Алар аталган фирманын артында шаардык кеңештин депутаты, “Замандаш” партиясынын тең төрайымы Чынара Шейшекеева турат деп күмөн санашууда. Ал эми депутат өзү да шылуундардын курмандыгы болгонун айтууда. Ал ортодо ишкерлер соңку кризистерден улам курулуш тармагы 25-30 пайызга кыскарып, айрым фирмалар ишин токтотушу мүмкүн экенин айтып жатышат.
Үйдөн да, акчадан да дайын жок
Бейил Медетова акчасын бир нече жолу бөлүп төлөө шартына ылайык “Анкомон строй” фирмасы менен келишим түзгөн. 32 чарчы метри 19 миң 500 доллар деп бааланган батирге алгач 12 миң 800 доллар төлөйт. Бирок бир жылдан ашуун убактан бери үйдөн да, акчадан да дайын жок үй-бүлөсү менен эшикте калганын айтууда.
- Алар мага батирди ачкычына чейин жасап бермек. Мен былтыр октябрь айында көчүп барышым керек эле. Бирок ушул убакка чейин ижарада жашап келатабыз. Ошол акчанын баарын бизге ким компенсация кылып берет?
Медетованын белгилешинче, “Анкомон стройго” алдандык дегендердин саны 20га жакын. Фирма “Кыргызавтомаш” заводу тарапта жайгашкан бейтапкананы турак үйгө айлантып, ремонттоп берүүнү убада кылган. Бул үчүн “Анкомон стройдун” атынан келишим түзүп, акча чогулткан Вадим Миниахметов качып кеткен. Жабырлануучулар мунун артында имараттын кожоюну Чынара Шейшекеева турат деп күмөн санашууда.
- Бизди Шейшекеева киргизбей жатпайбы. Башка кишиге сатып жибериптир. Же биздин акчабызды бербейт, же үй бербейт. Бирок ошол кезде кожоюн өзү болчу да.
Ушул тапта Миниахметов Орусияда, Санкт-Петербург шаарында кармалып, абакта. Бирок жабырлануучулар Шейшекеевадан 93 миң долларды кайтарып берүүсүн талап кылып жатышат. Ал эми Шейшекееванын адвокаты Роман Петин депутат өзү да шылуундун курмандыгы болгонун белгилөөдө.
- “Анкомон строй” фирмасынын жетекчиси Вадим Миниахметов Чынар Шейшекееванын атына катталган объектти сатып алууну каалап, алдын ала 93 миң доллар төлөйт. Бардык сумманы төлөбөй туруп ал шылуунчулук жол менен каалоочуларга батирди сата баштайт. Анын сатып алуучулар менен келишим түзүүгө укугу жок болчу. Эгер сатып алуучулар акча берүүдөн мурда нотариуска же юристке барса мындай маселе жаралмак эмес. Жыйынтыгында ал имарат үчүн толук сумманы төлөбөй туруп качып кетет. Маалыматка караганда, ал 167 миң доллардай каражат топтогон. Качып кеткен соң Шейшекеева имаратты башка адамга саткан. Ошентип депутат өзү да шылуунчулук аракеттердин курмандыгы болуп калган.
Адвокаттын айтымында, жабыркагандардын акчасын кайтарып берүү маселеси Миниахметов Кыргызстанга экстрадициялангандан кийин каралышы ыктымал.
Акчаны үч бөлүп алдык
Экономикалык кризистен улам Бишкекте бүтпөй калган же акчасын эбак төлөп койсо да ишин баштай элек курулуштар бар. Алдын ала акчасын төлөп койгондор ушинтип же үйдөн, же Чүйдөн жок калууда. Айрымдары арзаныраак берилет деген жарнамага качырып, шылуундардын колуна түшүп калууда.
Бишкектин тургуну Нурлан да курулушу баштала элек үйгө эки жылдын ичинде 27 миң доллар которгон. Айтылган мөөнөттө курулуш иштери башталбаган соң ал акчасын кайтарып алууга үлгүргөн.
- Үйдүн курулушу кечиккенге байланыштуу биз берип жүргөн акчаны кайтарууга келгенде кыйынчылыктар жаралды. Кайра-кайра чалып, үйүнө чейин барып атып акчабызды араң үчкө бөлүп берди. Дагы бирөө ошентип алып атат деп уктук, башкаларын билбейм. Фирма үй курулчу жер талаш болуп жатканын, сот иштери бар экенин билдирди.
Курулуш тармагы экономиканын локомотиви деп айтылат. Бирок расмий маалыматтар боюнча, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында курулуш 20-25 пайызга төмөндөп кеткен. Мунун себебин адистер Орусиядагы экономикалык кризис, курулуш материалдарынын кымбаттыгы, мигранттардан келген каражаттын кыскаргандыгы менен байланыштырууда. Мындан улам көп кабаттуу үйлөрдү сатып алуу азайган.
Шылуундар буйтап өтпөгөн тармак
Жаш ишкерлер ассоциациясынын курулуш комитетинин жетекчиси Элдар Абакиров жакынкы үч-төрт айда курулуш фирмаларынын бир тобу ишин токтот деген божомолун айтууда. Ишин уланта албагандар башка тармакка өтүүдө.
- Акыркы алты айда курулуш тармагында бартер экономикасы жүрө баштады. Үйлөрдү машина, кыш, бетонго же дагы башка нерселерге алмаштырып жатышат. Бул деген акча жок, ишкерлер бартер ыкмасы менен иштей баштады дегендик. Бирок ал заман да өтүп атат. Анткени дайыма эле бул ыкманы колдонуу мүмкүн эмес, анын да аягы бар. Азыркы күндө 20-30 пайызга курулуш азайды, арасында токтоп калган объекттер бар. Биздин билишибизче курулуш фирмалар шылуунчулукка аралашып, качып кеткен учурлар көзгө деле көрүнө элек. Бирок абал оорлоп баратат.
Мындан улам Абакиров сатып алуучуларга тобокелге барбай, 80-90 пайыз бүтүп калган үйдөн сатып алууга кеңеш берет. Адистер жаңы курулуп жаткан үйлөр 5-10, мурдараак салынгандар 20-40 пайызга чейин түшүшү мүмкүн экенин белгилешүүдө.
Курулуш тармагы жайлап, айрымдары ишин токтотуп жатканына карабай батир баалары түшпөй жатат. Азыр бир чарчы метри 450 доллардан 1200, андан да жогору эсептелет. Былтыр тогуз айда 6 миңге жакын батир колдонууга берилген.