Борбор Азиядагы ири базарлардын бири болгон Дордойдо учурда “өлүк сезон” өз өкүмүн сүрүүдө. Соодагерлердин айтымында, январдан тарта жазга чейин соода-сатыктын көлөмү кыйла азаят. Сооданын азаяшы сатуучуларга гана эмес, араба түрткөндөргө чейин терс таасирин тийгизүүдө.