Бул сапардын максаты жана Кыргызстандагы баңги зат менен күрөштүн абалы тууралуу Баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрага орун басары Тимур Мадяров кеп салат.
“Азаттык”: Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги зат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жетекчиси Юрий Федотовдун Кыргызстанга келүү максаты кандай? Баңги зататры көзөмөлдөө багытында, БУУ менен кандай кызматташтык болушу мүмкүн?
Тимур Мадяров: Юрий Федотовдун Кыргызстанга келишинин эки негизи бар. Биринчиден, былтыр август айында биздин мамлекеттик баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча кызмат кайрадан ачылып, андан кийин БУУнун 65-ассамблеясына биздин президентибиз катышып, ушу Федотов менен жолуккан. Ошол жерде баңги зат боюнча, баңги заттардын абалы боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Федотов биз жардам берүүгө даярбыз деп айткан. Баңги заттарды көзөмөлдөө кызматынын ачылышын жакшы кабыл алдык деп белгилеген. Ал эми октябрь айында биздин төрага Федотов менен Венада жолугуп, ошол жерде сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жаңы долбоорду макулдашкан. Ошо долбоорду иштеп чыгып, бүгүн ага кол коюлат.
“Азаттык”: Бул долбоор баңги заттар менен күрөшүү багытында Кыргызстанга эмне берет?
Тимур Мадяров: Ошонун негизинде бизге төрт миллиондой доллар жардам жардам берилет. Анын ичинде бизге жаңы машинелерди алып беришет, химико-криминалистикалык лабораториянын жабдыктары келет. Анан биздин кызматкерлерди ар кайсы жерге алып барып, окутуп, жаңы усулдарды, жаңы формаларды тааныштырып, тренинг өткөрүшөт.
“Азаттык”: Буга чейин ушул өңдүү жардамдар Орусиядан келе тургандыгы айтылган. Натыйжада сиздердин кызматка ар тараптан жардам көрсөтүлүп жатыптыр. Анан кызмат түзүлгөндөн бери баңги заттарды кармоо, күрөшүү багытында алгылыктуу жыйынтык болуп жатабы?
Тимур Мадяров: Сөзсүз болду. Мына былтыркы август айынан азыр апрелге чейин психотроптук каражат жасала турган 27 тонна эфедра заты алынды. Мыйзамсыз баңги заттарды айлантуу жагынан алынган. Андан тышкары 100дөн ашык килограмм гашиш кармалды. Мына Орусиядагы биздин кесиптештер менен эки эл аралык атайын операция болгон. Эл аралык кылмыш уюмдарынын жети мүчөсү кармалган.
“Азаттык”: Тимур мырза, азыркы тапта Кыргызстан Ооганстандын баңги заттарын Европага жана Орусияга өткөрүүчү негизги аймак болуп саналып жатпайбы. Айрым өкмөт мүчөлөрү буга чейин белгилешкендей, Кыргызстан аркылуу өткөн тонналаган баңги заттардын 15-20 пайызы гана колго түшөт экен. Буга эмне себеп болуп жатат? Сиздерге толук кандуу иштөөгө эмне тоскоолдук болуп жатат?
Тимур Мадяров: Азыркы учурда эч кандай тоскоолдук жок. Өкмөт тарабынан, Жогорку Кеңеш тарабынан, бизди баары колдоп жатышат. Эч кандай тоскоолдук жок. Биз мына эл аралык уюмдар менен чогуу, момундай долбоорлор менен өзүбүздүн материалдык-техникалык базаны бекитебиз. Андан кийин жанагы Ооганстандан болобу, башка жерден болобу, баңги заттарды өзүбүздүн аймагыбызда жапканга аракет кылабыз.
“Азаттык”: Мына апрель айынынын башында кыргыз-тажик чек арасында баңги зат өткөрүп бара жаткандар менен кагылышуу болду. Мындайларды болтурбай, Кыргызстандын чек аралардагы баңги заттар айланган жолдорду “тарс” деп эле жаап коюуга болбойбу?
Тимур Мадяров: Эми бул жакта көп маселелер бар да. Биринчиден, биздин мамлекеттик чек ара делимитация, демаркациядан өтүшү керек. Май айына пландап койдук, биздин жетекчилик Тажикстандын Баңги заттарды көзөмөлдөө агенттигинин жетекчилиги менен жолугат. Бул жолугушуу Ош шаарында болот. Ошо жерде чек ара райондорундагы кызматташтык, пландар сүйлөшүлөт.
Баңги жолдорун дароо эле жапканга көп жумуш жүргүзүлүшү керек. Көп чаралар көрүлүшү керек. Анткени бизден баңги заттары Орусияга кетип жатат. Андан ары Европага кетет. Буга бөгөт кою эл аралык коомчулуктун жалпы кызыкчылыгы да.
“Азаттык”: Маегиңиз үчүн рахмат.