Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:54

Акун: Ташиевди ооруканага которуш керек


Акыйкатчы Турсунбек Акун камактагы депутаттар Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдун саламаттыгы начарлап кеткенин айтып чыкты.

Акыйкатчынын айтымында, камактагы эки депутатты ооруканага которуу боюнча дарыгерлердин бүтүмү аткарылбай жатат.

Камактагы депутаттардын абалы жана алардын ооруканага которулбай жаткан себептерин акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” айтып берди.

- УКМКнын тергөө абагында кармалып турган “Ата-Журт” партиясынын депутаттары менен жолугуп чыгыпсыз. Бул боюнча атайын билдирүү тараттыңыз. Камактагы депутаттарды абалы кандай экен?

- Ооба, мен УКМКнын тергөө абагына кирип, ал жакта кармалып жаткан “Ата-Журт” партиясынын төрт депутаты менен жолугуп чыктым. Биринчиден, Садыр Жапаров менен Нариман Түлеевдин абалы жакшы, саламаттыгы боюнча даттанышкан деле жок. Ал эми Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытовдун акыбалы бир топ оор экен.

Ташиевди колдогон акциядан көрүнүш, 11-октябрь, 2012
Ташиевди колдогон акциядан көрүнүш, 11-октябрь, 2012
Камчыбек аябай арыктап кетиптир, ашказанында жара бар экен. Ал саясий ачкачылык жарыялабады беле, мына ошондон кийин ал дарты күчөп кеткен экен. Тергөө абагынын ооруканасындагы дарт аныктоочу аппараттан өткөндө эле аныкталыптыр, аны мага оорукананын дарыгери деле тастыктап берди.

Талант Мамытов болсо жаш кезинде бокс менен машыгып, ошондо башынан травма алган экен. Мына ошол дарты абакта стресс болгондо, тамак-ашты убагында ичпегендиктен кайрадан козголуп, абалы начарлап жатыптыр. Мындан улам Ташиев менен Мамытовду УКМКнын ооруканасына которуу жөнүндө дарыгерлердин корутундусу бар экен. Алар ишти тергеп жаткан Башкы прокуратура, УКМК жана ИИМдин кызматкерлеринен түзүлгөн тергөө тобуна беришкен экен. Бирок алар бир топ убакыт өтсө да бир чечим кабыл албай жатышыптыр.

- Сиз бул маселе боюнча башкы прокурор Аида Салянова менен жолукканыңыз белгилүү болду. Депутаттардын саламаттыгы начарлаганына карабай ооруканага которбой жатканынын себебин башкы прокурор түшүндүрдүбү?

- Баш прокурор депутаттардын саламаттыгынын абалы тууралуу корутунду келгенин тастыктады. Бирок башкы прокурордун айтканына караганда, ал корутундуда Ташиев менен Мамытовду ооруканага которууга зарылчылык жок деп жазылган экен. Ошондуктан депутаттарды которбой жатабыз деп жүйө келтирди.

Мен башкы прокурорго туура эмес маалымат жетип жатканын айттым. Себеби депутаттардын ден соолугуна көз салган дарыгерлер сөзсүз түрдө тергөө абактын ооруканасына которуш керек айтып жатышат. Мен Аида Саляновага абалды териштирип, депутаттарды ооруканага которууну сурандым. Ал да бул ишти кайрадан карап, бир чечим кабыл алайын деп сөз берди.

- Демек депутаттардын абалы тууралуу эки ача маалымат берилип жатабы?

- Ооба, ошондой кырдаал түзүлүп жатат. Мен тергөө абагына да кирип, баарын кайрадан тактап, тергөө тобуна далилдеп берейин деп жатам. Себеби бул жерде адамдын укугу түздөн-түз бузулуп жатат. Мен баш прокурорго бүгүн расмий түрдө кат менен кайрылып, ооруп жаткан депутаттарды УКМКнын ооруканасына которууну сурандым. Анын булар аткарылбаса, дарыгерлердин корутундусун алып келип берем.

- Камактагы ден соолугу начарлап кеткен депутаттар өздөрү эмне деп жатышат?

- Камчыбек Ташиев “мени чыгарып койгула деп суранбайм, бирок ден соолук деген кыйын экен, ашказандын оорусу мурда эле бар болчу, ачкачылык жарыялаган соң да күчөп кетиптир, тамак-ашты убагында, ылгап ичип туруш керек экен", - деп айтты.

Анын үстүнө мен кирип чыгаардан эки күн мурун Камчыбек Ташиевдин пристубу кармап, эсин жоготуп, ооруканага алып барган соң гана өзүнө келиптир. Демек бул оорусунун күчөп жатканын белгиси да. Мунун баарын Камчыбек атайлап жасамак беле? Ошондуктан аларды тезинен ооруканага которуу керек.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG