Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:15

100 СУНУШ: Камит Савай: АКШда карылар мешке кактанып отурбайт


АКШнын Сиэтл шаарында жашаган журтташыбыз Камит Савайдын "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына жиберген блогун сунуштайбыз.

Карылык ар кимдин башына келе турган нерсе. Америкада бир аз убакыт жашап, ал жердеги карылар менен Кыргызстандагы карылардын жашоосун салыштырдым.

Ооба, Кыргызстандагыдай эле карыяларга урмат-сый Америкада деле бар. Бирок мен байкаган кээ бир айырмачылыктарга токтолгум келет.

Чынын айтсам, АКШда карыялар узак жашайт. Орточосу 80 жаш. Жашы 85тен ашкандардын саны 6 миллиондон ашат же Кыргызстандын калкы менен тең.

Пенсияга да кеч чыгышат, орто жашы 65 жаш, такыр эле баспай калганга чейин машине айдап жүрө беришет. Учурда жашы 65тен жогору 40,5 млн. айдоочу бар.

Бизде карыганда калжаңдап иштеген уят дешсе, АКШда өмгөктөп калганга чейин иштешет. 55 жаштан өткөндөр жумуш орундарынын 16% ээлешет.

Көп иштегендер албетте пенсияны көп алышат. Айына орто эсепте 2200 доллар, минималдуусу 880 доллар алышат. Кыргызстанда орточо 4817 сом же 70 доллар, минималдуусу 1700 сом, же 24.5 доллар.

Пенсияга чыккан америкалыктар көбүнесе дүйнө кыдырат. Неберелерин деле карагандар бар, бирок андайлар аз, көбүнчөсү карашпайт. Бизде неберелерди карагандар көп, карабай койгондор аз.

"Карылар бакчасынын" бассейн залы
"Карылар бакчасынын" бассейн залы

Эс алуу бөлмөсү
Эс алуу бөлмөсү

Ден соолукту калыбына келтирүү бөлмөсү
Ден соолукту калыбына келтирүү бөлмөсү

Карылар үйлөрү АКШда деле бар, көбүнчөсү өздөрү төлөп жашайт. Бай пенсионерлер үчүн "крутой" комплекстер иштейт. Шарттары сонун, мейманканалардан калышпайт. Ичинде интернет, врачтардан баштап бассейндерге чейин бар.

Ал эми азыраак пенсия алгандар үчүн биздеги "бала бакчаларга" окшогон карыялар "бакчалары" бар. Алар жеке менчик бакчалар, бирок бакчаларга мамлекет, жеке демөөрчүлөр тарабынан көп жардам көрсөтүлөт. Пенсиялары аздарга, майыптарга төлөм жеңилдиктери каралган, мамлекет дотация кылат.

Кыргызстанда карыялар үйлөрүнөн эч жакка чыга алышпай, төрт дубалды тиктеп отуруп калган учурлар көп. Өзүңүздөр окугандай, АКШда каалагандар салыштырмалуу көп деле эмес акча төлөп, бакчаларда теңтуштары менен таанышып сүйлөшөт.

Тамак ичип, догдурга көрүнүп, түрдүү оюндарды ойношуп, кино, концерт көрүп кетишет. Эртең менен балдары жеткирип келет, кечинде алып кетишет же атайын автобус ташыйт. Майыптарды ташый турган унаалар да бар. Жекшембиден башка майрам күндөрү дайыма иштейт.

Кыргызстанда да ушундай бакчаларды, айрыкча чоң шаарларда уюштурса жакшы болмок, карыяларыбыз үй күчүк болбой, мешке кактанып эле отура бербей же той-топурга эле чыкпай, элге аралашып, жашоо-турмуштары бир аз жеңилдеп, көңүлдүү болуп, карылыкка көпкө моюн бербей узак жашамак.

Балпайтып төрүбүздө эле отургузуп, ысык чайдан берип коюп өзүбүз сыртта бакылдап иштеп, ойноп жүрө бербей, карыларыбызга чындап кам көрсөк.

Камит Савай, АКШ, Сиэтл шаары.

Камит Савай кызы менен
Камит Савай кызы менен

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG