Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштерди иликтөө башкармалыгынын башчысы Жаныбек Салиевдин кылмыштуу аракеттери тууралуу айтып чыккан Токталиев ага каршы 1996-жылы кылмыш иши ачылганын билдирүүдө. Ага ылайык, ошол кезде Кант райондук прокуратурасында иштеп турган Салиев Балыкчыда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султан Урманаевдин үйүн карактоого катышканы үчүн айыпталган:
- Салиевдин кылмыш жасаганын мурдатан эле айтып келатканбыз. 1996-жылы ошол кездеги депутат Султан Урманаевдин үйүнө ууру кирип, талап-тоноп кетишкен. Анын баласын уруп-согуп, өлтүргөнгө аракет кылышкан. Алар бир топко чейин кармалбай жүрүп, акырында кармалган учурда мына ушул каракчылыкка Жаныбек Салиев Нурлан аттуу иниси менен катышкан болуп чыгат. Ага байланыштуу кылмыш иши 146-берененин негизинде козголот. Бирок Салиев прокуратурада иштегендиктен ошол кылмыш иши жаап-жашырылып, ал жоопкерчиликке тартылбай келатат.
Акин Токталиев тараткан маалыматка караганда, Салиев баш болгон 7 киши шектелген кылмышка бир гана адам соттолуп, ал эми Жаныбек Салиевге өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, ишти 1999-жылы Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан кыскартууга жетишкен. Бирок бул кылмыш иш туура эмес токтотулганын ушул жылдын 5-октябрында Балыкчы шаардык соту аныктап, мурдагы ишти кайрадан жандандырганын адвокат билдирүүдө.
Мына ушундай оор кылмышка шектелген адамдын Башкы прокуратурадагы эң маанилүү кызматты жетектөөгө укугу жоктугун эскерткен Токталиев өлкө жетекчилеринен тезинен Салиевди кызматтан бошотууну талап кылып жатат:
- Эгер Салиевди кызматтан бошотсо, мунун артынан дагы башка көптөгөн кылмыштардын бети ачылат. Эгер андай болбосо деле, 1 айгабы, же эки айгабы убактылуу эле кызматтан четтетип турсун. Күнөөсү далилденбесе, кызматка келип, сотко берсин.
Ошол эле учурда Жаныбек Салиев үйүн тоноду делген Жогорку Кеңештин депутаты Султан Урманаев Салиевдин бул ишке катышы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.
"Каралоо жана жалаа"
Жаныбек Салиев Акин Токталиевдин дооматтарын четке кагууда. Салиевдин айтымында, чынында эле каракчылыкка катышы тууралуу кылмыш иши козголуп, бирок ал далилденбей, кыскартылган:
- 1998-жылы менин үстүмө жалган жалаанын негизинде кылмыш иши ачылган. Мен тергөөгө көрсөтмө берип, катышканд соң, менин бул ишке тиешем жоктугу далилденгенден кийин иш кыскартылган. Жада калса, бул ишти атайын жасап, мага каршы жалган күбөлөрдү тапкан милиция кызматкерлери жоопко тартылышкан.
Экинчиден, 1996-жылдан бери менин үстүмөн 5 жолу текшерүү жүрдү. Ар бир башкы прокурор келген сайын муну текшере башташат. Эгер чындыгында эле күнөөм болсо, биринде болбосо биринде ал чыгып, прокуратурага иштетмек беле? Мен бир гана нерсени айта алам: мен Кудай алдында да, мыйзам алдында да тазамын. Мындай жалган жалаалардан коркпойм. Акин Токталиев болсо, өзүнө пиар жасагысы келип, ушундай нерсени колдонуп жатса керек.
Салиев Акин Токталиевдин дооматтарын кимдир бирөөнүн шыкактоосу менен уюштурулган жалган жалаа деп билдирип жатат. Анын жүйөсүндө, муну акыркы учурда коррупцияга каршы жарыялаган күрөштүн негизинде камалган айрым чоң кызматтагы адамдар уюштурушу мүмкүн:
- Бул маселенин учурда көтөрүлүшү мен тергеп жактан иштерге байланыштуу болушу мүмкүн. Маселен, баңгизатка байланыштуу ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчиси кармалган болчу. Андан мурун Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн биринин тууганына 2010-жылдан кийин улутташтырылган мүлк боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондон кийин мага ишти жаап кой деп суранышканда, мен мыйзам жол бербей турганын айткам. Мына ушундан кийин да атайын тапшырма болуп, "Салиев ушундай эле акпы? Анын артындагыларды казгыла" деген буйрук болсо керек. Ошондуктан мурда жабылган ишти эле кайра көтөрүп жатат. Бул менин прокурордук ишмердүүлүгүмө байланыштуу деп эсептейм.
Күмөндүү суроолорго ачык жооп
Ал ортодо Салиевге байланышкан кылмыш ишти кайрадан жандандыруу тууралуу Балыкчы шаардык сотунун чечимин Башкы прокуратура мыйзамсыз деп тапканы белгилүү болду. Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Жыргал Курманбеков чечимдин кабыл алынышы тууралуу буларды билдирди:
- Кылмыш жаза кодексине ылайык, Балыкчы райондук сотунун төрагасы кылмышты жандандыруу үчүн ишти тергөөчүгө жөнөтүшү керек эле. Бирок мындай болгон эмес. Мындан улам Башкы прокуратура ушул жылдын 13-октябрында кыскартылган ишти кайра жандандыруу боюнча Балыкчы райондук сотунун судьясынын токтомун мыйзамсыз деп тапты.
Жаныбек Салиев Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү кылмыштарды иликтөө башкармалыгын өткөн жылдан бери жетектеп жатат. Бул башкармалык тарабынан учурда бир топ чуулгандуу иштер тергелүүдө. Алсак, коррупцияга шектелген Жогорку Кеңештин депутаттары Нариман Түлеев, жакында бийликти басып алууга аракет кылды деп айыпталган Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдун иши боюнча Салиев негизги айыптоочу катары чыгууда.
Мына ушундай коомчулуктун бүйүрүн кызыткан иштерди тергеп жаткан адамдын оор кылмышка шектелиши бир топ күмөндүү суроолорду жаратарын билдирген укук коргоочу Нурбек Токтакунов Салиев өз күнөөсүздүгүн коомчулук алдында ачык-айкын далилдеши керектигин билдирүүдө:
- Албетте кандай болбосун мындай айыптар Салиевдин аброюна доо кетирди. Бир топ шектенүүлөрдү жаратты. Эми мындай күмөндүү суроолорду жок кылуу үчүн Салиев коом алдында ачык-айкын текшерүүгө шарт түзүп бериши керек.
Ошол эле учурда Жаныбек Салиев кадыр-баркына шек келтирген үчүн Акин Токталиевди сотко бергенин билдирди.