Кыргызстандагы жарандык коомдун өкүлдөрү да шайлоодо жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн басмырлоо көнүмүшкө айланып баратат деп коңгуроо какты.
Президенттик шайлоого 325 байкоочусу көз салган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрү кээ бир шайлоо тилкелериндеги добуш берүүгө күч органдары менен элдик кошуундардын кийлигишкенин өз баяндамасына камтыды.
ЕККУнун Адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулар миссиясынын башчысы Александр Кельчевский, шайлоону чагылдырууга аракет кылган журналисттердин коркутууга кабылганы кооптонууга негиз болду деп билдирди:
- Журналисттер тууралуу айтсак, аларга айрым шайлоо тилкесине кирип, добуш берүүнү чагылдырууда тоскоолдуктар болду. Ошол эле учурда кээ бир ЖМКлар үгүт учурунда бейтарап маалымат берүүдөн алыс болушту.
БШК: арызданууларды карайбыз
Шайлоо алдында жана добуш берүү учурунда ЖМКлардын иштешине мыйзам чегинде эч кандай тоскоолдук болбосуна ишендирген БШК азыр кайрылууларды иликтеп жатканын кабарлоодо. БШК төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова ар бир арызга жооп болот деп ишендирип өттү.
- Биз азыр канча арыз түшкөнүн карап, кайрылуулардын бардыгын чогултуп жатабыз. Негизинен журналисттер каалаган добушканага кирип, тартууга укуктуу. Аларга эч ким жолтоо болбошу керек. Журналисттер добушканага кирип барууга атайын аккредитациянын да кереги жок. Бул мыйзамсыз көрүнүштөргө сөзсүз баа беребиз.
Эл аралык байкоочулардын жана жергиликтүү укук коргоочулардын коңгуроо кагуусуна шайлоо күнү Ош шаарындагы добушканада бир нече журналисттин коркутууга, басымга, атүгүл токмоктоого кабылганы себеп болду.
Жеңилүү ызасын тарткан талапкерлер
Жеңилүү ызасын тарткан талапкерлер
"Акипресс" сайтынын Ош шаарындагы кабарчысы Азамат Абсатаров маалымдагандай, ал күнү чымыр денелүү балдар жагдайды түшүндүрбөстөн видеокамерасындагы флешканы алып койгон.
- Биз эмне болгонун деле түшүнбөй калдык. Кайсы спорт клубдун балдары экенин билбей да калдык. Менин желкемен бир баласы кармап, коркутуп туруп алды. Операторуман флешканы алып коюптур. Эми бизди, журналисттерди ушинтип коркутуп жаткандан кийин жөнөкөй шайлоочуларды мындан да катуу коркутушат да. Бул деген административдик ресурстан да катуу болуп жатат.
Ошондой эле президенттик шайлоо күнү добуш берүү өнөктүгүн түз чагылдырып жаткан “Азаттыктын” журналисттерин да чоочун эле адамдар омуроолошкон. Айрым добушканалардын ичинде видеого тартууга уруксат берилген эмес.
ЕККУнун байкоочулар миссиясынын пикиринде, ЖМКларга бийлик тарабынан да басым болду жана ал шайлоого чейин эле башталган. Ал эми эки негизги мамлекеттик канал бир талапкерге өзгөчө артыкчылык бергенин белгилеген ЕККУ толук расмий баяндаманы эки айдын ичинде чыгара турганын билдиришүүдө.
БШКнын маалыматы боюнча 15-октябрдагы президенттик шайлоого 58 өлкөдөн жана 56 эл аралык уюмдан келген, баш-аягы 771 эл аралык байкоочу көз салды. Андан сырткары 11 өлкөнүн маалымат каражаттары Кыргызстандагы шайлоону чагылдырды.