"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: ЮСАИДдин Баткендеги координатору Нурболот Мадымаров, жеке ишкер Мирзалим Асранкулов жана Жогорку Кеңештин депутаты, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин төрагасынын орун басары, “Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Улукбек Кочкоров катышты.
“Азаттык”: Баткенде жылына 30-40 миң тонна өрүк кургатылат, анын дээрлик 90% Тажикстан аркылуу чет мамлекеттердин базарларында Тажикстандыкы деп сатылып жатышына негизги себеп эмнеде?
Мадымаров: Баткенге инвестиция салып, облусту өнүктүрүү жөнүндө мамлекеттен эч кандай саясат жүргүзүлгөн эмес. Биз өзүбүздүн программа боюнча иликтеп көргөнүбүздө Баткенде өстүрүлгөн өрүк менен күрүчтү тажик жарандары сатып алып, өздөрүнүн атынан Орусиянын базарларына сатып атат.
Биздин чек арадан өрүк да, күрүч да каптар менен ташылып чыгып кетип атат, анткени чек арада да, бажыда да Баткенден өрүк менен күрүчтүн канча чыгып жатканы тууралуу маалымат жок, андан эч кандай төлөм алынбайт экен. Анткени өлкөлөр аралык келишим бар, дыйкандар өздөрү өндүргөн товарын кенен сата алат деген. Эгер өрүк менен күрүчтү талаптарга ылайыктап кутуга салып, Кыргызстанда өстүрүлгөнүн жазып сата турган болсо, анда бажыдан да сыртка экспорттолгон товар катары атайын төлөмдөр аркылуу чыгарылмак.
Кочкоров: -Союз учурунда өрүктү Баткенден чыккан ишкерлер Орусиянын тээ Сибир тарабына чейин сатып келген. Союз таркагандан кийин, темир жол маселеси чыкты да, өрүк менен күрүчтү Казакстан менен Орусияга автоунаа менен ташуу өтө кымбатка түшүп калды.
Ал эми тажикстандык ишкерлер Баткенге 20 чакырым турган Исфара облусу аркылуу темир жолго жүктөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондуктан, алар ошондон пайдаланып, базарды ээлеп кетишти. Мына, Таластын төө буурчагы боюнча, Баткендин өрүгү боюнча маселе көтөрүп, буларды Түркияныкы же Тажикстандыкы эмес, Кыргызстандыкы деп сатууга жетишүү керек.
Мен муну өкмөт башчынын атына, Тышкы иштер министрлигинин тиешелүү өкүлдөрүнө кат аркылуу да кайрылгам. Бирок мага Тышкы иштер министрлигинен “Беларус, Орусия, Украинага картошка кереги жок экен” деген жооп келди. Мына биздин чиновниктердин мамилеси.
Асранкулов: Кадамжайда айтылуу Ак-Турпактын күрүчү өсөт. Мен эки жылдан бери атайын цех ачып, ал жерде күрүчтү сорттоп, анан 800 граммдык кутуга салып, Бишкектеги базарларга алып чыга баштадык. Эл бир аз биле баштады.
Былтыртан бери өрүк кургатуучу цех курдук. Бирок жергиликтүү бийликтен бирөө басып келип, “цех ачыптырсың, кантип атасың, кандай жардам керек” деп коюуга жарабады. Өзүбүз менен өзүбүз болуп, өз киндигибизди өзүбүз кесип келе жатабыз. Тескерисинче бизге эл аралык уюмдар жардам берип атышат.
Бир нерсени баса белгилеп коеюн, биздин өрүк менен күрүчтүн баасын тажикстандык соодагерлер койот, себеби алар дүңүнөн сатып албаса, өзүбүздүн базарларда баа түшүп кетет. Мен өткөн жылы Москвада иштеген жигиттер аркылуу 5 тонна күрүчтү Москвага жибергем, бирок чек арада, бажыда ар кандай маселелер чыгып, ал өзүн актабады. Ошондуктан бул жерде мамлекеттик колдоо зарыл болуп турат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз: