Кокус сүйлөп жатып сөзүнөн жаңылган же бирөөлөрдүн кылган жаман иштерин билбей туруп тил тийгизип, уят кылып койгондугу үчүн эл тарабынан тарта турган айып, жазаны “ооз айыбы” деген.
Ээн ооз сүйлөгөн адамдар, жөнү жок, ыгы жок сүйлөгөндөр “ооз айыпка” жыгылып, жазаланган. “Ооз айыпка” жыгылып, жазасын тарткан ээн ооздор элге жаман көрүнүп, экинчи эл алдына чыгып жалактап сүйлөй албай калган.
Илгери эгин-тегинди же чөптү орок менен оргон. Бирок кыргыз курулай опурулуп, бүтпөгөн ишти бүткөрөм деп, калпты-чынды койгулаштыра бергенди жакшы көргөн шылуундарды “Оозу менен орок оруп жатпайбы” деген.
“Оозу менен орок оруп, тили менен машак тере тургандардын” сүрөттөрү шаарды каптай баштады дейт.
“Сөзү шилисинен чыга түштү” деген бар. Өтө катуу, ачуу айтылган, сөөктөн өтүп чучугуна жеткендей айтылган сөз. “Анын айтканы жанатан бери теңсинбей олтурган неменин шилисинен чыга түштү” дейт.
“Тилинде сөөлү бар киши эле” дейт. Айтканы айткандай келген, айткан-дегени жаза кетпеген, сүйлөгөн сөзү кудуреттүү, таасирдүү күчкө ээ болгон адамдарга берилген сыпаттама. “Акылың болсо аны жаманатты кылганыңды токтот, тилинде сөөлү бар киши, каргап салса оңбой каласың” дешкен.
Кээде бул сөз “Таңдайында сөөлү бар” деп да, “Тамагында сөөлү бар” деп да айтылган. “Манаста” “Каныкейдин таңдайында мөөрү бар, тамагында сөөлү бар” деген саптар бар.
Моюнга байланышкан көп түшүнүктөр бар. “Баары кара моюн уландар эле” дейт. Бул деген 18-20 жаштагы жаш жигиттерге айтылган.
“Кызыл моюн балдар” десе, өспүрүм курактагы балдарды айткан.
“Алар кенедейинен эле моюндаш өскөн балдар болчу” дейт. Кенедейинен эле тең өскөн, чогуу өскөн санаалаш өскөн балдар болчу дегени.
“Салака” деген сөз бар. “Салам берип ырдачы, салакаңды көрөйүн” дейт. Таасириңди, күчүңдү, талантыңды көрөйүн дегени.
“Салакасы тийип кетти” дейт кесепети тийип кетти дегенди түшүндүрөт. “Салакалуу адам болчу” десе, таасирдүү, кадырлуу адам болчу дегенди билдирет.