Бул каражат Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) Финансы министрлигинин карамагында түзүлгөн бирдиктүү депозиттик эсепке келип түшкөн. Тиешелүү укук коргоо органдары ал каражат коррупциялык кылмыштардын негизинде тергөө учурунда өндүрүлгөн акча экенин белгилешкен. Мыйзамга ылайык, анын отуз пайызга жакыны аны өндүргөн тараптын эсептерине кайра которулмакчы. Саясат талдоочулар бирдиктүү депозиттик эсеп ачык-айкын болуп, ага түшүп жаткан каражаттын каяктан өндүрүлгөнү жана кайда жумшала турганы дагы ачык көрсөтүлүшү керек деп эсептешет.
Жарым айдын жыйынтыгы
Финансы министрлигинин карамагындагы борбордук казыналыктын 2018-жылдын 24-июлуна карата берген маалыматына караганда, бирдиктүү депозиттик эсепке өткөн он жети күндө 169 миллион 314 миң 359 сом келип түшкөн. Бул каражат кылмыш иштери козголгон экономикалык жана кызматтык кылмыштардын айынан мамлекет тарткан зыяндын ордун толтуруш үчүн тергөө учурунда өндүрүлгөнү көрсөтүлгөн. Анын 60 миллион сомго жакынын Башкы прокуратура, калган 110 миллион сомго жакынын УКМК өндүргөн. Финансы министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Самат Тоялиев бирдиктүү депозитке түшкөн каражат өкмөт атайын токтом менен бекиткен тартиптин негизинде бөлүштүрүлө турганын билдирди:
- Өкмөттүн 22-июндагы №298 токтому менен бекитилген жобонун негизинде ошол бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн каражатты бөлүштүрүүнүн тартиби каралган. Анын 11-пунктунда бирдиктүү депозиттик эсепке келип түшкөн каражат өкмөттүн өзүнчө чечимдеринин негизинде бөлүштүрүлө тургандыгы көрсөтүлгөн. Бул жерде ал акчаны өндүргөн тарапка анын канча пайызы которула тургандыгы да белгиленген. Анан ал каражаттын калган бөлүгүн өкмөттүн тиешелүү чечими менен максаттуу пайдалануу жагы көрсөтүлгөн.
Салыштырма талдоонун жоктугу
Мындан жарым ай мурун мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун жеке демилгеси менен коррупцияга каршы күрөш өнөктүгүнүн алкагында экономикалык жана кызматтык кылмыштарга байланыштуу ачылган иштердин негизинде өндүрүлө турган каражат үчүн өзүнчө бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Андан өндүрүлгөн акча мурда тиешелүү органдардын өзүнүн атайын эсебине түшүп, кайсы мекеме канча өндүргөнү көрүнбөй келген. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев эми бирдиктүү эсепке түшүп жаткан каражаттын динамикасын салыштырыш үчүн маалыматтар салыштырма статистиканын негизинде берилсе деген оюн ортого салды:
- Чынын айтканда, бул сандарга ишенич азыраак болуп турат. Анан албетте, коррупцияга каршы иш жүрүп жатат. Анын деңгээли деле жаман эмес. Бирок анын натыйжалуулугун так жана чынчыл статистика аныктайт. Ошондуктан ал каражат түшкөнү тууралуу маалымат берип жатканда аны дүңүнөн эле жарыялабай, аны мурдагы айлардагы же болбосо мурдагы жылдын ушул учурларына салыштырып беришкенде, бир топ ынандырарлык болмок. Анан азыркы көрсөткүчтөрдү да кийинки айларга же жылдарга карата салыштырганга андан бетер оңой болмок. Статистика бул жерде дайыма салыштыруу менен берилет. Ошондуктан жанагы айтылган сандарга карата салыштыруу болгондо, ал мурдагыга караганда азбы же көппү деген суроо калтырбайт эле.
Ачык-айкындуулук камсыздалабы?
Буга чейин коррупциялык кылмыштардан мамлекет тарткан зыяндын ордун толтуруу иретинде мамлекеттик казынага өндүрүлгөн акчаны бирдиктүү депозиттик эсепке түшүрүп, аны мамлекеттин тышкы карызын жабыш үчүн топтоо жагынан демилге көтөрүлгөн болчу. Андыктан “акчанын каяктан өндүрүлгөнү жана канча өлчөмдө өндүрүлгөнү тууралуу маалыматтар да ачык жарыяланышы керек” деген маселе келип чыкты. Коррупцияга каршы ишкер кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова өндүрүлгөн каражаттын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу зарыл экенин белгиледи:
- Мурун деле укук коргоо органдары коррупциялык кылмыштарды изилдөөнүн натыйжасында келтирилген зыяндын кандайдыр бир бөлүгүн өндүрүү тууралуу отчеттор жарыяланчу. Бирок ал каражат каякка жана кимден түштү деген маселе жабык бойдон калчу. Андыктан бирдиктүү депозиттик эсептин ачылганы бул жагынан коррупциялык кылмыштарды иликтөөнүн негизинде өндүрүлгөн акчаны бир жерде чогултууга жана анын аныктыгын текшерүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бирок дагы деле ошол билдирүүлөрдөгү акчанын кайсы кылмышты ачуунун негизинде, кандай коррупциялык схемаларды жабуунун эсебинен өндүрүлгөнү ачык болбой жатат. Бул жерде ошол бирдиктүү эсепке түштү деген акчанын каяктан алынганы, өлчөмү жана анын кайра каякка кайра жумшала турганы анык болмоюнча, буга элдин ишеничи болбойт.
Ошол эле кезде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) жыл башынан бери ар кандай кызматтык кылмыштардан жана каржылык мыйзамдардын бузулушунан мамлекет 4 миллиард сомго чукул зыян тартканын жарыялады. Анын ичинен учурда келтирилген зыяндын 2 миллиард 387,1 млн. сому мамлекеттин казынасына кайра кайтарылганы белгилүү болду. Өндүрүлгөн зыян былтыркыга салыштырмалуу элүү пайызга жогору экени айтылган. Бирок коомчулук өкүлдөрү Армениядагы көрсөткүчкө караганда, Кыргызстандагы коррупционерлерди кустуруу өнөктүгү өтө эле жайбаракат экенин сынга алып келишет.