Бишкекте 25-ноябрда Телтаевдин жактоочусу, туугандары, Акыйкатчы институтунун, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышкан маалымат жыйында мурунку түрмө башчыга коюлган айып негизсиз болгону, эгер ал тирүү болгондо көп жагдайдын бети ачылмактыгы айтылды. Жаза аткаруу кызматы болсо дооматты четке кагып, Телтаевдин өлүмүнүн акыйкат териштирилишине кызыкдар экенин билдирүүдө.
Телтаев көп сырды билгенби?
Бишкектеги №1 тергөө абагында өз жанын кыйды деген 50-түрмөнүн мурунку башчысы Иманкул Телтаевдин өлүмү боюнча кылмыш ишти азыр Атайын прокуратура тергеп жатат.
Телтаевдин адвокаты Улан Жумаковдун бышыкташынча, маркумду “кызматына шалаакылык кылган” деп айыптоо негизсиз болгон. Анткени ал түрмө башчы болуп турганда кооптуу жагдай тууралуу Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигине бир канча жолу кайрылган:
- Телтаев өзүнүн каттарында 50-абакта өмүр бою кесилгендерди кайтаруу үчүн өздүк курам жетишсиз экенин, видеокөзөмөл, телефондорду бууй турган жабдуулар иштебегенин, абак өмүр бою кесилгендерди кармап турууга ыңгайлуу эместигин көрсөткөн. Бирок буга карабай Жаза аткаруу кызматы ал каттар боюнча чара көргөн эмес, бардык эрежелерди бузуп, өмүр бою кесилгендерди ошол түрмөгө жөнөтө берген.
Тергөө абагында жаткан Телтаев өткөн аптада муунуп өлгөнү айтылган. Азырынча экспертизанын корутундусу чыга элек. Анын бир тууган агасы Камчыбек Абелдиев өз жанын кыйды дегенге негиз да, далил да жоктунун айтууда:
- Салмагы 90 килограмм болчу. Эгер асынып өлгөндө тилдин астындагы сөөк сынып кетиши керек эле дешти. Ошол жерден эксперт ал сөөк бүтүн экенин баарына көрсөттү. Асынып өлгөндө көгала болчу жерлерге да так түшкөн эмес экен.
Көз карандысыз эксперт Кайрат Осмоналиевдин пикиринде, кызматына шалаакылык кылган деген айып менен Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигине кылмыш иши козголуп, иштен алынышы керек. Ал дагы Телтаевдин өз жанын кыйганынан күмөн санап жатат:
- Телтаев мырза көп сырды ачышы мүмкүн эле. Ошол 50-абактын башчысы катары түрмөдө болгон кандуу окуялар тууралуу андан башка эч ким жакшы билбейт да. Эгер ал тирүү болгондо ишине шалаакылык кылган деген айып да далилденмек эмес. Жаза аткаруу кызматы ал өлгөндө мында асынып өлдү, өз жанын өзү кыйды деп дароо эле маалымдап жиберди. Ошентип бүтүм чыгаргыдай силер кимсиңер? Кыргызстанда абактар бардык жарандар үчүн өтө опурталдуу жай болгон жана ошол эле бойдон калды.
"Атайын прокуратурага ишенбейбиз"
Жаза аткаруу кызматындагы өздүк коопсуздук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ишенбек Мусаев Телтаевдин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына эмес, №1 түрмөгө камалышын сынга алды:
- Ал өзү мурун түрмө башчы болсо, анан өзү камалганда 1-абактан аны кайтарууга жок дегенде бир адамды коюшу керек эле. Анан мурда эле өз жанын өзү кыймак болгону байкалган деп маалымдап жатышат. Ошондо эле анын жанына күзөтчү коюшпайт беле.
Азыр Иманкул Телтаевдин жакындары анын өлүмү боюнча кылмыш иштин акыйкат тергелишинен күмөн санап жатат. Акыйкатчы институтунун бөлүм башчысы Камалдин Жапаров да ишти Атайын прокуратура эмес, Башкы прокуратура тергеши керек деп эсептейт:
- Иманкул Телтаевдин баш коргоо чарасын караганда эмнеге 1-абакка камалсын деп чечим чыгарылганы түшүнүксүз. Ал ошол жерде иштесе, кылмышкерлерди кайтарып отурган болсо, бирок ошол абакка өзүн кайра отургузуп койсо бул атайлап жасалган иштей болуп жатат. Анын өлүмү боюнча кылмыш иш Башкы прокуратурага берилиши керек. Себеби Жаза аткаруу кызматы менен атайын прокуратура биригип алган, бир акырдан жем жейт десе болот.
Түрмөлөрдөгү соңку окуялар боюнча Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Алик Мамыркулов жана анын орун басарлары эмдигиче ачык үн ката элек. Аталган кызматтын өздүк коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Элбурс Токтомамбетов 50-абакка байланыштуу кандуу окуялардын жана Телтаевдин өлүмүнүн акыйкат тергелишине аталган кызмат кызыкдар экенине ишендирип жатат:
- Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги, өздүк курам ушул иш акыйкат тергелип баары ачыкка чыкса экен деп күтүп отурабыз. Ооба, көп жагдайлар, кемчиликтер бар, жок деп айта албайбыз. Жетекчилик деле эки колун жайып отурган жок, ошол кемчиликтерди жоюу боюнча иштеп жаткан. Азыр өзүбүздө да ички иликтөө жүрүп жатат. Биз топтогон материалдын баарын тергөө органдарына беребиз.
Эмнеси болсо да түрмөлөрдөгү соңку чуулуу окуялар Жаза аткаруу кызматындагы буга чейин белгилүү-белгисиз болуп келген бир катар маселелерди ачыкка чыгарды. 24-ноябрда өкмөттүн алдындагы Коопсуздук кеңеши түрмөлөрдөгү абал тууралуу жыйынга чогулду. Анда Жаза аткаруу кызматынын ишине баа берилиши керек жана аныкталган кемчиликтер боюнча чукул чара көрүлүшү зарыл деген гана бүтүм чыкты.