Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

"Улут абийири" наамы Уланбекке берилди


Уланбек Эгизбаев.
Уланбек Эгизбаев.

"Азаттыктын" журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевге "Улут абийири" наамы ыйгарылды.

Наамды ыйгаруу Бишкектеги Кино үйүндө өттү. Бул сыйлыкты Интеллектуалдар альянсынын "Чеч-Дөбө" кеңеши негиздеген. Уланбек Эгизбаевге ыйгарылган сыйлыктын статуэткасы, акчалай сыйлыгы жана диплому маркумдун жакындарына тапшырылды.

Бул сыйлык 2017-жылы негизделип, алгач ирет журналист Нарын Айыпка берилген.

"Чеч-Дөбө" кеңешинин интеллектуалдар альянсынын 19 мүчөсү бар. Арасына коомдук ишмерлер, саясат таануучулар, публицисттер жана башка тармактын өкүлдөрү кирген.

Уланбек Эгизбаевге ыйгарылган "Улут абийири" сыйлыгы анын энесине тапшырылган учур. 18-октябрь, 2018-жыл.
Уланбек Эгизбаевге ыйгарылган "Улут абийири" сыйлыгы анын энесине тапшырылган учур. 18-октябрь, 2018-жыл.

Буга чейин Уланбек Эгизбаевге көз жумгандан кийин "Эрдик" медалы ыйгарылган. Аны президент Сооронбай Жээнбеков 1-октябрда ата-энеси Жыпаркүл Сариева менен Токтосун Калиевге тапшырган.

"Сиздер татыктуу уулду тарбиялагансыздар. Уланбек - бүт кыргыз элинин уулу. Мага да Уланбектин өлүмүнөн кийин сиздер менен жолугушуу оор болуп турат. Ата катары сиздердин кайгыңыздарды жакшы түшүнөм. Уланбек уулубуз коррупцияга каршы күрөштө мамлекеттик саясатты жигердүү колдогон, - деген президент Сооронбай Жээнбеков Уланбек Эгизбаевдин журналисттик иликтөөлөрү менен жакшы тааныш экенин жана алар өзгөчө көңүл бурууну талап кылаарын кошумчалаган.

Уланбек улуттун абийирине айланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:52 0:00

"Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө олуттуу колдоо көрсөткөнү, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө кошкон орчундуу салымы жана жигердүү жарандык позициясы үчүн «Азаттык Медиа» мекемесинин журналисти Эгизбаев Уланбек Токтосунович (каза болгондон кийин) "Эрдик" медалы менен сыйланганы" тууралуу расмий маалымат 30-августта жарыяланган.

Курч иликтөөлөрү менен эфирге чыккан журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Ички иштер министрлиги Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган.

Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган.

2012-жылы "Агым" гезитинде кабарчы болуп иштеген.

"Азаттык" радиосунда 2013-жылдан тарта иштей баштаган. Бирок студент кезинен тарта биздин сынактарга катышып, интернет сайтыбызга кызыктуу пикирлерин жарыялап келген.

"Азаттыктын" 2011-жылы Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына байланыштуу мыкты ой толгоолор үчүн жарыялаган сынагында жалаң "К" тамгасынан түзүлгөн "Келечек колубузда..." баяны менен баш байгени утуп алган.

Уланбек Эгизбаев соңку эки айда Тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын (иликтөөнүн аталышы: "Саясатташкан мумия"), Бишкекте жана анын тегерегинде өрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин (иликтөөнүн аталышы: "Көрүстөндөгү коррупция") иликтеген. Анда Эгизбаев кабырлар кызылдай акчага сатыларын, көрлөр тирүү адамдарга да алдын-ала сатылып кеткенин айтып чыккан.

Уланбек Эгизбаев 2017-жылы Дача конушундагы учак кырсыгын терең иликтеп чыккан бирден бир журналист болгон. Ал урандылар арасынан табышмактуу документти таап чыккан эле (иликтөөнүн аталышы: "Кандуу жүк кимдики?").

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG