Анда алдыдагы президенттик шайлоону акыйкат, калыс өткөрүүгө умтулуу, туура чечим кабыл алуу, элдин ишенимин актоого чакырык ташталган.
"Эгер БШК шайлоого саналуу күн калганда президенттикке талапкерлердин бирин жарыштан четтетсе, шайлоо шайлоого окшобой калат. Бүгүнкү күндө башкы эки талапкердин бирин шайлоодон четтетүү чечими ага кандай себеп болбосун коомчулукта атайын бут тосуу, адилетсиздик катары кабыл алынат. Биз мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылабыз", - деп жазылган.
Боршайкомдун кайрылууга кол койгон төрт мүчөсүнүн бири, БШК төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берди.
"Азаттык": Сиздердин кайрылууңуздарда бүгүнкү күндө башкы эки талапкердин бирин шайлоодон четтетүү аракети тууралуу жазылыптыр. Бул жерде ким тууралуу кеп козголуп жатат?
Борбордук шайлоо комиссиясынын көпчүлүк мүчөлөрү мыйзам бузууну көрбөйт. Экинчиси боюнча тескерисинче, жок жерден “жумурткадан кыр издеп”, эскертүү берип башкача чечим кабыл алууда.
Атыр Абдрахматова: Биз кайрылууда эки башкы талапкер тууралуу сөз кылган эмеспиз. Негизи эле кайсы бир талапкерди шайлоодон четтетүү кайрадан башаламандык жана түшүнбөстүккө алып келиши мүмкүн деп жатабыз. Анткени, биз көрүп атабыз, көп талапкерлердин үстүнөн арыз-даттануулар түшкөн жок. Эки талапкерге байланышкан арыздар көбүрөөк болуп жатат.
Алардын бири боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын көпчүлүк мүчөлөрү мыйзам бузууну көрбөйт. Экинчиси боюнча тескерисинче, жок жерден “жумурткадан кыр издеп”, эскертүү берип башкача чечим кабыл алууда. Ошол себептен биз кош стандарттуулукту жокко чыгарып, мыйзам чегинде баарына бирдей шарт түзүлүшү керек дейбиз. Бир талапкердин мыйзам бузууларын көзгө илбей, бирок башка талапкерди саясий жарыштан четтете турган болсо анда шайлоого элдин ишеними жоголот.
“Азаттык”: Сөз азыркы кезде атаандаштык кызуу жүрүп жаткан эки талапкер – Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов жөнүндө жүрүп жатабы?
Атыр Абдрахматова: Эми ошол эки талапкердин үстүнөн БШКга арыз-даттануу көбүрөөк түшүп жатат. Кээлери бир эле көчүрмөдөн алынып, бир эле адам айтып берип, ар кайсы кол менен жазылып, ар кайсы кол тамгалар коюлганы көрүнүп турат. Ошолордун негизинде бир талапкерге катуу чара көрүлүп атат. Экинчиси тууралуу коомдук уюмдардын байкоочулары, жалпыга маалымдоо каражаттары, журналисттер көптөгөн мыйзам бузуулар, мүчүлүштүктөр тууралуу айтса, ал жактан эч кандай мыйзам бузуу жок деген чечим чыгып атпайбы.
“Азаттык”: БШКнын жумушчу топторунда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Ош шаарынын Он-Адыр конушунда сүйлөгөн сөзү боюнча арыздар каралууда. Бабанов буга чейин эки ирет эскертүү алган. Үчүнчү жолу эскертүү берилгенде шайлоодон четтетилет, каттоодон алынат деген кептер тарап жатат. Мыйзамда үчүнчү эскертүүдөн кийин кандай жаза каралган?
Атыр Абдрахматова: Борбордук шайлоо комиссиясынын Бабановго берген экинчи эскертүүсү күчүнө кире элек. Талапкердин өкүлдөрү, юристтери да мунун үстүнөн арыз менен сотко кайрылган. Жогорку Сот чекит коймойунча биздин эскертүү күчүнө кирбейт десек болот. Анткени, сот БШКнын эскертүү тууралуу чечимин жокко чыгарып коюшу мүмкүн.
Ал эми Он-Адыр боюнча түшүнө турган нерсе бар, БШК өзүнүн функция, мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинен чыкпашы керек. Мыйзамда деле көрсөтүлгөн, кастыкка үндөө же болбосо кайсы бир тараптын аброюна шек келтирген сөздөр барбы-жокпу, аны укук коргоо органдары иликтеп, тыянак чыгарууга тийиш. Кылмыш иши козголуп, соттун чечими күчүнө кирмейинче, БШК бул сөз боюнча эч кандай чечим чыгара албайт. Талапкердин штабы анын монтаждалган, атайын бурмаланган деп айтып атат. Алар да БШКга арыз менен кайрылган. Эгерде соттун чечими жок чечим кабыл алынып, БШКнын көпчүлүк мүчөлөрү талапкерди четтетүүгө бара турган болсо, ал саясий буйрукту аткаруу болуп калат.
“Азаттык”: Үчүнчү жолу эскертүү алса, Бабанов каттоодон алынышы мүмкүнбү?
Тилекке каршы, азыр бир гана талапкерге коркунуч жок. Калган он бирин четтетип коюуга мүмкүнчүлүк бар.
Атыр Абдрахматова: Мыйзамда бир нече ирет эскертүү алгандан кийин четтетилет деп жазылган. Канча жолу эскертүү берилиши керектиги так жазылган эмес.
“Азаттык”: Демек, азыр талапкер жарыштан четтетилиши мүмкүн деген кооптонуу бар?
Атыр Абдрахматова: Тилекке каршы, азыр бир гана талапкерге коркунуч жок. Калган он бирин четтетип коюуга мүмкүнчүлүк бар.
“Азаттык”: Эгер бул талапкер көпчүлүк добуш менен шайлоо жарышынан чыгып калса, БШКнын кайрылуу жолдогон төрт мүчөсүнүн кадамы кандай болот?
Атыр Абдрахматова: Ошол себептүү биз кечээ атайын кайрылуу менен чыктык да. Он-Адырдагы окуя, андан мурдагы Оштогу үгүт жолугушуусу боюнча бир талапкерди колго-бутка чаап, арыздар көп түшүп атат. Бир талапкерди актап, башкасын жамандап, четтеткенге аракет болуп жатканын көргөнүбүз үчүн “талапкерлердин баарын шайлоо күнүнө чейин жеткирели, ким президент болорун эл өзү тандасын” деп кайрылып атабыз.