Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Көркөм кеңеш 2012-жылы мурдагы министр Ибрагим Жунусовдун учурунда түзүлүп, бирок ал кийинки министр Султан Раевдин буйругу менен жокко чыгарылган эле.
Аталган министрликтин 5-фералда өткөн жыйынында вице-премьер- министр Дамира Ниязалиева чыгармачыл чөйрөнүн бардык тармактарын тескөөгө алып, улуттук, салттуу, маданий-адабий баалуулуктарды өнүктүрүүгө көмөкчү боло турган таасирдүү Көркөм кеңеш болушу керектигин айтты.
- Сахнага чыккан айрым ырчылардын ырын угуп уялабыз. Музыкалык сабаты жок, жалаң гана акчанын артынан түшкөндөр көбөйүп кетти. Алар элдин көркөм табитин бузуп жатат. Биз ушул багытта ойлонуп, аларды тескей турган кандайдыр бир уюм түзүшүбүз зарыл. Кытайда коюла турган концерттердин программасын, ырдын текстин Коопсуздук кызматы карап чыгып, анан гана уруксат берет экен. Биз да ошондой ыкмаларды кабыл алсак деп ойлойм.
Дамира Ниязалиева Көркөм кеңеш түзүү муктаждыгын кесипкөй эмес артисттер сахнага чыгып, өсүп келе жаткан муундун көркөм табитин бузууда деп негиздеди. Ошол эле учурда өкмөт өкүлү Маданият министрлиги той-топурду өткөргөнүнө эле курсант болбой, коомду маданияттуулукка тарбиялаган мамлекеттик маанидеги стратегиялык пландарды иштеп чыгышы зарыл экенин айтты.
Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевдин айтымында, Ниязалиеванын маданий ишмерлерге, министрликке карата айткан сыны туура. Бирок Көркөм кеңештин иш алып баруу жол-жобосу цензуралык эмес, чыныгы өнөрдү таануу багытында болушу шарт:
- Кытайды мисал кылганы туура эмес. Ал деген цензура да. Эгер чыгармачылыктын бардык багыты боюнча тескей турган серепчилердин тобу тууралуу сөз болсо, анда башка кеп. Мурда мен Филармониянын Көркөм кеңешинде иштегем. Анда сахнага чыга турган ар бир чыгарманы электен өткөрүп турчубуз. Кемчилиги болсо оңдошор эле. Азыр ким болбосун сахнага чыгып, кыйшалаңдап жатпайбы. Мындай болбойт да. Министрликтин алдында аларды тескей труган кандайдыр бир эксперттик топ түзүлсө жакшы болмок.
Ошол эле маалда өнөр адамдары арасынан Көркөм кеңеш түзүүгө каршы чыккандар да бар. Режиссер Жаныш Кулмамбетов Союз кезинде далай таланттар болбогон шылтоолор менен Көркөм кеңештин элегинен өтпөй калганын мисал келтирди:
- Кытай деген коммунисттик мамлекет. Ал эми биз демократияны тандап алганбыз. Ушунун айырмасын билишибиз керек. Коммунисттик мамлекетте Коопсуздук кызматы көркөм дүйнөгө да аралашып турган. Демократиялык мамлекетте бул сунуш туура эмес. Биз чыгармачылык жактан эркин болушубуз керек. Баш мыйзамда ошентип жазылып турат.
Кулмамбетов муну менен катар өкмөт маданиятты көтөрүүнүн заманбап жолдорун табышы зарыл экенин кошумчалады.
Буга чейин да Маданият жана туризм министрлигинин алдында Көркөм кеңеш түзүлүп, ал комиссия ырчылардын деңгээлин текшерип, аткаруучулук чеберчиликти жогорулатууну, концерттердин сапатын жакшыртууну максат кылган. Бирок министрлердин алмашуусу менен жоюлуп кеткен.