Бул боюнча мыйзам долбоору коомдун талкуусуна коюлду. Ал арада "коррупцияга каршы күрөш, экология, экономика сыяктуу стратегиялык, орчундуу маселелер эл өкулдөрүнүн популисттик демилгелеринин көлөкөсүндө калып жатат" деп сындагандар да бар.
Жогорку Кеңештин депутаттары Экмат Байбакпаев менен Бакирдин Субанбеков калпакты герб, гимн, туу сыяктуу мамлекеттик символдорго теңөө боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты. Мыйзам долбоорунда чет өлкөлөрдөгү иш сапарларында президент, премьер-министр, спикер жана башка делегация мүчөлөрү ак калпакты чечпей кийишин милдеттендирүү жагы да каралган. Мындай милдеттенме эл аралык мелдештерге катышкан спортчуларга да тийиштүү болот.
Экмат Байбакпаевдин айтымында, мыйзамдын максаты - кыргыздын улуттук баш кийимин кастарлоо жана коргоо.
- Кыргызстандын өкмөтү, президенти болобу, депутаты болобу, чоң расмий иш-чара болгондо, чет өлкөгө чыкканда, делегаттар биз жакка келген учурда калпак кийип чыкса. Малайзияда, Индонезияда, араб мамлекеттеринде өз баш кийимдери менен чыгып эл менен учурашып, улуттук символун, тиричилигин көрсөтүп жатышпайбы. Бул жерде эң биринчи маселе - коргоо. Экинчиден, биздин атрибуттарды эл таанысын.
Күчтүү парламент демократиянын кепили
Буга чейин Бишкектин соода борборлорунун биринде өткөн иш-чарада итке калпак кийгизилгени кыргыз коомчулугунда кызуу талкууга түшкөн. Бул маселе Жогорку Кеңешке чейин жетип, айрым депутаттар иш-чаранын уюштуруучуларын жазага тартып, ак калпакты сактоого үндөшкөн. Байбакпаев сөз болуп жаткан мыйзам долбоорун иштеп чыгууга да ушул окуя себеп болгонун белгилеп жатат.
Депутаттардын бул демилгеси кызуу талкууланып, колдогондор да, сындагандар да чыкты. Улуттук идеяларды колдоп жүргөн экс-депутат Бейшенбек Абдырасаков калпакты ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү зарыл экенин айтып жатат.
- Мен жакында Казакстандын Олимпиадага катышкан спортчуларын көрүп таң калдым. Биздин чоң, Бакай калпакты кийип алышыптыр, ал эми биздин спортчулар кичине калпак кийип алыптыр. Жаман ичим күйдү, чынын айтканда. Негизи калпак казактарга караганда кыргыздардыкы да. Албетте, бул улутчулдук сезимди ойготот, каада-салт, үрп-адат, өзүбүздүн кийимибизди көтөрмөлөгөн жагынан бул жакшы.
Калпак кийген жигиттин ишине көңүл бурулса...
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков көп улуттуу Кыргызстанга бул осолураак көрүнүп каларын белгилеп жатат.
- Кыргыз экенибизди элге көрсөтүш үчүн идентификация кылып калпакты кийип жатканыбыз болбогон нерсе. Анда кыргыз кыздары элечек кийиши керек. Чапан кийип алып камчыны алып жүргөнүбүз деле жакшы. Ушуга көңүл бурбай деле койсо болот эле. Майдаланып кетишти Жогорку Кеңештин депутаттары, башка иштери жок болуп тургансып. Канча орчундуу маселелер болду, Казакстан чек араны жаап койгондо кыйын абал түзүлдү. Чукул жыйынга чогулуп ушул маселени чечкенге кудурети жеткен жок. Мөңгүнү талкалап жатканда билмексен болуп, көпчүлүк добуш беришти. Энергетика маселеси орчундуу болуп жатат. Эң негизги мыйзам - республиканын бюджет маселеси. Бир ай болобу, эки ай болобу элдик талкууга алып чыгып, комитетке салып, эл билип, ушунун тегерегинде сүйлөшкөндүн ордуна калпак жөнүндө маселени алып чыгып жатышат.
Жарандык активист Рита Карасартова чет өлкөлөрдөгү расмий иш-чараларда калпак кийип жүрүү сыймык экенин айтып, бирок бул өкмөт эле чечип койчу маселе экенин белгилеп жатат. Ал ошондой эле кийген кийимге эмес, калпак кийген жигиттердин жасаган ишине, ишиндеги тазалыгына маани берүү зарыл деп эсептейт. Рита айым учурда орчундуу болуп турган коопсуздук, экстремизм жана коррупцияга каршы күрөш маселелерине көңүл бурууга эл өкүлдөрүн чакырды.
Ал эми укук коргоочу Динара Ошурахунова Жогорку Кеңеш өзүнүн вазийпасын, күчүн сезбей жатат деген пикирде.
- Мисалы коррупция, экология, коопсуздук маселелерине көңүл буруш керек. Азыр парламент аябай майдаланып кетти. Кийим-кечек, ким кандай сүйлөш керек дегенге көбүрөөк көңүл бурушат. Мазмун, контент дегенди ойлонушпайт. Калпак кийгенде эмне өзгөрүлөт, көтөрүлүп жаткан демилге Кыргызстанга кандай пайда алып келет? Аны бийлик башындагылар кийбесе деле тааныйт, мыйзамдаштырбаса деле кийип жүрүшөт. Бизге бир айда 30 мыйзамдын кереги жок. Бир жылга беш же үч болсо дагы, абдан керектүү, бирок иштей турган мыйзам кабыл алып бергилечи!
Буга чейин депутат Айнуру Алтыбаева улуттук кийимдер күнүн белгилөө демилгесин көтөргөн. Эл өкүлү Тазабек Икрамов намаз үчүн тыныгуу убактысын узартууну сунуш кылган. Ал мыйзамдар талкууга түшүп, бирок парламентте кабыл алынган эмес.