Кыргызстанда келерки жылдан тарта 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү катары белгиленет.
Кийинки жылдан баштап 7-ноябрь – Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү өзүнчө дата катары белгиленбей турган болууда. Мындай демилгеге эмне себеп болду? Быйыл 100 жыл толгон Октябрь революциясынын кыргыз эли үчүн мааниси төмөндөтүлдү деген пикирлер канчалык негиздүү? Кыргызстандын тарыхы жаш муундар үчүн объективдүү окутулуп жатабы, өксүктөр кайсылар?
“Азаттык” радиосу 7-ноябрда мына ушул маселени “Арай көз чарай” берүүсүндө талкуулады. Ага Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат, Кыргызстандын Коммунисттер партиясынын жетекчиси Исхак Масалиев, Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун илимий кызматкери, тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова жана педагог жана тарыхчы илимпоз, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Муратбек Иманкулов катышты.
“Азаттык”: Президенттин бул жарлыгы чыккандан кийин дароо кызуу талкууга түштү. Орусияда аны айрым саясатчылар “достукка каршы кадам” деп аташты, Кыргызстанда өлкө тарыхындагы бурулуш алып келген окуянын – Октябрь революциясынын маанисин тебелөө катары да баалагандар болду. Аида айым, ошондой пикирди негиздүү деп эсептейсизби?
Кубатова: Мен өзүм деле Советтик доордо билим алгам. Ал тургай, ата-энем да ошол доордо билим алып, биз да тарбия алып калдык. Президенттин бул жарлыгын укканда менде да алгач каршы ой пайда болгон. Кийин, көптөгөн талкуулардан кийин анын тууралыгына көзүм жетти. Эгемендикке ээ болгондон бери бизде бир кыйла изилдөөлөр жүргүзүлүп, мурдагылары бир топ жаңы табылгалар менен байытылды. Албетте, Совет бийлигинин, Октябрь революциясынын кыргыз тарыхы, эли үчүн абдан чоң мааниге ээ экенин эч ким тана албайт. Себеби элдин экономикалык, маданий турмушунда абдан чоң өзгөрүүлөр болгон.
Дээрлик бардык тармактарда чоң жылыштар орун алган. Бирок ошол эле учурда, изилдей келгенде, абдан чоң терс жактарын түшүнүп жатабыз. Мисалы, кулакка тартуу процесстери, андан кийинки саясий репрессиялар. Мунун баары жабылуу бойдон келген. Бүгүнкү күндө ошонун баарынын оң-терс жактарын таразалай келгенде туура экенин түшүнүп жатабыз. Ал эми Орусияга каршы деген, бул таптакыр жөнү жок сөздөр, себеби көтөрүлүш өзү 1916-жылдын июль айында башталган.
“Азаттык”: Исхак мырза, бул маселе парламентте талкууланып жатканда сиз каршы пикириңизди билдирип чыктыңыз эле. Эмне себептен?
Масалиев: Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун деген эски сөз бар. Бүгүнкү күндө тарыхка тиешеси жок адамдар биздин тарыхыбызды ар кандай бурмалап, өзүнүн көңүлүнө ылайыктуу жыйынтыктарды чыгарып жатат. Мисалы, 7-ноябрь өкмөт, Жогорку Кеңеш бекиткен Улуу Октябрь Социалисттик революция күнү майрам деп аталат. 2015-жылы биз чоң конференция өткөрүп, 99% тарыхчылар бул революциянын кыргыздын тарыхында өз орду бар деген жыйынтыкка келди.
"Азаттык": Муратбек мырза, жогорудагы айтылган оош-кыйыштар Кыргызстандын тарыхын мектептерде окутууда канчалык камтылган?
Иманкулов: Буга чейин 7-ноябрды белгилеп келсек, эми бул майрам кеңири масштабга ээ болуп, байып жатат десек болот. 1917-жылдагы Октябрь революциясынын мааниси 1916-жылдагы көтөрүлүштү басууну сүрөттөө менен ого бетер жогорулайт.
1916-жылы кырылуу, жок болуу коркунучу алдында калган кыргыз эли 1917-жылды Октябрь революциясынан кийин эл катары сакталып калды, Советтик мезгилде ал өзүнүн мамлекеттүүлүгүнө, экономикасына, айыл чарбасына, маданиятына ээ болуп, бүгүнкү эгемен мамлекетибиздин түптөлүшүнө пайдубал түзүп берген.Ошол эле кезде Совет маалында курмандыктар, кыйынчылыктар да болгонун бирге карашыбыз керек.
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.