- Эрнис мырза, кесиптик майрамыңыз менен куттуктайбыз! Бирок бул жолу майрамды эстегидей абал болбой жатса керек. Учурда медиктер баары ооруканаларга толгон бейтаптардын өмүрү үчүн жапа тырмак күрөшүп жатышат. Азыр дарыгерлердин өздөрүнүн абалы кандай?
- Рахмат, бүгүн майрам экенин эстеп куттуктап жатканыңыздарга ыраазылык. Мен да учурдан пайдаланып, абдан оор кырдаалда алдыңкы катарда иштеп, көзгө көрүнбөгөн душман менен кармашып жаткан ак халатчандарды, кесиптештеримди, анын ичинде орто, кенже медкызматкерлерди, бардык дарыгерлерди куттуктайм. Кудай аларга күч-кубат берсин! Вирустан сактасын. Бирок канчалык сактанып отурса да ооруну жугузуп алгандарга кудай илдетти жеңилинен берген болсун.
Бүгүнкү кырдаал абдан оор, аны биз моюнга алышыбыз керек.
Бүгүнкү кырдаал абдан оор, аны биз моюнга алышыбыз керек. Мына, эртеден бери «Манас» аба майданы жактагы жерди карап жүрөбүз. Бардык улуттук борборлордун жетекчилери биригип буга чейин демилге көтөрүп чыккан элек, ушу «Гансиде» оорукана макамындагыдай кылып жандандыруу бөлүм ачалы деп. Дароо эле министр баш болуп баарыбыз бир пикирге келгенбиз. Мына, эми таң заардан ошол жерди аралап жүрөбүз. Жакшы бир чоң ангар бар экен. Ошол жерде кызуу иш жүрүп жатат. ӨКМ кызматкерлери электр, суу киргизип, кычкылтек жүрчү түтүктөрдү коюп жатышат.
Буюрса, бүрсүгүнү бул жерде 40 керебеттүү реанимация ачылат. Ар бир бөлүмгө бирден дарыгер, анестезиологу, тажрыйбалуу медайымы менен коюлуп жатат. Ошондой эле бирден жасалма дем алдыруучу, экиден кычкылтек бөлүп чыгаруучу жабдыктар орнотулуп жатат. Бул реанимацияга тажрыйбалуу Жамила Чыңгышева тандалып алынды. Ал өз командасы менен учурда катуу даярдык көрүп жатат.
Ушул күндөрү биздин медицина кызматкерлери академигинен кенже кызматкерлерине чейин мекенчил дух менен катуу иштеп жатышат.
Мен ушундай кыйын күндөрдө дайыма тарыхый китептерге кайрылам. Кечкисин бир аз мээни эс алдырыш үчүн китеп окуп турам. Кечээ эле Энтони Бивордун «Сталинград» деген китебин окуп отургам. Анда мындай дейт: Сталинградга кирип келгенде немистин танкалары орустун бир зениттик батареясы менен согушуптур. Бир күн кечке беттешип, анан баарын талкалагандан кийин келип карашса баары жапжаш зенитчи кыздар экен. Ошондо немистин офицерлери айткан экен: «Ушундай да болобу? Биз ким менен согушканбыз?» деп. Мен муну эмнеге айтып жатам? Биздин медицина кызматкерлерибиз да COVID-19 менен согуш майданындагыдай эле алышып жатышат.
«Мени качан чакырат?» деп күтпөшүбүз керек.
Учурдан пайдаланып айтып кетейин. Мен медикмин дегендин баары, жашынан баштап карысына чейин, студентинен ардагерине чейин жапа тырмак өзүбүз эле Саламаттык сактоо министрлигине келип жазылышыбыз керек. «Мени качан чакырат?» деп күтпөшүбүз керек. Албетте, мындай апаат учурунда ар кандай адамдар болот. Дезертирлер сыяктуу качып үйдө отургандар да бар.
- Ушул тапта миңге чукул дарыгер ооруну жугузуп алды. Жети дарыгер өмүр менен кош айтышты. Мына, 5-июлда эле коронавирус дагы 32 медкызматкерден табылды. Азыр дарыгерлер алгачкы убактагыга караганда канчалык корголгон? Коргонуу каражаттары жетиштүү элеби?
