Алардын арасында башка улуттун өкүлдөрү жана Американын башка штаттарынан келген кыргызстандыктар да болду. Майрамдык иш-чарада кыргыздын улуттук оюн-зооктору ойнотулуп, символикалык боз үй тигилип, кыргыз даамдары толгон дасторкон жайылды.
Чикагодогу кыргыздардын майрамы
Кошмо Штаттардын Чикаго шаарында отурукташкан кыргызстандыктар март айынын соңунда Нооруз майрамын белгилешти. Иш-чара Кыргыз коомдук борбору тарабынан уюштурулду. Жалпысынан 300гө жакын киши катышты.
1
Майрамдык иш-чарада сүйлөгөн Чикагодогу кыргыздардын аксакалдары.
2
Кыргызстандын гимни ойнотулуп, андан соң иш-чараны Чикагодогу Кыргыз коомдук борбордун төрагасы Уланбек Азимбаев ачты.
3
Иш-чара быйыл "Spring Festival -2018" деген аталыш менен 24-мартта Чикагодо өттү.
4
"Манас" айтып жаткан бала.
5
Аркан тартыш оюну.
6
Кыргыз Коомдук борборунда тарбияланган жеткинчектер кыргыз бийин бийлешти.
7
Иш-чарага "Manas Express" жүк ташуучу компаниясы жана жеке ишкер мекендештер демөөрчү болушту.
8
Нооруздагы таймаштардын бири.
9
Тушоо кесилип, балдар чуркашты.
10
Майрамга башка улуттун өкүлдөрү да катышышты.
11
Бейрасмий маалымат боюнча Кошмо Штаттардагы 15 миңдей кыргызстандыктын беш миңге чукулу Чикагодо жашайт.
12
Чикагодогу журтташтардын балдары.