Жыйын соңунда уюмга төрагалык кылуу милдети Кыргызстандан Орусияга өткөрүлүп берилет.
ШКУ: Бишкек президенттерди тосуп алды
14-июнда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт. Ага катыша турган өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга келе баштады. Алгачкылардан болуп Кыргызстанга Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Кытайдын лидери Си Цзинпин келишти.