Илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев Саякбай тууралуу жарык көргөн эмгек жөнүндө айтып жатып, ага жоон топ окумуштуулар салым кошконун белгиледи:
- Бул чакан китеп эмес. Абдан көлөмдүү, фундаменталдуу эмгек. Көптөгөн адамдардын катышуусу менен жарык көрдү. Буга биринчи иретте биздин академиянын Тил жана адабият институтунун жамааты, башка дагы көптөгөн окумуштуулар, ЖОЖдордун окутуучулары катышты. Китеп салабаттуу, чоң эмгек болуп калды.
Бул эмгекти түзүүгө катышкандардын бири манасчы-окмуштуу Талантаалы Бакчиев китептин сапаты тууралуу мындай деди:
- Бул алгачкы саамалык. Саякбай Каралаевдин чыгармачылыгы боюнча мурда, кийин мындай иш аткарылган эмес. Ошондуктан китептин өзүндө көзгө илинген, илинбеген кемчиликтер болушу мүмкүн. Бирок Каралаевдин чыгармачылыгына байланыштуу дээрлик бардык ой-пикирлер, документтер кеңири камтылды.
Академик Аскар Какеев учурда Саякбай энциклопедиясы кайсы катмардагы окурмандар үчүн зарыл экенине токтолду:
- Бизде учурда "Манас таануу" боюнча көптөгөн окуу жайларда билим берилип жатат. Мындан сырткары “Илимдин тарыхы жана философиясы” деген кандидаттык сынак бар. Ал боюнча аспиранттар, магистрлер даярданууда. Бул энциклопедия студенттерден баштап аспиранттар менен магистранттарга табылгыс китеп болот.
Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов Саякбай Каралаевдин көркөм мурасы татыктуу баасын албай жатканын, манасчылык өнөрүн жана Манас эпосун кийинки муунга жеткирүү үчүн ал жөнүндө музей ачуу зарылдыгын айтты. Манас таануу институтунун жетекчиси Топчубек Тургуналиев жазуучу Жусуповдун сөзүн колдоп, учурунда Каралаевге “ХХ кылымдын Гомери” деген баа туура эмес берилгенин сөз кылды:
- Эми ойлосом Саякбай Каралаевдин бир эле варианты жарым миллион, тактап айтканда 553 миң сап. Ал эми “Илиада” менен “Одиссеяны” бириктирсеңиз 28 эсе аз экен. Бул жагынан алып караганда эгер Гомер азыр жашаса, анда Саякбай атанын иниси болуп калмак. Мен Каралаевди үч жагынан гений деп айтаар элем. Ал айтуучу, аткаруучу, үчүнчүсүн биздин илимпоздор жакшы айтпай жүрөт: кыргыз элинин “Эр төштүк” деген эки-үч бет жомогу бар. Саякбай аны килейген кичи эпоско айлантып койгон.
Саякбай энциклопедиясынын баш сөзүн президент Алмазбек Атамбаев жазып: “Саякбай атабыз көчмөн турмушта, согуш алааматынын катаал шартында көөнөрбөс ыйык мурасты сактап, өркүндөтүп, бизге табыштап кеткен. Жалпы адамзат маданиятынын дүйнөлүк кенчине татыктуу салым кошкон”, – деп баа берген экен.
Китептин бет ачарына келген президенттик аппараттын өкүлү Шаазаран Түмөнбаев бүгүнкүдөй чачкын идеологияга туш болгон кыргыз коому “Манас” эпосу аркылуу кайра биригет деп ишеним артылып турганын билдирди:
- XXI кылымдын башындагы ааламдашуу маалында кайра жаралуу мезгилинде эң оболу ар бир улуттун өзгөчөлүгүн, мүнөздүү касиеттерин сактап калуу маселеси актуалдуу болууда. Акыркы күндөрдө маалым болуп жаткандай дин тууралуу катуу талкуу болуп жатат. Ошондо кайрадан эле жалпы элибизге биздин мамлекет светтик эмеспи деген ой түшөт. Кыргыз мамлекетинде жүздөгөн улуттар жашагандыгына байланыштуу Кыргыз мамлекети расмий түрдө бир дагы динди негиз катары тута албайт. Кыргыз тарыхын, аң-сезимин, баалуулуктарын сактап келе жаткан – биздин манасчыларыбыз. Ошол улуу манасчыларыбыздын бири – Саякбайдын энциклопедиясынын чыгышы абдан маанилүү деп эсептейм. Саякбай атабызга арналган ар бир иш жалпы элибизге таандык,- деди Шаазаран Түмөнбаев
Энциклопедияга Саякбай Каралаевдин варианттарындагы педагогикалык көз караштар, изилдөөчүлөрдүн аты-жөнү менен өзгөчөлүктөрү, кол жазмалар фондундагы Каралаевден жазылып алынган материалдар жана башка маалыматтар чогултулган.
Академик Абдылдажан Акматалиев илимий жетекчилик кылган энциклопедияны жеке демөөрчүлөр каржылаган. Китеп 500 нускада жарык көрдү.