Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:13

Энеси урду деген кыздын тагдыры чечиле элек


Иллюстрация
Иллюстрация

28-июнда энесинен таяк жеген деген шек менен Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жети айлык наристе бүгүн жалпы палатага которулду. Дарыгерлер бейтапканага түшкөн ымыркайдын мээси чайкалып, дене боюнда бир топ шишиктер бар экенин аныктагандан улам укук коргоочуларга кайрылышкан. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Наристенин жакындары да үн катыша элек.

Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасынан башкы дарыгери Талант Өмүрбековдун айтымында, учурда бул иш тартип коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилген:

- Биз баланын денеси көгала болгондуктан шектенип ооруканага жаткырып, бул окуя тууралуу Ички иштер министрлигине билдиргенбиз. Ошолор текшерип сабалып-сабалбаганын айтып берет. Бүгүн кыздын акыбалы жакшы. Ооруканадан чыгаралы десек социалдык кызматкерлер "ИИМ өзүнүн чечимин айткандан кийин баланын тагдыры ошого карата чечилет" деп айтып жатышат.

Маалыматка караганда ооруканага ымыркайды энеси жана анын кошунасы жеткиришкен. Ички иштер министрлиги жабыркаган баланын абалы териштирилип жатканын, окуяга укуктук баа соттук экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин берилерин билдирди.

Министрликтин басма сөз өкүлү Адыл Оморовдун айтымында, энеси үй оокат менен алектенип жүргөндө наристе бала дивандан кулап кетип эсин жоготкон жана аны эсине келтирүү үчүн энеси жаакка чапкылаганы тууралуу жакындары түшүндүрмө берип жатат:

- Ошол учурда ал кызын көтөрүп эшикке чуркап чыгып жардам сурап кыйкырат. Кызы эсин жоготкондо аны өзүнө келтирем деп жаакка чабат. Бул учурда кошунасы чуркап келип, ал экөө баланы ооруканага жеткирген экен. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Чечим соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен чыгарылат. Тергөө иштери жагдайлардын баарын карап чыгыш керек.

Жабыркаган баланын энеси жана анын жакындары менен байланышуу мүмкүн боло элек. Тартип коргоо кызматтары, укук коргоочулар жана дарыгерлер жети айлык кыз наристенин жакындарына байланышкан маалыматтарды белгилүү себептер менен купуя кармашууда. Белгилүү болгону - наристенин энеси 24 жашта, жалгыз бой. Ал Бишкекте өгөй энеси менен чогуу турат.

Учурда эненин укугу убактылуу чектелген. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Мындай шектүү жагдайда эне-баланы жолуктурууга убактылуу чектөө киргизилерин "Балдарды коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова айтты. Ошол эле учурда социалдык тармактар аркылуу кайрылуунун негизинде демөөрчүлөр наристе кызга зарыл кем-карчты толуктап, багып жатышат деп билдирди укук коргоочу:

- Биз азыр бир гана кыз менен иштеп жатабыз. Энесине алдын ала күнөө койгонго укугубуз жок. Учурда эненин укугу убактылуу чектелген. Тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин баары түшүнүктүү болот. Бирок жети айлык кыздын денесинде шишиктер бар экени ырасталган. Сыртынан эле кенедей кызга жакшы мамиле кылбаганы көрүнүп турат.

Турдубекованын айтымында, эгер жети айлык кыздын зомбулукка кабылганы аныкталса, күнөөлүүлөр жоопко тартылып, ымыркай балдар үйүнө багууга берилет.

Кыргызстанда акыркы жылдарда статистика боюнча балдарга карата үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жыл сайын өсүп баратканы белгилүү. Адистер мындай жагдайга социалдык, психологиялык жана экономикалык факторлор таасирин берип жатканын айтып келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG