Өкмөттүн кийинки убакта көтөргөн демилгелери коомчулуктун сынына кабылып жатканы президент Сооронбай Жээнбековдун да көңүлүн бурду. Ал премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алып жатып, өкмөткө жаңы демилгелери тууралуу элге түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.
«Жаңы демилгелер дайыма түшүндүрүү иштерин талап кылат. Анткени жарандар аларды киргизүүнүн зарылдыгы эмнеде экенинен толук кабардар болушу керек», - деп билдирди Жээнбеков.
Президенттин өкмөттүн демилгелери боюнча тынчсызданып жатканынын жөнү бар. Буга чейин Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттүн бир нече сунушу коомчулукта нааразылык жараткан.
Мындай маанай Кыргызстанга четтен ташылып келген чөнтөк телефондорго чек арадан 100 сомдон төлөм алуу сунушталгандан кийин башталды.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет "автор" болгон демилге телефон аткезчилигин тыюу жана коопсуздукту сактоо максатын көздөй тургандыгы айтылган.
Өкмөт чөнтөк телефондон пайда көргүсү келет
Бирок өлкөгө кирген ар бир телефондон төлөм алуу аракетин апрель окуяларынын алдындагы мурдагы бийликтин ар бир телефон чалуу үчүн 60 тыйын алуу аракети менен салыштырып кескин сынга алгандар арбыды.
Бул демилге каршылыкка кабылган соң, ушул тапта бир жаңсыл болбой ара жолдо турат.
Телефон төлөмү боюнча нааразылык бас-бас боло электе премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин ичүүчү сууга тарифти көтөрүүнү карап көрүү тууралуу сунушу сын-пикирлердин жаңы толкунун жаратты.
Ошондой эле өкмөттүн сатыктан түшкөн салыкты беш пайызга көтөрүү боюнча жаңы сунушуна да нааразы болгондор көп.
Өкмөттүн мындай "популярдуу эмес" сунуштарына эмне себеп болуп жатат жана алар эмне максатты көздөйт?
Мурдагы вице-премьер, азыркы депутат Акылбек Жапаров өкмөттүн учурдагы абалын жакшы түшүнөт. Анын пикиринде, казынадагы каражаттын тартыштыгынан улам буга чейин топтолгон маселелерди өкмөт ушундай жол менен чечүүгө аракет кылууда. Бирок депутат өкмөт өз аракеттерин түшүндүрө албай жатканын айтты:
- Баарын эле "эртең, бүрсүгүнү чечебиз" деп отуруп, азыркы учурга кептелдик. Ошондуктан, айрым учурда бул өкмөт терапевт болуп маселелерди оңдоп-түзөөнүн үстүнөн иштей бербей, хирург катары популярдуу эмес кадамга барып, шарт кесип салыш керек. Бирок демилгелеринин баарын эсептеп, жакшылап түшүндүрүш керек болчу. Түшүндүрүү иштери аксаганын байкап жатам. Бул азыркы эле эмес, бардык эле өкмөттөргө тиешелүү.
Ал эми мурдагы премьер-министр Феликс Кулов учурдагы өкмөт терең реформаларды жасоого түшүнүгү жок болгону үчүн ушул сыяктуу демилгелер менен алпурушуп жатат деп эсептейт:
- Учурда өкмөт оор абалга кептелип калды. Мындай кырдаал премьер-министр чечкиндүү түрдө реформаларды жасоого эмес, телефондон 100 сом алуу жана башка майда-чүйдө аракеттер менен алышып жатканынан улам чыгып жатат. Кемчилиги - реформага болгон чечкиндүү кадамынын жоктугу.
Дал ушундай эле пикирге Жаш ишкерлер бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы Темирбек Ажыкулов да кошулат. Ишкердин пикиринде, учурдагы өкмөттүн башка тармактардагы ишинин ийгилиги көрүнсө, акыркы демилгелер мынчалык нааразылык жаратмак эмес:
- Өкмөт өзү деле эмне кыларын билбей жаткандай. Ошол эле “популярдуу эмес” кадамдарга барарда популярдуу иштерди жасашы керек болчу. Мисалы, сатыктан түшкөн салыкты беш пайызга көтөрүүдөн мурун ишкерлерге: "Башка эмне маселеңер бар?" деп кайрылып, көйгөйүн чечип берсе болмок. Андай кылбай туруп, ушундай кадамдарга барганы нааразы кылып жатат.
Ошол эле кезде өкмөт өкүлдөрү ишинин жыйынтыгы жакынкы аралыкта сезилерин айтып, оң өзгөрүүлөр тууралуу убада берип келишет. Маселен, өкмөттүн акыркы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт өз алдына койгон тапшырмаларды аткарып жатканын жана экономикада өсүш болуп жатканын белгиледи:
- 2018-жылдын январь-июнунда ИДПнын көлөмү 213,6 млрд. сомду, өсүш өткөн жылга салыштырмалуу 0,1% түздү. Кумтөр кенин кошпогондо өсүш 2,1% болду. Орточо жылдык инфляция 102,3% түздү. Экономикалык өсүш дээрлик бардык тармактарда байкалат. Айыл чарбасы боюнча аба ырайынын жагымсыз шарттарына жана күйүүчү-майлоочу материалдардын дүйнөдө кымбаттап кеткенине карабастан өсүш 1,6% болду.
Ошол эле учурда айрым эксперттер өкмөттүн дарегине айтылып жаткан сын-пикирлер президентке да тиерин эске салышты. Себеби, азыркы премьер Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековдун ишенимдүү адамы экени белгилүү. Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороев президент бул үчүн тынчсызданып жатканын түшүнүү менен кабыл алат:
- Кыргызстанда "парламенттик системага өттүк, премьер-министрди парламент шайлады" деп канча айтпайлы президент - өлкөдөгү эң маанилүү жана акыркы чечим кабыл алуучу фигура. Бийликтин символикалык бардык түйүнү президентке барып такалат. Ошондуктан өкмөттүн аткарып жаткан иштери, кемчилиги боюнча президентке да сөз тийиши мүмкүн.
Өкмөткө канча жылдан бери аткарылбай келген "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу да тапшырылган. Азырынча бул долбоорду аткарууга белсенип, жүзөгө ашырчу компаниялардын арасында сынак жарыяланды. Буга чейинки өкмөттөр ишке ашыра албай келген бул долбоор азыркы министрлер кабинетинин дараметин дагы бир сыйра сыначудай болуп турат.