- Сизди түшүнүп жатам. Коргонуу каражаттары медицина кызматкерлеринде жетиштүү эле. Бирок канчалык коргонсоң да кандайдыр бир жагдайда жугуп калып жатат. Бардык кесиптештерди этият болууга чакырып жатабыз. Ошондой болсо да илдетке илешип калган жагдайлар болуп жатат. Дагы бир жолу айтайын, коркуп отурган болбойт. Андан көрө чогуу бул оору менен күрөшөлү. Өкмөт канчалаган стационардык орундарды ачып жатат. Азыр бизге кол жетпей жатат. Айрыкча санитар жигиттер керек болуп жатат. Санитар деген сөзгө терикпеңиздер. Жумуштун ар кандай түрү болот. Адамдарды көтөрүүгө туура келип жатат. Күч-кубаттуу медиктер керек. Мен мүмкүнчүлүктөн пайлаланып бардык окуу жайларынын студенттерин, бүтүрүүчүлөрүн чакырат элем. Келгиле, жазылгыла.
- Кырдаал курчуп кеткени борборго аймактан да адистер тартыла баштады. Ошол эле учурда премьер-министр Кубатбек Боронов коронавируска байланыштуу Бишкек шаарында түзүлгөн кырдаалга башка аймактар да даяр болушу керек экенин эскертти. Сиздин пикирде, азыр аймактар даярбы?
- Менин оюмча тургундары көп аймактарда абал кооптуу болуп турат. Абалды курчуткан - албетте, өзүбүз. Элдин кайдыгерлигинен, текеберлигинен, маани бербегендиктен илдет жугузгандар көбөйүп жатат. Баарыбыз түшүнүп, салт-санаадан баш тартып турушубуз керек. Той-аштарга барбай, зарылчылык болбосо үйдөн чыкпай турсак, бизге чоң жардам болор эле.
- Оору менен күрөшүп жаткан дарыгерлердин арасында айлыгы кесилип калган учурлар жөнүндө айтылууда. Үй-бүлөсүнө жете албай, күнү-түнү жумушта уктабай иштеп жүргөн дарыгерлердин эмгеги татыктуу бааланып жатабы? Айлыгы, өкмөт убада берген кошумча акчалары канчалык реалдуу берилип жатат?
Көпчүлүк дарыгерлер айтып жаткандай, азыркы жүрүп жаткан өпкө илдети - бул пневмониянын COVID-19 инфекциясынан улам өтүшүп кеткен түрү. Ачык эле айтыш керек.
- Азыр акчаны ойлой турган мезгил эмес. Адамдар көз жуумп, бейтаптар баш көтөрө албай жатканда акчаны деле ойлогон дарыгерлер жок. Өкмөт «акча бербейбиз» деген жок. «Беребиз» деп эле жатат. Мына, жакында эле COVID-19 жугузуп алгандарга төлөнүп жатса, бүгүн эле айтышты, «пневмония болгондорго да төлөнөт» дешти. Андан сырткары, министрдин өзүнөн уктум, медиктердин айлыгына дагы 30% кошулат.
- Кыргызстанда соңку аптада өпкөсү кагынып каза болгондор кескин көбөйүп жатат. Эл арасында пневмония тууралуу сурагандар көбөйдү. Ошондо пневмония деле коронавирустун бир формасыбы? Адистер эмне деп жатышат?
- Көпчүлүк дарыгерлер айтып жаткандай, азыркы жүрүп жаткан өпкө илдети - бул вирустук пневмония. Пневмониянын COVID-19 инфекциясынан улам өтүшүп кеткен түрү. Ачык эле айтыш керек. Жашыруунун кереги жок. Бул COVID-19 козгогон эле илдет. Башка жылдары жайдын күнү пневмония болуу деген түшкө кирбеген нерсе эле да! Ошон үчүн өпкөсү кагынгандардын баарын, менин оюмча, коронавирустун оорлошуп кеткен түрү деп эле дарылай беришибиз керек. Учурда ковидби, пневмониябы, бөлбөй эле калдык. Экөөнө тең бирдей көнүл буруп, тегиз баарын дарылай беришибиз керек.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.