"Азаттык" үналгысынын кабарчысы Санжар Эралиев “Достук” өткөрүү бекети аркылуу Өзбекстандын чек арадагы облустарына барып, эки өлкөнүн өз ара мамилелери жаатындагы соңку өзгөрүүлөрдү көрүп келди.
Жолбаян
Менин Өзбекстанга сапарым ишемби күнгө туш келди. Ош жана Анжиян облустарынын ортосундагы “Достук” өткөрүү бекетине түш ченде бардым.
Дем алыш күндөрү каттагандар көп болот экен, жүргүнчүлөр – жык-жыйма. Кыргызстан тарапта кезекте турган улуу-кичүүнүн саны - 500дөн ашык. Документ текшерген чек арачылардын айтымына караганда, ишемби-жекшемби күнү ары-бери каттагандар беш миңден ашып жатыптыр.
Кыргызстандын көзөмөл-өткөрмө түйүнүнөн өттүм. Эми Өзбекстан тараптын көзөмөлүнөн өтүшүм керек. Ал жердеги кезек келген тарабымдан алда канча көп болуп чыкты.
Өзбекстандын көзөмөл түйүнүндө декларация толтуруу өңдүү машакаттардын айынан кезек ушинтип узарып кетет экен. Алдыга умтулуп, талашып урушкандар, түртүшкөндөр, балдардын ыйы ого бетер кейитти.
“Мага качан кезек келет болду экен?” деп ойлодум. Туугандарды дидарлашууга зар кылып, ушинтип көйгөй жаратып келген мурдагы тартипти жек көрүп турдум.
Баса, “Достук” өткөрүү түйүнү күнү-түнү иштеп жатыптыр. Кезегим келгиче элди санап чыгайын дедим.
Миңге жетип калганымда ызы-чуу түшүп, “суу-суу” деген кыйкырык угулду. Кезекте кысылып турган бир келин эсин жоготуптур. Аны көптөп ээн жерге алып чыгышты. 4-5 жаштагы кызы чочуп, катуу ыйлап жатты.
Келинди эптеп өзүнө келтиришкенде, дагы бир улгайган кемпир эстен танды. Кезегимди алдырып койбоюн деп, 4-5, кээде жети сааттап наар албай тургандын кесепети болсо керек... Ошентип, саламаттыгы начарлагандарды биринчи катарга өткөрдүк.
Кезек күткөн кысылышта биринин кийими жыртылса, башынан түшүп калган жоолугун издеп жүргөнү да бар...
Кезегим төрт саат дегенде келди. Өзбек чек арачысы паспортумду текшерип, “куш келипсиз” деп өткөрүп койду.
Таң калдым. Менде өзбек чек арачылары эң мээримсиз кишилер деген ой орноп калган. Буга чейин коңшу өлкө аскерлеринде мындай мамилени көргөн эмесмин. Чек ара жабылганга чейин да бир канча жолу каттагам. Дайыма орой мамилеге туш болчумун. Өзгөрүүгө таң калдым.
Бир аз нары барсам, медициналык түйүнүндө эл толуп турат. Көрсө, кезек күтүп, кан басымы ашкандар жана башка көйгөйгө тушуккандар өздөрүн текшертүү үчүн бул жакка кайрылышкан экен. Бул эмкана атайын ошол максатта ачылыптыр.
Журналисттер чектен тоскоолсуз өтүүдө
Алардан өтүп, паспортко “кирди-чыкты” деген мөөр баскан аскер кызматкерлерине келдим.
Документимди текшерип, мен жөнүндө компьютерден маалыматтарды карап чыгып, “каерде иштейсиз?” деп суроо узатты. “Мугалиммин” дедим. Анткени 2013-жылы ушул эле жердеги аскер менин паспортумду текшерип “журналист экенсиз, болгондо да, бизде тыюу салынган компанияда иштейсиз” деп мени өткөрбөй койгон. Ошондуктан мунусунда “мугалим” болуп алдым.
Аскер жигит мага карап күлдү: “Аке, башка журналисттерди да өткөрүп жатабыз, кыжалат болбоңуз. Куш келипсиз!” деп паспортумду колума карматты.
Дагы таң калдым. Коңшулар биз тууралуу маалыматтарды кайдан, кантип алышат экен? деген ойлор менен бажы текшерүүсүнөн да өттүм.
Мурдагыдай сумканы атайын аппаратта текшерип, анан колдо да текшерген эреже жок. Оңой өтүп алдым. Өзбекстан тарап өзүмдү аппаратыма кошуп өткөрбөй койбосун деп үн жазган жана видеого тарткан жабдууларымды алган эмесмин. Ошого өкүндүм.
Жаңы бекеттер ачылууда
Өзбекстанга барып, Анжиян, Фергана облустарында үч күн жүрүп, артка кайттым. Ал жакта көргөн-билгендерим - өзүнчө бир баян.
Кайра келатканымда “Достук” өткөрүү түйүнүндө калайык үч күн мурдагыдай көп эмес экен.
Аскерлер 1-октябрда кыргыз-өзбек чек арасында дагы эки бекет ачылганын айтышты...
Баса, мурда чек ара көйгөйү жок кезде Өзбекстандан Кыргызстанга кыз-келиндер өтүп, талаа жумуштарында иштешип, акча жасап кетишчү.
Бул ирет да “пахта тергени баратам” деген онго жакын келинди көрдүм...