Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:10

Айдоочуну кан жолдо күткөн коркунуч


Иллюстрация
Иллюстрация

Литванын Каунас-Клайпед жолунда баратып, бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык айдоочу Николай Хлебаев киши колдуу болгону аныкталды.

Литванын полициясы 64 жаштагы кыргызстандык айдоочунун өлүмү боюнча тергөө иштерин баштады.

Бул окуя эл аралык багыттарга – Кытайдан Европага чейин жүк ташыган айдоочулардын коопсуздугу боюнча маселени козгоду.

Кыргызстандык айдоочу, 64 жаштагы Николай Хлебаев киши колдуу болгонун Литванын полициясы 3-декабрда аныктаган.

- Бул боюнча биздин Беларустагы элчилигибиз тактоо иштерин жүргүздү. Каунас округунун полициясынын башкы комиссары биздин жараныбыз күч колдонуудан улам каза болгонун билдирген, - деди Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева.

Мигрант өмүрү кылдын учунда...

Мигранттын өмүрү кылдын учунда...

15-февралда Анарбек Жукушев аттуу 31 жаштагы жигит бычак жеп каза тапкан. Боорунан алган жарааттан улам ал ооруканага жетпей эле үзүлүп кеткен.

28-ноябрдан бери дайынсыз кабарын билдирбей жаткан Николай Хлебаевди жакындарынын өтүнүчү менен Литванын полициясы 1-декабрдан тартып издей баштаган.

Литванын жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазышынча, кыргызстандык айдоочунун автоунаасын полиция кызматкерлери 3-декабрда кечке маал Каунас округуна караштуу Кедайн районундагы Йосвайняй деп аталган машинелер токтогон жайдан табышкан. Тартип сакчылары машиненин айнегин сындырып ачканда көкүрөгүндө жарааты бар айдоочунун өлүгүн табышкан.

Кыргызстандын Литвада элчилиги жана консулдугу жок болгондуктан окуяны Беларустагы элчилик көзөмөлдөп жатат. Кыргызстандын Беларустагы консулу Бакыт Урманбетов буларды маалымдады:

- Каунас полициясынын маалыматына ылайык, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Окуя боюнча азырынча кенен маалымат бербей жатышат. Сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү боюнча маселе да чечилүүдө. Бул кишинин жакын туугандары азыр Кыргызстанда. Литвада Орусиянын жараны болгон алысыраак туугандары бар экен, ошолор документтерин бүткөрүп жүрөт.

Николай Хлебаев көк түстөгү "Mercedes-Benz Arctic" (катталган номуру S 5777 J) үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны айдап жүргөн.

Николай Хлебаев жана анын автоунаасы.
Николай Хлебаев жана анын автоунаасы.

Кыргызстандык 64 жаштагы айдоочунун кайгылуу окуясы Кытайдан Европага чейин жүк ташыган кыргызстандык айдоочулардын коопсуздугу боюнча маселени козгоду.

Эл аралык багыттарга жүк ташыган Орунбай Козубаев айдоочулар өздөрүнүн коопсуздугу үчүн бири-бирине ыкчам маалыматтарды жиберип, жаңы навигациялык технологияларды колдоно баштаганын белгиледи:

- Айдоочулар бири-бири менен рация аркылуу байланышып турат. "Жол мындай экен" же "бул жерде топтошкон адамдар турат" деп бири-бирине кабарлашат. Ошондуктан буга чейин коопсуздук жагынан чоң маселе деле болгон эмес. Эми бейбаштар Кыргызстанда деле, Казакстанда деле, Орусияда деле бар да. Кээде токтоп турган жерине мас үч-төрт бала келип, "акча бер", "арак бер" деп кыйнаган учурлар жок эмес.

Кыргызстандык жүк ташуучу айдоочулар бирикмесинин жетекчиси Темирбек Шабданалиевдин маалыматы боюнча, постсоветтик мамлекеттер аркылуу жүк ташуу коопсуздугу мындан 10-20 жылга караганда абдан эле жакшы болуп калды. Ал кездеги жүк ташуучу айдоочуларды тоногон кылмыштуу топтор, рекэттер азыр дээрлик жок дейт Шабданалиев:

- Айдоочулардын коопсуздугуна байланышкан коркунучтар бара-бара азайып эле баратат. Бирок ден соолукка зыян келип калчу кооптуу жагдайлар жок эмес.

Темирбек Шабданалиев кыргызстандык айдоочулар учурда Европага чейин жүк жеткирип жатышканын, андыктан алар алыс жолго жакшы камылга менен чыкканга көнүп калганын белгиледи:

- Кыргызстанда жүк ташыган машинелердин саны 100 миңге чукул. Анын ичинен 10 миңге жакыны эл аралык багыттар боюнча жүк ташыйт. Ал эми 6-7 миңи туруктуу иштегендер. Бүгүнкү күндө Европанын ар бир мамлекетин биздин машинелер аралап жүрөт.

Кыргызстанда темир жол жана аба каттамы жакшы өнүкпөгөндүктөн, ошондой эле өлкөнүн деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан товар, азык-түлүк жана күйүүчү май сыяктуу жүктөрдүн 95 пайызы кара жол менен ташылат.

Кыргызстандык айдоочулар Борбор Азия, КМШ мамлекеттеринен да заказ алып башка өлкөлөргө жеткиришет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG