Журналист Кудрет Тайчабаров Ташкентте өткөн футзалда кыргыз оюнчуларын кызуу сүрөөнгө алган өзбек фанаттары тууралуу Фейсбуктагы баракчасына блог жазды.
Ошентип мен калтырбай көрүп отурган футзал боюнча континент биринчилиги Өзбекстандын Ташкент шаарында жыйынтыкталды. Көпчүлүк спорт адистери бул аптада балбандарыбыздын Азия биринчилигинде алган медалдарына аябай кубанышты. Мен ага анчалык деле кубанган жокмун. Анткени, Кыргызстан спорттун күрөш түрүнөн дүйнөдөгү күчтүү командалардын бири катары белгилүү. Мен жөн гана балбандарыбыз милдеттүү нерсесин аткарды деп кабыл алдым.
Ал эми футзал боюнча Кыргызстан курама командасы Ташкентте жакшы оюн көрсөттү. Вице-чемпион аталган өзбек топ тепкичтери менен өз тобунда 1-орун үчүн катуу кармашса, плей-оффто ушул турнирдин чемпиону болчу Иранга туш келип калып гана ыргыды. Эгер Иран эмес башка команда туш келгенде байгелүү орунга илешери айдан ачык болчу. Иран командасы - дүйнөдөгү күчтүү командалардын бири. Алар Италия, Бразилия, Испания командалары менен тең ата ойношот. Аларда акча көп болгондуктан, футболчулары футболчу болуп иштеп, ошону менен бай жашайт. Бизде эмне, футболчулар негизги жумушунан чыгып, кечинде машыгууга барып, үй-бүлө багып ар кайсы түйшүктөр менен алаксып, футболго толук көңүл кое албайт.
Ошол себептен катуу кете албай жатабыз. Эгер башка өлкөлөрдөй болуп мамлекет катуу көңүл бурганда биздин жигиттер деле өзбек футболчуларынан кем калбай ойномок. Мен бир көпчүлүк билбеген окуяны ачыкка чыгара кетейин. Бир ирет биздин футзалчылар бир абройлуу турнирден байгелүү кайтса, Ак үйдүн 7-кабатына чакырышып 500 сомдук кытай сааттарын белекке беришкен экен. Ошондо футболчулар чыйт түкүрүп нааразы болуп калышыптыр. Кийинки турнирде плей-оффко чыкчу беттешти ар бир футболчуга 800 доллардан тийчүдөй кылып сатып ийишет дагы, утулуп беришет. Мен ойлойм, туура кылышат. Эгер мамлекет барктай албаса, бул байкуштар кантип үй-бүлөсүн бакмак эле? Бир эле футболчулар саткан жок. Мен билгенден бир нече балбандарыбыз, мушкерлерибиз алтын медалдарды, коло медалдарды ири суммага баалап, оокат-тиричилигин тыңдап үй-бүлө багып келишет. Айрымдар айтып жатышат. Австралия менен болгон беттеш да сатылып кетти окшойт деп. Мен айттым, дүйнө биринчилигине катышкан ар бир команда 50 миң доллар байге алат ФИФАдан деп. Андыктан, жигиттер сатпайт болчу. Жөн гана тажрыйбанын аздыгы болуп калды. Ошентсе да, Азия чемпиондору болгон жапондорду 6:2 эсеп менен утуу - бул жаңы кыргыз тарыхы болуп китепте калмай болду.
Бул постумдун эң мени кубанткан жери төмөндөгү сүрөттө. Ушунчалык ичим жылыды. Көзүмө жаш тегеренип кетти. Кыргызстан командасы Ливан, Сауд Арабиясы, Иран, Жапония, Австралия командалары менен беттешкенде залдагы өзбек күйөрмандар "Кыргызстан!" деп кыйкырып, эки атанын балдары бирин-бири колдогондой эле катуу колдоп турушту.
Айрым өзбек фанаттардын үндөрү Жапония-Кыргызстан беттешинде бүтүп калыптыр. Биздикилер жеңгенде кубангандарын айтпа. Менимче, эгер Азия биринчилиги Бишкекте өткөндө биздин фанаттар кошуналарыбыздын футболчуларын мынчалык колдошмок эмес. Анткени, тарых барактарынын айрым беттеринде чырдашкан учурларыбыз бар эмеспи. Ушундай ойду элестетип алып уялдым. Эмне үчүн өзбек спортчулары деңгээли, рейтинги жагынан бизден өйдө туруп. биздикилерден кыйын ойношот деген суроого жооп алдым. Көрсө, спортто пейилди кенен коюп, кечиримдүү болуп, жакынкы тууганың болгон кошунаңды көңүл сүйүнтө колдоп турса, тээ өйдө жакта турган бирөө деле кой ушул пейили кенендерге ийгилик берейин дейт тура. Ошол себептен Өзбекстан командасы күмүш медаль тагынып, Иран менен теңтайлаша ойногон чыгар? Пейилди кенен коелу, кыргыздар! Мусулман бир туугандар бирин-бири колдоп коюу - бул парз.
Рахмат, Өзбекстан!!! Башкалар унутса да, мен унутпайм мындай колдоону!!!
Кыргызстан-Жапония беттеши. Ташкент.