10:58
25.11.2012
Кыргызстанда бүгүн 25 шаардык, 416 айылдык кеңешке шайлоо өтүүдө.Бул аймактардын баарында эртең мененки сегизден тарта добушканалар ачылды. Бул жолу мурдагы шайлоолордон айырмаланып, Бишкек шаар кеңеши үчүн шайлоого жалаң партиялар катышууда. Ордо калаанын парламенти үчүн 23 партия ат салышууда. Калган жергиликтүү кеңештерге шайлоого партиялардан сырткары шайлоочулар тобу жана өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер да катышууда.
Жалпысынан бул шайлоого 23 437 талапкер ат салышууда. Добуш берүүгө жергиликтүү байкоочулардан сырткары 17 эл аралык байкоочу көз салып жатат.
"Республика" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов бүгүн эртең менен Чүйдүн Аламүдүн районундагы Чокморов айылында добуш берип, алдын ала добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар болгонун айтты. ("Азаттыктын" кабарчысы Жанарбек Жолдошбаевдин тасмасы)

11:06
25.11.2012
Жалал-Абадда 75 жергиликтүү кеңешке шайлоо жүрүүдө azattyk.org/archive/ky-new… #shailoo2012
— Aida Kasymalieva (@a_kasymalieva) ноября 25, 2012
11:07
25.11.2012
Ош облусу боюнча 5441 орунга 1639 талапкер ат салышууда.
— Sanjar Eraliev (@sanjarbeke) ноября 25, 2012
11:21
25.11.2012
Айрым участколордо белги коюу процедурасы жүргүзүлбөстөн добуш берүүгө жол берилүүдө kyrgyztoday.kg/kg/koom/item/1…
— begaly (@nargozuev) ноября 25, 2012