Сапар Исаков сотко катышкан жок жана өзүнө тагылган күнөөнү мойнуна албайт.
Дагы бир айыпталуучу, президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаевага 260 миң сом айыппул салынды.
Сот мурдагы өкмөт башчыны Кылмыш кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен күнөөлүү деп тапты. Өкүмгө ылайык, Исаков зыяндын ордун толуктоо үчүн мамлекетке 247 миллион 650 миң 281 сомду да төлөп бериши керек.
Мурдагы премьер-министрге музей жана ипподромдун иши боюнча бир эле берене менен айып тагылып, эки башка жаза берилгенин судья Марат Сыдыков окуган өкүмдөн белгилүү болду.
«Исаков Сапар Жумакадырович Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү («Коррупция») менен күнөөлүү (музей иши) жана дагы ушул эле берене менен (ипподром иши) күнөөлүү деп табылды. Ар бир берене менен 12 жыл алты айга эркинен ажыратылат. Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде дагы эки жаза кошулуп, жыйынтыгында 16 жылга эркинен ажыратылат. Буга чейинки ЖЭБ иши боюнча соттолгону эске алынып, ал жалпы 18 жылга эркинен ажыратылат. Анын жаза мөөнөтү 2018-жылдын 5-июнь күнүнөн тартып эсептелет».
Соттун чечими менен президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева 320-берененин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыппулга жыгылды.
Исаковдун адвокаты Бакытбек Автандил уулу Биринчи май райондук соту 9-июнда чыгарган өкүмгө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазышарын билдирди:
«Биз чечимге макул эмеспиз. Өтө көп процессуалдык мыйзам бузуу катталды. Андыктан биз 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотко апелляция жазабыз. Исаковго музей иши боюнча 12 жылга, ипподром боюнча да 12 жылга эркинен ажыратуу чечими чыкты. ЖЭБ иши боюнча соттолгонун эске алып, аны 18 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион сом айып салынды. Коррупция бул өтө универсалдуу статья. Ал бардык мамлекеттик кызматкерлер үчүн коркунучтуу. Анткени бийликке жакпай калган адамдарды бул беренеге «тууралап» коюш оңой».
Мамлекеттик айыптоочу Үмүт Кокунбаева Исаков менен Карыбаеванын күнөөлөрү толук аныкталганын белгиледи:
«Кылмыш иштин материалдары, ошондой эле соттук териштирүүдө Сапар Исаковдун жана Мира Карыбаеванын күнөөсү толугу менен далилденди. Соттук териштирүү учурунда бардыгы болуп 53 күбө суралып, бир да күбө өз көрсөтмөсүн өзгөрткөн жок. Бардыгы айыпкерлердин күнөөсүн толугу менен далилдеп берди».
Буга чейин 4-июндагы отурумда прокуратура Сапар Исаковду Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча буга чейинки сот өкүмдөрүн кошкондо баш-аягы 20 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион сом айыппул салууну өтүнгөн. Ал эми Мира Карыбаевага коюлган «Коррупция» беренеси «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренесине өзгөртүлгөндүктөн, ага 260 миң сом айыппул салууну сураган.
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова Исаковго чыккан сот өкүмү тууралуу буларга токтолду:
"Сапар Исаковго карата чыгарылган чечим туура эмес. Себеби, бул жерде коррупцияга каршы күрөш деген берене коюлду, бирок далилдер жетиштүү болгон жок. Бул коррупцияга каршы күрөшкө жатпайт. Бул жерде саясий куугунттук болду. Атаандаштарга карата болгон басым деп билем".
Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жалпысынан жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен айып коюлган.
Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев. Булардын ичинен Исаков менен Карыбаевадан башкаларынын иши тергөө менен кызматташканы үчүн өзүнчө тергелип жатат. Алардын иши азырынча сотко өтө элек. Ишти кароого Бишкектин Биринчи май райондук соту 2019-жылы киришкен.
Башкы прокуратура бул иштен мамлекеттик бюджетке 247 миллион сомдук зыян келтирилгенин кабарлаган. Анын 101,6 миллион сому музейден, 145,9 миллион сому ат майданды оңдоодогу коррупциядан келтирилген зыян.
Улуттук тарых музейиндеги мыйзамсыз иштер 2018-жылы билинген. Бул маселени парламенттеги «Ата Мекен» фракциясы көтөрүп чыгып, музейди оңдоодо кеткен чыгым ашыкча көрсөтүлгөнү сөз болгон. Мисалы, жыгачтан жасалган 58 даана инсталляциянын ар бири 600 доллардан, аттын эки жыгач калыбы 14 миң евродон бааланганы айтылган.
Аталган фракциянын мүчөсү, депутат Сайдулла Нышанов сот өкүмү чыкканга чейин буларды билдирген:
«Кыргызстандын тарыхында бир да ири долбоор коррупциясыз, жаңжалсыз бүткөн жок. Бир миллион сомдон ашкан долбоор болсо эле, ошол жерде ызы-чуу. Биз Улуттук тарых музейинен жыгач аттар 14 миң евродон алынганын көргөнбүз. Жабдыктар 5-10 эсе кымбат алынган. Бир эле отургуч 100-110 миң сомго чейин бааланыптыр. Маселе сөзсүз бар. Бирок тергөө кандай иштеп, кимге кандай айып койгонун билбейм. Долбоордо коррупция болгон. Азыр бизде «тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» дегенге өтүп алышты».
2016-жылдагы эки тараптуу макулдашуунун негизинде Түркиянын ТИКА уюму Бишкектеги Улуттук тарых музейин оңдоону өзүнө алып, ага 15 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат караган.
Исаков президенттик аппаратты жетектеп турганда музейди оңдоону 2017-жылдын 31-августуна чейин бүтүрүүнү талап кылгандан улам, Түркия тарап жумушту улантуудан баш тартканы тергөөдө аныкталганы кабарланган. Буга байланыштуу мамлекеттик бюджеттен бир жарым миллиард сомдон ашуун кошумча каражат сарпталган.
Сапар Исаков Кыргызстанда мурдагы премьер-министрлердин ичинен эң узак мөөнөткө соттолгон жетекчи болуп калды. Талдоочу Марс Сариев Исаковдун жагдайы башка жаш саясатчыларга сабак болушу керек деп эсептейт:
"ЖЭБ боюнча да, музей боюнча да жаза мөөнөтү чоң берилди. Менимче, Сапар Исаков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланышкан кырдаалдын курмандыгы болду. Бул жаш аткаминер Атамбаевдин эч нерсе болбосуна 100 пайыз ишенген. Ал анын өтүнүчтөрүн чын ниеттен аткарган. Бизде болсо система ушундай да, баары бир коррупциялык иштерге аралашпай кое албайсың. Бирок, музей, ипподром жана ЖЭБ боюнча узак мөөнөттүн берилиши суроо жаратат. Юридикалык жагынан Сапар Исаковдун илинчеги болушу мүмкүн. Ошол эле кезде бул маселелерди абдан терең кароо керек. Анын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу да жагдайлары бар".
Талдоочу Исаковго оор жаза берүү менен азыркы бийлик башка оппоненттерине сес көрсөтүп койгусу да келиши мүмкүн деген ойдо.
Мурдагы премьер-министр Исаков 2019-жылдын декабрь айында Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу да 15 жылга түрмөгө кесилген. Ага каршы козголгон кылмыш иштеринин саясий кызыкчылыгы бар экенин айткандар бар.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.