Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:09

Жапондордой шарт түзүү кыйын эмес


Разак (оңдо) иниси Исхак менен.
Разак (оңдо) иниси Исхак менен.

Ушу тапта Жапонияда мектепте окуп жаткан Разак "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына өз баянын сунуштады. Ал күн чыгыш өлкөсүндөгү мектептин шарттарын, андагы өзгөчөлүктөрдү, Кыргызстан үчүн пайдалуу көрүнүштөрдү сүрөттөйт.

Менин атым Осмоналиев Разак Мураталиевич. Жашым 11де. Биз Жапон өлкөсүнүн Ниигата префектурасындагы Минамиуонума шаарында турабыз.

Мында Жапон Эл аралык университети жайгашкан. Анда 50дөн ашуун мамлекеттен келген студенттер окушат. Менин атам да ушул университетте МВА программасы боюнча магистратурада окуйт.

Мен болсо Ураса Элементардык мектебинде 6-класста билим алам. Окуу жылы апрелде башталып, кийинки жылдын мартында бүтөт. Жайкы эс алуу август айында гана болот.

Мектептеги мен тууралуу маалымат.
Мектептеги мен тууралуу маалымат.

Биз мектепте саат 08:00-16:00гө чейин болобуз. Түшкү тамактануу саат 12:15 – 12:45. Жумасына 5 күн окуйбуз, анын 3-4 күнүндө дене-тарбия сабактары бар (жайында бассейн, кышында лыжа тебүүгө чейин).

Бизди экскурсия аркылуу айлана-чөйрөдө жашап жаткан жаныбарлар менен тааныштырып, кайсы жерде эмне жайгашкан, кандай компаниялар бар, эмне иш жасайт, шаарда карта менен ориентация жасоого, керектүү жерди таап барууга чейин үйрөтүшөт. Бул күндөлүк сабактар менен айкалыштырылат.

Класс жетекчибиз ата-энелерибиз менен тыгыз байланышта. Мектепте болуп жаткан окуя, маалыматтар тууралуу интернет аркылуу кабар берип жазышып турушат. Жалпысы Elementary school мектепте 1-6 класска чейин окуса, андан кийин High school мектебинде улантышат.

Иним экөөбүз окуган мектеп бизге аябай жагат. Бул жерде окуу программасы эле эмес адамдардын бири-бирине жасаган сылык мамилеси, жөнөкөйлүгү, агрессивдүү адамдарын жоктугу, кылмыштуулуктун аздыгы менен өзгөчөлөнөт. Тазалыкты атайын кызматтар эмес биз окуучулар жана жашоочулар өзүбүз камсыз кылабыз. Мен да Кыргызстаныбыздын ушундай тазалыкка жетишүүсүн каалайт элем. Мисалы мен Бишкектеги мектепти кантип тазалайт, полун ким качан жууйт, маани берген эмесмин. Бул маселени ата-энелер жана мугалимдер чечип коюшчу экен.

Мектепте кийчү бут кийимдер.
Мектепте кийчү бут кийимдер.

Ал эми бул жакта тазалыкты камсыз кылуу процессинин баарын өз көзүм менен көрүп, аткарып жүрөм. Мисалы үйдө жана мектепте таштандыны сорттоп, кагаз, шише, консерва, пластик, ж.б. калдыктарды өзүнчө пакетке салып тийиштүү күндөрү атайын график менен сыртка таштайбыз. Көчөдө аба таза. Жыттанган, кароосуз калган, ит-мышыктардын таштандыларды тинтип жүргөнүн көрбөдүм.

Тамактан кийин тишти жууйбуз.
Тамактан кийин тишти жууйбуз.

Мектепке кирерден мурун бут кийимди карап тазалап, алмаштырабыз. Шаршембиден башка күндөрү сабактан кийин тазалоо ("Cleaning") жүрөт. Тамак ашты жеп бүткөндөн кийин тишибизди жууйбуз. Бул тартиптер татаал көрүнгөнү менен пайдасы көп жана биз ага көнүп калдык. Бардык жерде тазалык, жагымдуу айлана чөйрө.

Менин мектебим.
Менин мектебим.

Жогоруда айтылган жакшы тажрыйбалардын биздин өлкөдө да ишке ашуусун каалайм. Бул өтө чоң каражат талап кылбайт деп ойлойм. Болгону ушул тартипке көнүп алсак деген эле ой. Алар шаар жеринде гана эмес, бардык мектептерге жайылтылса туура болмок. Себеби айыл жериндеги жана шаар жеринде да балдар бирдей шарттарда тарбия алган болот эле.

Разак окуган мектептеги спорттук иш-чарадагы салтанат
Жапония мектебиндеги спорттук иш-чара
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:07 0:00

Жалпы эле Жапон мамлекетинен жолуктурган төмөндөгү тажрыйбаларды биздин өлкөдө ишке ашырууну сунуштайт элем:

- Тазалыкты сактоо жана гигиена боюнча:

- Мектепке бут кийимди алмаштырып кирүү,

- Сабак аяктаары менен окуучулар тарабынан класстарды тазалоо иштерине киришүү, тамактануудан кийин оозду-тишти жуумай, ден соолуктарды текшерүү күндөрүн өткөрүү.

- Мектеп чарбачылыгынын иштерине балдарды аралаштыруу (Мисалы гүл, жашылча жемиштерди өстүрүү, кароо ж.б.)

- Мектепке кичи топтор менен барып-келүү, үй-бүлөлүк спорт күндөрүн өткөрүү, ар кандай фестивалдарга ата-энелер менен катышып, хор, музыкалык аспаптарда окуучулардын аткаруусунда өткөрүү. Бул окуучулардын өз алдынчалыкка жана жоопкерчиликке үйрөтөт.

- Окуу программаларынын максатын (приоритет) 1 жумага, 1 айга, 1-чейрекке бөлүп окутуу (Мисалы: Январь айында окуучу колду туура жууганды үйрөнөт. Көчөдө улууларга салам бере алат, жолдон өтүп бара жатканда эгер айдоочу балдарга жол бошотсо, жолду өтүп бүткөндөн кийин айдоочуга карап баш ийкеп рахмат айта алат ж.б. Математика боюнча: февраль айында 2 орундуу сандарды кошуу жана кемитүү операцияларын жасай алат, 1000 чейин санай алат ж.б.)

- Окуучулардын үйүн, бөлмөсүн мугалимдердин барып көрүүсү, ата-энесине ийгиликтери жетишкендиктери жөнүндө айтып берүү практикасын киргизүү.

- Мектеп формасын жайкы, кышкы жана баш кийим менен толуктоо, себеби ысык суук аба – ырайы мезгилинде башты жаап жүрүү ден-соолукка пайда экенин билебиз.

Ооба, бул нерсенин баарын бир мезгилде аткаруу кыйын. Бирок учуру келип жашоого кайдыгер эмес жарандарыбыз ишке ашырат деген ойдомун. Мен четте карап турбай өз салымымды кошууга даярмын. Ага чейин менин жазгандарым дагы ошол максаттардын ишке ашуусуна түрткү болуусуна ишенем.

Бул баянды апам менен биргеликте даярдадым. Көңүл коюп, окуп чыкканыңызга рахмат!

P.S. Баса, Разак өзү окуган шаардагы мектептер аралык сууда сүзүү боюнча жарышта командасы менен биринчи орунду алганы тууралуу видео кабар келди.

Разактын жеңиши
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:02 0:00

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG