Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:23

Айдоочулар өкмөткө талап койду


Жүк ташуучу унаалар
Жүк ташуучу унаалар

Ошто жүк ташуучу унаанын айдоочулары маалымат жыйын куруп, тышкы иштер министринин отставкасын талап кылышты.

Оор жүк ташуучу айдоочулар буга Кытай визасынын айланасында пайда болгон коррупциялык көрүнүштөр себеп болгонун айтышууда. Эгерде кыргызстандык айдоочулар алты ай сайын ала турган Кытай визасы чечилбесе, иш таштоо уюштурушарын билдиришти.

Оштогу "Юг-Транс", "Транс-Ордо" жана "Айдоочу" коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүп, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин отставкасын өкмөт башчыдан талап кылышты.

Бул үч бирикменин ар биринде 500дөн оор жүк ташуучу унаа айдоочулары мүчө болуп турушат. "Юг-Транстын" теңтөрагасы Иса Сулайманов буларды айтты:

- Сапар мырза, сизден суранам, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди жана ТИМдин консулдук кызматтар департаментинин башчысы Эркин Асанакуновду токтоосуз кызматтан кетирип бериңиз. Башкасын билбейм, бирок бул кишилер Кыргызстандын бир тармагын тейлеп жаткан айдоочуларга бир тыйын жакшылык кылган жок. Алардын ордуна элге ак кызмат кыла турган адистерди дайындап бериңиз.

Кытайга каттоого адистешкен айдоочулардын мындай нааразылыгына Кытай визасын алуудагы катаалдыктар жана ортомчу фирмалардагы бааларга кеткен чыгымдардын көбөйүүсү себеп болгон.

“Юг-Транс” бирикмесинин төрагасы Толубай Досбаевдин айтымында, 160 доллар турган Кытай визасы сөз болуп аткан турфирмалардын айынан миң долларга чейин көтөрүлгөн.

- Айдоочулар визага паспортун берип, бир-эки ай күтүп жатышат. Анан чыдамы кеткенде кеткенде дагы 100 доллар берем дейт. Дагы чыдамы кеткенде дагы кошот. Ошентип отуруп, Кытайга ачылуучу алты айлык айдоочулук визанын баасы 600 долларга чыгып жатат. Аны күтүп жатып, улам Бишкекке каттаган чыгымдарды кошкондо миң долларга чейин көтөрүлөт. Электрондук кезекке ишенгендер бир жылдап кезек күтүп жатышат. Негизи ал визанын баасы 160 доллар турат.

Айдоочу Иса Сулаймановдун айтымында, Кытай визасын алуудагы коррупциянын айынан кыргыз айдоочулары ишсиз калган. Мунун ордуна казак, кытай, тажик, жада калса түрк айдоочулары Кыргызстандан жүктөрүн ташып, миллиондогон акча сыртка чыгып жатат.

- Бул коррупцияны тыйбаса болбой калды. Мына канча акча чет элге кетип калууда. Инвестор тартабыз, завод курабыз, иш ордун түзөбүз деп жатасыңар. Ой, андан мурда бар оокатыбызды эле ар кимге талатпай коргоп албайлыбы? Биз виза алалбай отурабыз. Биздин ордубузга Кытайдын, тажиктин, казактын КамАЗдары иштеп, миллиондогон акчаны чыгарып кетип атышат.

Айдоочулар Кытайда кыйналууда

Айдоочулар Кытайда кыйналууда

Кыргызстандык отуз айдоочу унаасы менен Кытайда төрт күндөн бери камалып жатат. Буга байланыштуу Оштогу оор жүк ташуучу айдоочулар бирикмеси нааразылык жыйынга чогулушту.

Тышкы иштер министрлиги айдоочулардын талаптарын жөнсүз деп баалады. Анын Оштогу өкүлчүлүгүнүн башчысы Мирлан Исмаилов виза сатуудагы коррупция боюнча айдоочуларды укук коргоо органдарына кайрылууга чакырды.

- Кытай визасынын баасы 160 доллар болгон. Азыр деле ошондой. 300-700-1000 долларга чыгып кетти деп жатпайсыңарбы. Ал ошол фирмалардын пайдасы болсо керек. Бирок ТИМ коррупция менен күрөшүүчү орган эмес. Коррупция боюнча антикоррупциялык кызматка кайрылышсын.

Айдоочулар бирикмелери виза маселеси чечилбесе же министр отставкага кетпесе, бүт өлкө боюнча оор жүк ташуучу унаа айдоочулары иш таштоо уюштурарын эскертишти. Бул арада Оштогу айдоочуларга өлкө түндүгүндөгү айдоочулар да кошулганын билдиришти. Кыргызстанда Кытайдан жүк ташыган 3 миңдей оор жүк ташуучу унаа бар.

2016-жылдын 1-январынан тарта Кытай чет мамлекеттик, анын ичинде кыргызстандык жарандарга да виза берүү тартибин катаалдаткан. Ага чейин Кыргызстандын жарандары Кытайга жеңилдетилген виза алышчу.

2016-жылдын 31-августунда Кытайдын Бишкекте жайгашкан элчилигине террордук чабуул жасалып, автоунаа менен кирип барган жанкечти өзүн жардырган. Ошол окуядан кийин Кытайга виза алуу маселеси татаалдаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG