Линктер
Мазмунга өтүңүз
Навигацияга өтүңүз
Издөөгө салыңыз
Жаңылыктар
Кыргызстан
Кыргызстан
Саясат
Экономика
маданият
Дүйнө
Дүйнө
Борбор Азия
Украина
Атайын иликтөө
ТВ программалар
Бүгүн Азаттыкта
Эксперттер талдайт
Биз жана дүйнө
Данисте
Эже-сиңдилер
Азаттык+
Ыңгайсыз суроолор
Подкаст
Өзгөчө пикир
Русский
Онлайн шерине
ЭЕ/АРнун бардык сайттары
Издөө
РУС
Эфир
Эфир
Издөө
Артка
Алдыга
ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44
Миң кырдуу дүйнө
Бишкектеги граффити галерея
17-Июнь, 2013
Тимур Токтоналиев
16-июнда Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө Борбор Азиядагы эң чоң граффити галерея ачылды. Анда Германиядан, Франциядан, Казакстандан келген сүрөтчүлөр менен кошо кыргызстандык граффитичилер да дубалга сүрөт тартышты.
1
Сүрөтчүлөр чыгармаларын Бишкектеги V Заманбап арт жана граффити боюнча эл аралык фестивалдын алкагында тартуулашты.
2
Фестивал Бишкекте 2009-жылдан бери өтүп келатат. Бул жылы ал кубаныч темасына арналды.
3
Фестивал Бишкек мэриясы, Франция жана Германия элчиликтеринин колдоосу менен өттү.
4
Дубалдарга граффити тартууга "Кыргыз темир жолу" ишканасы уруксат берди.
5
Сүрөтчүлөрдүн айтымында, граффити көрксүз имараттардын көркүн ачат.
6
Фестивалга театралдык актер, "Место Д..." театрынын жетекчиси Сергей Лысенко да катышты.
7
Граффитини тартып бүткөнгө татаалдыгына жана гаммасына жараша эки-үч сааттан бир-эки күнгө чейин убакыт кетет.
8
Бишкекте граффитчилердин чакан тобу бар. Алар өзүнүн талантын ушундай иш-чараларда жана бош убактысында калаанын ар кайсы бош дубалдарында көрсөтүп турат.
9
Батышта граффити тарткандар заказ алып, бул өнөр менен жанын бакса, Кыргызстанда бизнеске айлана элек.
10
Граффити Бишкекте 90-жылдардын аягында дубалдардагы сүрөттөр жана жазуулардан пайда боло баштаган. Ал Батыш өлкөлөрүнө салыштырмалуу дагы эле өнүгүп келаткан деңгээлинде жүрөт.
11
Граффити азыр заманбап искусствонун бир бөлүгүнө айланган. Дүйнөнүн мегаполистеринде граффити боюнча жарыштар уюштурулуп жана галереялар ачылып турат. Белгилүүлөрдүн бири - Лондондун Онтарио көчөсүндө.
12
Ошол эле учурда мыйзамсыз түрдө поездге, метрого жана дубалы кооздолгон жаңы имараттарга, ошондой эле тарыхый мурастарга кирген эски имараттардын дубалдарына тарткан граффитичилер менен күрөш жүрүп келатат.
13
Дубалда боёк же сыя менен тартылган жана жазылган ар кандай сүрөт, жазууларды граффити деп коёт. Сүрөтчүлөрдүн айтымында, граффити Кыргызстанда илегри эле жаралган. Ата-бабалар ташта тарткан жазуулар жана сүрөттөр да граффитиге кирет.
14
Бишкекте граффити дүйнөлүк тенденция менен кошо өнүгүп келатат.
Бишкектеги граффити галерея
Сунуш кылынган арга.
Чехия Сенаты крым-татарлардын жапырт депортацияланышын геноцид катары тааныды
XS
SM
MD
LG