгандарды "саясий куугунтукка кабылды деп айтуу туура эмес" деген пикирлер да бар. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков мындай бааны тарых өз учурунда берерин белгилеп, "саясий куугунтук" деп айтуунун өзү туура эмес деген пикирде.
- Анткени, ал жерде козголгон кылмыш иштери бар. Анда такталган фактылар, документтер бар, тергөөнүн корутундусу, эң аягында соттун чечими турат.
Саясий куугунтукту токтотуу боюнча жарандык форумдун кайрылуусу жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековго, өкмөт башчы Сапар Исаковго жана башка бийлик бутактарына бүгүн жиберилди. Кайрылууга бул бийлик бутактарынан кандай жооп болору азырынча белгисиз.