Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:50

Кимсановго байланышкан кезектеги чуу


Эмилбек Кимсанов.
Эмилбек Кимсанов.

Интернетте мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун абакта сабалганы тууралуу видео тасма тарады. Премьер-министр Кубатбек Боронов депутаттын суроосуна жооп берип жатып, Кимсанов сабалды делген видео тууралуу реакция жасала турганын убада кылды.

Мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева өзү коргоп жаткан адам абакта сабалып жатканы тартылган видео колуна тийгенин кабарлап, аны 16-июнда «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды.

Тасмада белгисиз эки адам дагы бир кишини аёосуз сабап жатканы көрүнүп турат. Сүйүнбаева видеодогу ур-тепкиге калган киши Эмилбек Кимсанов экенин билдирип, муну талашсыз далил катары белгилеген. Адвокат видео колуна кайдан тийгенин жазган эмес. Буга «видеону берген адамдардын жеке коопсуздугу үчүн аттары ачык айтылбайт» дейт билдирүүдө.

«Бул видеодо эки олбурлуу эркек Кимсановду катуу сабап жатат. Өздөрүнүн административдик ресурсун пайдаланып, аны тергөө абагына камап, өч алуу үчүн атайын таштап коюшканына ушул далил эмеспи? Аны ал жерде күтүп турушкан, кабыл алышкан жана процесстин баарын видеого тартып өздөрүнүн «кожоюндарына» отчет катары жиберишкен», деди Назгүл Сүйүнбаева.

Адвокат уруп-сабоо Кимсанов Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайынан №1 тергөө абагына которулган күнү, 3-апрелде болгонун кошумчалады. Учурда бул факты боюнча Башкы прокуратурага арыз жазуу аракети болуп жаткан экен.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы социалдык тармактарга жарыяланган бул видео факт каттоого алынып, текшерүү иштери жүрүп жатканын, жыйынтыгы боюнча маалымат берилерин билдирди. Буга чейин мекеме «Эмилбек Кимсанов камакта сабалды» деген дооматты четке каккан.

ЖАМК тараткан маалыматта «Тасманы жайлатып көргөн учурда ал тартылган жер Кимсанов отурган абакка окшошпогону байкалды. Тасмада кишилердин жүздөрү даана көрүнгөн эмес. Бул тасма фейк болушу мүмкүн» деп жазылган.

Ошондой эле Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымдашынча, Эмилбек Кимсанов Бишкектеги №1 тергөө абагына 3-апрелде жеткирилип, дагы үч киши менен чогуу карантин камерасына киргизилген, ал эми 4-апрелде Кимсанов башкалар менен чатакка барбаганын жана адвокатынын өмүрүнө коркунуч туулуп жатат деген билдирүүсүнө кошулбасы тууралуу түшүнүк кат жазып берген.

Бул маселени 17-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев да көтөрүп чыкты. Депутат бир күн мурун тараган видеотасмага байланышкан маселени жаңы өкмөттүн курамын талкуулаган парламент жыйынында көтөрүп, бул үчүн ким жооп берерин премьер-министрликке талапкер Кубатбек Бороновдон сурады:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Кечээ тергөө абагында мурдагы бажы системасында иштеген Эмилбек Кимсановдун сабалышы боюнча видеотасма жарыя болду. Эми бирөө чара көрүшү керек. Жаза аткаруу кызматында дайыма ушундай болуп жатат. Биз уюшкан кылмыштуу топту жоймоюнча ушундай боло берет да. Уюшкан кылмыштуу топ мамлекеттик бийликти сыйлаш керек. ИИМ уюшкан кылмыштуу топко карата мыйзам алып чыккан эле. Ошону качан алып келет? Видео тасма боюнча бирөө жоопкерчиликке тартылабы?».​

Өкмөт башчы болуп жаңы шайланган Кубатбек Боронов бул видео боюнча кабары жоктугун, тактагандан кийин жооп бере турганын айтты.

«Менде азыр маалымат жок. Бирок тиешелүү органдар бул боюнча иш алып барып жатат деп ойлойм. Бул жарыя болгондон кийин сөзсүз түрдө реакция болот. Болбосо, биз көзөмөл кылып, тиешелүү органдарга айтабыз».

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов №1 тергөө абагында сабалганын, анын өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева 13-апрелде эле айтып чыккан. Ошол замат «Жарандык көзөмөл комитети» президент Сооронбай Жээнбековдун атына кайрылуу жолдоп, Кимсановдун саламаттыгына жана коопсуздугуна президенттин да жоопкерчилиги бар экенин эскертип, анын керт башынын жана психологиялык абалынын саламаттыгын камсыз кылып берүүнү талап кылган.

Аталган комитеттин координатору Динара Ошурахунова «бийлик коррупция менен чындап күрөшөбүз десе, Кимсановго окшогон негизги күбөнү коргоп калышы керек. Бир кезде Кытайдын жараны деген Айеркен Саймаити иликтөөчү журналист Али Токтакуновго коррупциялык иштерди ачыкка чыгарганы үчүн аны өлтүрүп кетишти. Эми Кимсановду да өлтүрүп койбосун деп чочулап жатабыз» деп билдирген болчу.

Бирок Динара Ошурахунова андан бери президенттик аппараттан да, Жогорку Кеңештен да эч кандай реакция болбой жатканын белгиледи:

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«Бул жерде ЖАМК атайын буйрукту аткарып жатканы көрүнүп турат. Анткени Кимсанов Райымбек Матраимов тууралуу чындыкты айтып чыккан. Биз ошондо «Кимсановго окшогон коррупциялык схеманын күбөсүн сакташ керек деп чыкканбыз. Бирок анын абакта сабалганы тартылган видеону көрдүк. Бул маселеде «Мамлекет барбы же жокпу?» деген суроо туулат. Балким бул видеонун таралышында саясат бардай. «Мына, мамлекеттик органдарды сатып алган коррупционерге каршы чыккандарды ушундай тагдыр, коркунуч күтөт» деп башкаларды коркутуп жаткандыр. Эскертүү деп да айтсак болот. Ошондуктан парламент ушул теманы көтөрүшү керек. ЖАМКтын жетекчисин, акыйкатчыны, Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчисин чакырып талкуулаш керек. Эгер биз муну азыр токтотпосок кийин кеч болуп калат».

Азыр №50 абакта отурган Эмилбек ​Кимсанов дагы бир бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин арызынын негизинде быйыл февралда Орусиядан кармалып келген.

Жубайы Мария Заворотняя күйөөсү 10-апрелде сабалганын билдирип, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун Интернетке жарыялаган.

Райымбек Матраимов өз дарегине айтылгандарга комментарий бере элек. Агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов муну «ойдон чыгарылган фантазия» деп баалаган.

Ал эми Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн адвокаты Татьяна Карыжинская 16-июнда "Фейсбуктагы" баракчасына буларды жазды:

"Бүгүн адвокат Назгүл Сүйүнбаева видео таратты, анда адамга карата кыжырды кайнаткан зомбулукту көрүүгө болот. Адвокаттын версиясы боюнча, тасмада болжол менен Кыргызстандын жараны, абакта отурган Эмилбек Кимсановду сабап жатышат. Тилекке каршы, видеодо сабап жаткандардын да, жабырлануучунун да жүзү көрүнбөйт, окуя болуп жаткан жерди да аныктоо мүмкүн эмес. Бул окуяны журналисттер түз же кыйыр түрүндө Райымбек Матраимовго байлаганга аракет кылып жаткандыктан, мен анын расмий өкүлү катары билдирүү жасоону чечтим".

Биринчиден, ЖАМК жана тартип коргоо органдары жарыяланган видео боюнча дыкат текшерүү жүргүзүүгө, бул видеонун тек-жайын аныктоого, бул видеодогу окуя чындап болуп-болбогонун териштирүүгө жана дыкат текшерүүнүн жыйынтыктарын берүүгө милдеттүү. Экинчиден, эгерде видеодогу фактылар тастыкталса, андагы жабырлануучу ким гана болбосун, чындап эле анда Кимсановбу же башка адамбы - муну тартип коргоо органдары адамга карата зомбулук фактысы катары каттап, сабап жаткандарды кылмыш жоопкерчилигине тартышы керек".

Эмилбек Кимсановдун Ош облусуна караштуу Алай районунда жашаган туугандары буга чейин президент Сооронбай Жээнбековго эки жолу кайрылышкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG