Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

Саясатчылар Жаңы жылды кайдан тосту?


Бишкектеги туристтик агенттиктер акыркы жылдары жаңы жылды дүйнөнүн экзотикалык өлкөлөрүндө тоскондор көбөйгөнүн айтышууда.
Бишкектеги туристтик агенттиктер акыркы жылдары жаңы жылды дүйнөнүн экзотикалык өлкөлөрүндө тоскондор көбөйгөнүн айтышууда.

Бул жолу Жаңы жылды жогорку бийлик башындагылар өз үйлөрүндө, айрым саясатчылар чет өлкөлөрдө тосту. Эски жылды түрмөдө узаткандар да жок эмес.

Бийликтин үч бутагынын башчылары, башкача айтканда, премьер-министр Жоомарт Оторбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева эски жылды жакындарынын жанында Бишкекте узатты.

Президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Жаңы жылды үй-бүлөсү менен Кыргызстанда эле тосорун билдирген.

- Мен башкаларга окшоп чет өлкөгө кетип калсам болбойт. Коомдо мага кандай мамиле болуп жатканын көрүп жатасыңар. Мен Жаңы жылды бул жакта эле тосом. Эгер өлкөдө бир нерсе болуп кетсе премьер-министр же министр кайда деп сурашпайт, президентти сурашат. Ошондуктан бул кышта эч жакка деле чыкпайм.

Бийлик башчылары Жаңы жылды үйдө эле тособуз дешкени менен туристтик агенттиктер акыркы жылдары аны дүйнөнүн экзотикалык өлкөлөрүнө барып тоскондор көбөйгөнүн айтышат.

Жарандарга чет өлкөлөрдө эс алуу кызматын сунуштаган “Кыргыз консепт” ишканасынын кызматкери Самара Турдалиева планетанын ысык өлкөлөрүндө эски жылды узатуу киши башына миң доллардан үч миң долларга чейинки каражатты талап кыларын айтат.

- Соңку жылдары майрамды чет өлкөдө тоскондор көбөйүп баратат. Көбүнчө ысык өлкөлөргө талап жогору. Жарандар Түркияга, Сингапурга, Дубайга жана Мальдив аралдарына кетип жатышат. Мындан сырткары экзотикалык өлкөлөргө да кызыгуу жогору.

Чет өлкө демекчи, Жогорку Кеңештин эркин депутаты Равшан Жээнбеков үй-бүлөсү менен Жаңы жыл тосуу үчүн Америка Кошмо Штаттарына атайын барган. Бул бир гана мисал, чет жерде майрамдоону чечкен айрым саясатчылар негедир маалымат берүүдөн баш тартышты.

Түрмөдөгү жаңы жыл...

Тагдырдын жазмышы менен саясатчылар Жаңы жылды бир гана үйүндө же чет өлкөдө тосушпады. Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев сыяктуу аткаминерлер эски жыл менен түрмөдө коштошту. Кылмыш иши козголгондордун дагы бири, сот чечими менен чет өлкөдө дарыланууга уруксат алган Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков 1-январды Дубайда тосту.

Парламенттеги “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов бул майрамды өз үйүндө тосууну салтка айланткан. Бирок тагдырдын буйругу менен анын да түрмөдө тоскон учуру болгон.

- Жаңы жыл салтка айланган үй-бүлөлүк майрам. Мусулманбы, христианбы же атестпи, менимче, айырмасы жок. Үй-бүлөлүк салтты бузбаш керек. Мен дайыма өз үйүмдө тосом. Баса белгилеп айтып коюш керек, түрмөдө тоскон учурлар да болгон.

Эл шымаланып майрамга даярданып жаткан чакта Турсунбай Бакир уулу баштаган айрым депутаттар аны диний ишенимине байланыштуу белгилешпейт. Жаңы жылды алар мусулмандардын майрамы эмес деп билишет.

Оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан да интернеттеги социалдык тармактарда Жаңы жылды майрамдоого каршы экенин билдирип келет. Деген менен Азимбек Бекназаров 1-январды үй-бүлөсү толугу менен тосорун 31-декабрда билдирди.

- Жаңы жылды бала-чакам менен бирге тосом. Бул күнү баарыбыз бир үйго топтолобуз. Уулум Руслан да майрамдык дасторконго келет. Майрам бүткөндөн кийин жай-жайларына тарап кетишет.

Жаңы жыл майрамы постсоветтик өлкөлөрдө салттуу майрам катары калыптанган. Акыркы жылдары бул майрамдын мусулмандарга тиешеси жок экенин жүйө кармап, аны белгилөөгө каршы чыккандардын саны көбөйүүдө.

Ошол эле учурда көпчүлүк адамдар эски 365 күндүн бүтүшүн, жаңы 365 күндүн башталышын билдирген бул күндү үй-бүлө мүчөлөрү менен бир дасторконго чогулуп, белгилөөнү адатка айлантып келишет.

XS
SM
MD
LG