Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Өмүралиев: Араб Эмираттарына эки жол менен келсе болот


Кубанычбек Өмүралиев
Кубанычбек Өмүралиев

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда кызматташууну өркүндөтүү боюнча сегиз келишимге өткөн жыл соңунда кол коюлган. Бул өлкөдө расмий эсеп боюнча 5-6 миңдин тегерегинде кыргызстандык эмгектенет.

Кыргызстандын Араб Эмираттарындагы башкы консулу Кубанычбек Өмүралиев "Азаттыкка" курган маегинде жаңы келишимдердин азыркы абалына жана кыргызстандыктар кандай жолдор менен Араб Эмираттарына барып, билим алып, ишке орношсо боло турганына токтолду.

"Азаттык": Өткөн жыл соңунда “Азаттыкка” курган маегиңизде президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына жасаган сапары маалында сегиз келишимге кол коюлат деп айттыңыз эле. Азыр ошол келишимдердин ишке ашуусу кайсы деңгээлде?

Кубанычбек Өмүралиев: Келишимдерге кол коюлганына эки айдан өтүп калды. Эми бул келишимдер парламенттен ратификациядан өтүшү керек. Тактап айтканда, азыр ар мамлекеттин өзүндө ишке киргизүү боюнча юридикалык процесстер жүрүп атат.

Кол коюлган келишимдер экономика, укук коргоо жана башка багыттардан өз үзүрүн берет деп ишенебиз. Азыртадан эле жөн-жай жарандар, инвесторлор да ушул келишимдердин кабыл алынганын уккан соң биздин өлкөгө өзгөчө көңүл бура башташты.

Жакын арада келишимдер толук күчүнө кирет. Ага чейин алдын ала даярдыктар жүрүүдө. Алдыдагы эки ай аралыгында бул жактан энергетика министри баш болгон өкмөт мүчөлөрүнөн жана жеке ишкерлерден турган чоң делегация Кыргызстанга барат.

"Азаттык": Биз билгенден Бириккен Араб Эмираттары азыркы заманбап жогорку технологияны, туризмди өнүктүргөн чөлкөмдөгү күчтүү мамлекет. Бул өлкө Кыргызстандын туризм тармагына кандай салым кошо алат? Маселен, бул жакта дүйнөлүк деңгээлдеги ири долбоорлор бар эмеспи, Кыргызстанга ошондой долбоорлорду тартса болобу?

Кубанычбек Өмүралиев: Сөзсүз. Кыргызстан үч жыл мурда Араб, Жакынкы Чыгыш, Азия, Африка өлкөлөрүнүн ичинен жалгыз Бириккен Араб Эмираттары менен түздөн түз алака-катнаш түзгөн. Бул өзү чоң көрсөткүч.

Араб Эмираттарында, коңшу Кувейт жана башка араб мамлекеттеринде жашагандардын 73% ашыгы чет элдик резиденттер. Ошолордун арасынан Кыргызстанга кызыгып, барып келгендерин саны өсүүдө. Бул өлкөдө 5-6 миңдин тегерегинде кыргызстандык, өзгөчө жаштар бар. Алардын токсон пайызы тейлөө тармагында иштейт. Анын ичинде ошол эле туристтик компанияларда, мейманкана же соода тармактарында иштегендер бар. Ошол жарандарыбыздын 5-10% бир аз убакыттан кийин кайтып барып, бул жактан топтогон тажрыйбасын Кыргызстанда пайдаланып, өлкөгө өз салымдарын кошот деп ойлойм.

"Азаттык": Кыргызстандык эмгек күчүн башка өлкөдө сапатуу деңгээлде пайдалануу жөнүндө суроо берейин деп турам. Өзүңүз билгендей, Орусиядагы экономикалык кыйынчылык ал жактагы эмгек мигранттарынын жашоосуна таасир этип атканы сезилип жатат. “Азаттыкка” көп угармандарыбыз кайрылып, Дубай шаарына, Бириккен Араб Эмираттарына же Перс булуңуна кантип мыйзамдуу түрдө барып ишке орношсо болот деп сурашат. Сиз өкүл болуп турган өлкөдө кыргызстандыктар үчүн кандай жеңилдиктер бар?

Кубанычбек Өмүралиев: Биздин жарандар бул жакка эки жол менен келсе болот. Биринчиси - интернет аркылуу эле издесе табылат. Экинчиси - Бишкекте "Араб борбору” деген компания бар, көбү ошол аркылуу келишчү. Эми Кыргызстандын баш калаасында ушундай Араб өлкөлөрүнө ишке орноштурган борбордон дагы экөө иштей баштады. Анын бири Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдында ачылган. Экинчиси - жакында эле ачылган жеке ишкана. Ушул үч борбор аркылуу бул жакка келгендердин 70-80% ишке орношуп жатышат. Келүү шарттары, келишимдер менен ошол борборлордон таанышса болот.

"Азаттык": Дубайда Кыргызстандын өкүлчүлүгүнүн ачылганына дээрлик жыйырма жыл болду. Ушул жыйырма жыл ичинде Дубайдагы чоң компаниялар менен Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги же башка министрликтери кыргызстандыктарды мыйзамдуу жол менен Араб эмираттарына ишке орноштуруу тууралуу эмгек келишимдерин түзүштү беле? Түзүлбөсө демилге көтөрүп, ушул жагын караштырып атасыңарбы?

Кубанычбек Өмүралиев: Өнүккөн өлкөлөргө көптөр ортодогу ишке орноштуруу компаниялары аркылуу барып иштешет. Бул жакта деле ошондой. Айрымдар айтылгандай эле интернет аркылуу жумуш берүүчүлөр менен түз байланышып да келишет. Консулдук же элчилик ишке орноштуруу менен алектенбейт, акысы да жок. Ошондуктан жогоруда айткан эки жол аркылуу орношсо болот. Ал эми бул жакка келген жарандардын укуктарын коргоо элчиликтин түздөн түз милдети. Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги акыркы эки жылда өкмөт аркылуу иш жүргүзүүдө.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG