Бишкекте 6-октябрда өткөн жыйында негизинен бул системанын коопсуздугу, шайлоочулар тизмеси, административдик ресурс, №2 форма менен добуш берүүнү каалагандарга байланыштуу маселелер көтөрүлдү.
Борбордук шайлоо комиссиясы техникалык жабдуулардын баары добуш берүү күнүнө даяр экенин билдирип, жыйында отургандарды иштөө системасы менен тааныштырды. Бирок айрым адамдарда добуштарды санап, эсептеген система боюнча суроо жаралды. Маселен, "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын мүчөсү, "Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов добуштардын бурмаланышына жол ачкан жагдайлар бар экенин айтты:
- Көп эле адамдар добуш берүү күнүндө кошумча тизме болот, жарандардын паспорттогу маалыматтары чогултулат, алар добуш берүүгө кошулат, добуштарды бурмалоо болот деп айтып жатышат. Эгерде борбордук серверге бюллетендер тууралуу маалымат биринчи эмес, ошол ар бир шайлоо тилкесиндеги автоматтык саноочу үкөктөргө канча бюллетень салынганы тууралуу маалыматтар келип түшө турган болсо, биз кайсы шайлоо тилкесине канча адам келгенин, канча чек алынганын билип турмакпыз. Бюллетендер тууралуу маалыматтарды кийин деле биле алмакпыз. Мына ушундай болгондо гана тизмелерге байланыштуу добуштарды бурмалоо болмок эмес. Эгер силер мындай кыла албасаңар мынча акчаны анда эмнеге короттуңар? Өткөн шайлоолордо ушундай ыкма болгон жана №2 форманы ушул үчүн толтурушкан.
Биометрика 800 миң кишинин жолун тосту
Биометрика 800 миң кишинин жолун тосту
Соңку маалымат боюнча, ушул тушта №2 форма менен добуш берүү үчүн арыз жазгандардын саны 316 миңден, ал эми №3 форманы толтургандар 28 миңден ашты. Шайлоого жооптуу аткаминерлер добуш берүү дарегин алмаштыруу ар бир жарандын өз эрки экенин, бул бурмалоого негиз болбой турганын айтышты.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоевдун билдиришинче, тизме тактоого байланыштуу мыйзам бузуу болгон жок:
- Ал жерде көзөмөлсүз же мыйзамсыз эч кандай көрүнүштөр болгон жок жана катталган жок. Ошондуктан биз №2 форма боюнча арыз жазгандардын көбөйүшүнө баа берүүдөн алыспыз. Бардыгы мыйзам чегинде болду. №2 форма толтуртуу, ал боюнча атайын иш-чараларды жүргүзүү боюнча бир дагы мамлекеттик кызматка тапшырма берген эмеспиз. Андай маалыматтар ачык, ар бир шайлоо тилкесине барса №2, №3 форма боюнча маалыматтар ачык көрсөтүлөт. Мунун баары ачык-айкындуулукту камсыздоо максатында жасалган.
Борбордук шайлоо комиссиянын маалыматы боюнча үгүт маалында шайлоого байланыштуу 50гө жакын арыз түшкөн. Анын ону административдик ресурстун колдонулушуна байланыштуу болгон. Мекеменин жетекчиси Нуржан Шайлдабекова бул арыздардын бирөө гана канааттандырылганын ырастады:
- Таза шайлоо ар бирибизден көз каранды деген ураан менен иштеп жатабыз. Эгер ошондой учурлар болсо далилдерди чогултуп же негиздеп туруп бизге арыз жазып кайрылса карап чыгабыз. Биз деле жарандарыбыздын эркине таасир эте турган аракеттерге каршыбыз. Анткени биздин шайлоолор эркин өтүшү керек. Ар бир жараныбызда эркин тандоо болушу керек.
"Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын мүчөсү, коомдук ишмер Эмил Каптагаев бийлик өкүлдөрүнүн мурунку бийликтин тушундагы административдик ресурстун азыркыга салыштырылып жатканын сынга алды. Анын баамында, бул жолу аткаминерлердин шайлоого кийлигишүүсү болуп көрбөгөндөй чекке жетти:
- Административдик ресурс колдонулуп жатканын ошол министрлер, өкмөт өкүлдөрү, аткаминерлердин баары, мугалимдер билет, бирок ошону билип туруп жасап жатышат. Бул саясаттын эки жүздүүлүгүн эле ашкерелеп, андан ары дааналап көрсөттү. Анан экинчи жактан айтып жатышат, мына Бакиевдин заманындагы шайлоого караганда азыр жыргал эле болуп калды деп. Бул жерде кеп салыштырылбай турган нерсени салыштырып жатканында болуп жатпайбы. Ошол Бакиевдин заманындагы шайлоого, зулумдук, карөзгөйлүккө нааразы болгон эл көтөрүлүп, жүздөн ашык балабыз кырылып калды да. Мына, ушуну салыштыруунун өзү туура эмес.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт жана ага 12 талапкер ат салышып жатат. Эгер Борбордук шайлоо комиссия Бакыт Төрөбаевдин аны жарыштан четтетүү тууралуу арызын канааттандырса анда бул сан бир талапкерге кыскарат.