Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:25

Шахмат: эки федерация, эки турум


Өлкөдө шахмат федерациясынын ишмердүүлүгүн сынга алган жаңы уюм түзүлдү. Мурданы жана жаңы шахмат федерациялары эки жаат болуп тирешүүдө.

Кыргызстанда жаңы шахмат федерациясы түзүлүп, эки жерде бөлүнүп өлкө биринчилиги өтүүдө. Жаңы федерация менен Эл аралык шахмат федерациясы таанып келген мурдагы уюмдун ортосундагы пикир келишпестик уланууда.

Мурдагы шахмат федерациясы толук кандуу иштебей, ФИДЕге мүчөлүк акыны төлөбөй, эл аралык мелдештерге катыша албай жатканын уландар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөнтегинден устаты Төлөгөн Исаев “Азаттыкка” билдирди.

- Шахмат федерациясына учур талабын туура түшүнгөн менеджер, иш билги жетекчи зарыл болуп турат. Мекенчил жигиттер чыкпай жатат. Эл аралык мелдештер өтпөй турат. ФИДЕге да мүчөлүк акы көп жылдан бери төлөнбөй, рейтинг баракчабыз жабык турат. Кийинки жылдары өлкөдө бирөө да гроссмейстр боло элек. Коңшу өлкөлөрдөн да артта калып, уят болуп жатабыз. Шахмат - акыл-эси өстүрүүгө жаштар үчүн абдан керек оюн экени баркталбай, бааланбай турганы өкүндүрөт.

Федерациядагы талаш-тартышуудан жаш шахматчылар гана жабыр тартып, чеберчилик өспөй токтоп турганын, спорт жетекчилери калыстык кылбай жатканын шахмат чебери Куштарбек Давлетбаков айтты.

- Баары башаламан. Шахмат бутка турмак түгүл, бечел болуп, кароосуз калган баладай болуп турат. Спорт жетекчилери бизге кайдыгер карап, көңүл дагы бөлгөн жок. Кыргызстанды шахматтан дүйнөгө тааныта турган жаш балдар арбын. Мисалы Болот Такырбашев, Нурдин Самаков, Семетей Төлөгөнтегин жана башка таланттуу балдардын багы ачылбай, эл аралык мелдештерге бара албай турушат.

Жаңы уюшулган шахмат федерациясынын жетекчиси Мирлан Турпанов жаңы уюм шахматтын өнүгүүсүн жакшыртуу үчүн түзүлгөнүн, Ала-Тоо аймактарына көңүл бурбай келгенин айтты.

- Жалпысынан нааразычылык өнүгүү стратегиясынын жоктугунан улам болууда, турнирлерди өткөрүүдө менеджменттин начардыгы, президиумда аймак өкүлдөрүнүн жоктугу. Ошондой эле, мурунку федерациянын жетекчилери менен өлкө чемпионатын биргелешип өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан жок.

Эгемендүү өлкө болгону бир нече шахмат олимпиадаларына, Азия чемпионаттарына Кыргызстандын командасын алып барган уюмдун жетекчисинин милдетин аткаруучу, өлкөнүн көп жолку чемпиону Таалайбек Иманалиев бул жагдайды мындайча түшүндүрдү.

- Ар ким эле өз алдынча уюм түзө берсе, ынтымак, биримдик ыдырайт. Биздин федерация расмий катталганына көп жыл болду. Дене тарбия, спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен күбөлүк алып, Улуттук олимпиада комитетинде да каталганбыз. Эми жаңы уюшулган федерацияны жаап салууга, алардын ишине тыйып, таратууга бизде укук жок.

Облустук шахмат бөлүмдөрүнүн нааразычылыгы жаңы федерациянын түзүлүшүнө алып келген деген пикирлер да айтылып жүрөт. Азыркы тапта эки федерация бирдей өз алдынча балдар жана өспүрүмдөр арасында чемпионаттарды өткөрүүдө.

Шахматтын тарыхы бай

Кыргызстандын шахмат биринчилиги үчүн атайын расмий мелдеш 1933-ж. өткөрүлгөн. Алгачкы чемпиондук наамга бишкектик А.С.Савилев жетишкен.

Кеңеш доорунда Л.Юртаев, Н.Зильберман, Т.Иманалиев, Э.Молдобаев, Б.Канцлер, В.Ильинский ж.б. чемпион болгон.

Кыз-келиндер шахматында Б.Самаганова, И.Острий, Т.Пудкова, С.Сабирова, Б.Тиленбаева, А.Исакова, С.Матвеева сыяктуу мыктылар чыккан.

Ленин жана Бограновдун шахмат оюну, 1908-жыл
1992-жылы Манила шаарында (Филиппин) өткөн шахмат боюнча дүйнөлүк олимпиадада кыргыз командасы алгач ирет катышып, 15-орунду ээлеген. Ошондон бери кыргызстандык шахматчылар 7-8 олимпиадага катышты.

Кыргызстандын Шахмат федерациясы 1947-жылы түзүлгөн. Бул уюмдун төрагасы болуп отуз жылдай Акылбек Муратбеков иштеп, шахматтын өнүгүшүнө салым кошкон.

Эгемендүүлүк алганы федерацияга Карим Уразбаев, Таалай Дүйшеев, Таалайбек Окенов, Жогорку Кенештин депутаты Акылбек Жапаров, Жеңишбек Назаралиев президент болушкан. Азыркы учурда Таалай Иманалиев жетекчинин милдетин аткаруучу болуп турат.
XS
SM
MD
LG