Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:31

XXI кылым: 35ке чыга элек чириген байлар


Топ башындагы Марк Цукерберг.
Топ башындагы Марк Цукерберг.

Wealth-X консалтинг компаниясы 21-кылымдагы эң бай 11 кишинин тизмесин чыгарды. Отузга чыга электе эле миллиарддаган акчаны өз күчү менен тапкан байлардын үчөө аялдар.

35 жашка чыга элек дүйнөнүн чириген байларынын дээрлик бардыгы миллиарддаган кирешесин өз күчү менен тапкандар. Алардын жетөө Америка Кошмо Штаттарында жашаса, үчөө аялдар. Отузга чыкпай жатып, миллионер болгондордун тизме башында Фейсбук социалдык тармагын негиздеген Марк Цукерберг турат деп кабарлайт Market Watch аналитикалык журналы. Анын таза кирешеси 41,6 миллиард доллар. Байлыкты ал өз акылы менен гана тапкан.

Ушул эле тизмеде экинчи орунда Фейсбуктун дагы бир түптөөчүсү, 9,3 миллиард доллары менен Дастин Москович турат. Кытайдын кыймылсыз мүлк боюнча магнаты Янг Гокянгдын 34 жаштагы кызы Янг Хуяндын мурастап калган байлыгы 5,9 миллиард доллар деп эсептелүүдө. Фейсбуктун Бразилиядагы негиздөөчүсү Эдуардо Саверин 33 гана жашта, бирок кирешеси 5,3 миллиард доллар болуп, азыр Сингапурда жашап жатат.

32 жаштагы Скотт Дэниел Дункан Enterprise Products компаниясынын мураскору, 5,3 миллиар доллары менен тизмеге кирди. Америкадагы кан анализин алып иштеткен медициналык Theranos компаниясынын жетекчиси Елизавет Холместин жашы болгону 31де, бирок байлыгы 4,5 миллиард доллар. Ал мынча акчаны өз күчү менен гана топтогон.

АКШлык 32 жаштагы Нэйсон Блекарчик, 33төгү Браян Чески жана Жой Геббиа ижарага берилчү бөлмөлөрдүн веб сайтын ачышып, кирешесин 3 миллиард доллар кылып алышкан. Швециялык 30 жаштагы Томас Перссон атасынан калган H&M аттуу кийим маркасы менен кирешеси 2,7 миллиард деп эсептелет. Кытайын суусундук сатуучу Hangzhou Wahaha Group компаниясынын негиздөөчүсүнүн 33 жаштагы кызы Фули Цонгдун байлыгы 2,7 миллиард доллар деп эсептелди.

Кыргызстандагы жаштар арасында да айрыкча билим менен илимге умтулгандар көп болгондуктан, ишкерликти эрте өздөштүрүп, байыгандар болушу толук мүмкүн деп эсептейт Жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Руслан Акматбеков:

- Кыргызстанда бай болуп, бийик деңгээлге жеткенге толук мүмкүнчүлүктөр бар. Жакында эле Казакстандан биздин ишкер кесиптештерибиз келишип, Кыргызстанда мунайдын же дагы башка кен байлыктарынын запасы болбогонуна карабай, ишкердиктин тез темп менен өнүгүп жатканын байкашты жана баалашты. Албетте, биздин жаштарыбыздын да потенциалы күчтүү. Азыр чет жактарда иштеп, байып жүргөн бир топ жаштарыбыз бар. Кыргызстан эгемендикти алгандан бери сервис өлкөсү болуп келе жатпайбы. Ушул багыттан киреше тапкандарыбыз арбын.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG