Өткөн айда Жоомарт Отобаев Кумтөр маселесин “Центерранын” деректирлер кеңешин өзгөртүү жолу менен чечүүнү, Кыргызстандын атынан чет өлкөлүк жети жаранды директорлор кеңешине киргизүүнү сунуштаган болчу. Бул сунуш талкууланып жаткан чакта Оторбаев өз эрки менен премьер-министрлик кызматтан кеткен.
“Центерранын” деректирлер кеңешинин өзгөрүүсүз калышы боюнча кыргыз өкмөтү үн ката элек.
Оторбаевдин ишке ашпай калган сунушу
Кыргызстандын жаңы премьер-министр Темир Сариев Кумтөр маселесин чечүү жолдорун сунуштай элек. Сариев министр болуп турганда ошол кездеги өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин Кумтөр боюнча сунушун ачык колдогон да, четке каккан да эмес эле. Премьерликке шайланып жатканда Кумтөр маселеси өтө саясатташып кеткенин, аны экономикалык нукка буруу керектигин гана айткан.
Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Сариевден айырмаланып, Оторбаевдин “Центерранын” башкаруу системасына аралашуу, деректирлер кеңешинин курамын өзгөртүү боюнча сунушун ачык колдоп чыккан болчу. Анын пикиринде, кыргыз тарап Кумтөр боюнча Канадага дагы бир жолу уттурду:
- Кумтөр маселесиндеги Аткинсон менен Кыргызстандын күрөшүндө Аткинсон дагы бир жолу утуп кетти. Кумтөр долбоорунда, “Центеррада” кызыкчылыгыбызды коргош үчүн биз ынтымактуу болушубуз керек. Бардык саясий кыймылдар, уюмдар, мамлекеттик органдар бир пикирде болушубуз зарыл. Аткинсон бизди бөлүп-жарып, бардык ММКларга акча берип, алар Аткинсондун ырын ырдап, биздин прогрессивдүү күчтөрдү сындап, биздин аткаминерлер да ар кандай сөздөрдү сүйлөп отуруп, бардык сүйлөшүүлөрдө биз утулуп калдык.
"Кыргызалтын" ишканасынын мурдагы жетекчиси Токон Мамытов да Жоомарт Оторбаевдин сунушун колдогон эмес жана ал парламентте, өкмөттө талкууланып жаткан кезде кызматынан кеткен. Мамытов "Азаттыктагы" маегинде, анткени Оторбаевдин сунушу ишеним жаратпаганын белгиледи:
- Биз мурда эле бул демилгеңер ишке ашпай, уят болуп калышыбыз мүмкүн деп эскерткенбиз. Муну Лондондон келген Лорд деген адамдар “биз даярбыз, өзгөртө алабыз” деп баштабады беле. Алардын даярдыгы өткөндө Бишкекке келгенде көрүндү. Эч кандай даярдыгы жок, тойго келгенсип, “бизге маалыматтарды, материалдарды бергиле, биз таанышып, даярданабыз” деп жүрүштү. Булар бизди 200 миллион сомго 18 пайыз акция алып беребиз деп алдайлы дешкен. Алып бергилери келсе, ызы-чуу кылбай жөн эле алып бериши керек болчу.
"Унутулбаган" улутташтыруу
Ошентип Кумтөр маселеси дагы туңгуюкка кептелип калды. Дээрлик үч жылдан бери сүйлөшүлүп келаткан, үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү иштери да ара жолдо турат. Улутташтыруу демилгесине Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүккө кирген эки фракция – “Ар-намыс” менен Социал-демократтар караманча каршы болууда.
Коалициянын дагы бир мүчөсү, “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстан кошумча вариант катары улутташтыруудан баш тартпаш керектигин белгиледи. Анын баамында, өкмөт “Центерраны” ийге келтире турган жолдорду колдонушу зарыл:
- Кумтөрдүн айланасындагы экологиялык кырдаалды карап, мыйзамдарды күчөтүп, кылмыш жоопторун киргизип, сот аркылуу доо коюп, “Центерраны” сүйлөшүүгө мажбур кылыш керек. Алар өз эрки менен эч убакта сүйлөшпөйт. Аларды мажбур гана кылыш керек. Улутташтыруу болсо радикалдуу чечим катары күн тартибинде тура берет. Бул биздин Кудай берген укугубуз. Ал Конституцияда жазылган. Андан баш тартуу – утулду деген сөз. Улутташтыруу үчүн Канада тарапты экология боюнча милларддаган доолар айыпка жыгышыбыз керек.
Кумтөрдү чечүүгө бул парламент менен өкмөттүн алы келбейби?
Ал арада азыркы парламент менен өкмөттүн тушунда Кумтөр маселеси бир жаңсыл болорунан күмөн санагандар көбөйүүдө. Мурунку юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов мындай пикирин дагы бир ирет кайталады:
- Ян Аткинсон менен деректирлер кеңеши өз максатына жетти. Аткинсон 20 жылдан бери кандай саясат жүргүзүп келсе, ошонусун дагы улантат. Алар Кыргызстанга караганда күчтүү экенин дагы бир жолу көрсөтүүдө. Кумтөрдү бул өкмөт да, бул парламент да чечпейт. Анткени парламент алдыдагы шайлоого даярданат. Өкмөт болсо техникалык, убактылуу өкмөт катары бул маселеге баш-оту менен киришпейт, киришкен күндө деле жетишпейт. Ошондуктан “Кумтөргө” чекитти жаңы парламент, жаңы өкмөт коет.
Саясатчы Азимбек Бекназаровдун пикири боюнча Кумтөр маселесинин чечилбей, азыркы абалда турушуна бийлик өзү кызыкдар:
- Бакиевдер ратификациялаган келишимди жокко чыгармайынча эч кандай жаңы келишим түзүү мүмкүн эмес. Анткени ал кыргыз мыйзамдары менен бекип калган. Баштапкы абалга келгенден кийин гана сүйлөшүү мүмкүн. Бүгүнкү өкмөт - техникалык өкмөт. Реалдуу бийлик башка жакта. Ал бийлик болсо ар кандай шылтоолор менен кармап, атайылап чечпей жатат. "Силер алтынды ташый бергиле, биз болсо өкмөт менен парламенттин ортосунда ары-бери сүйрөп жүрө беребиз” деген мааниде тымызын сүйлөшүү, келишим бар. Албетте, мунун баары бекер эмес экени түшүнүктүү да. Ошол сүйлөшүү, келишим күчүндө. Ошондуктан бул бийлик эч нерсе өзгөртө албайт. Азыркы бийлик мүчөлөрүнүн көпчүлүгү кекиртегине чейин батып алган. Алтынды мурдагы караганда алда канча көп ташытып жибергени үчүн эртели-кеч булар сөзсүз жооп берет.
Кыргызстанда Кумтөр маселесинин айынан соңку үч жылда эки өкмөт башчы кызматтан кетти. Жогорку Кеңештин үч депутаты соттолуп чыкты.