Мындан тышкары жаңгактан май чыгарган атайын цех да ишке берилди. Эл аралык уюмдардын колдоосу менен ачылган чакан дүкөн токой жемиштеринин көпчүлүк түрүн сунуш кылууда.
Табигый экологиялык жактан сапаттуу токой жемиштерин саткан дүкөн Арстанбап айылында алгачкы жолу ачылды. “Манас ата” аталышындагы дүкөндө жаңгактын майы, алма, алчанын кургатылган талканы, козу карын, дары чөптөр өңдүү азыктар сатылат. Дүкөндүн ээси Манас Мусагулов токойдон бир топ киреше тапса болоорун айтат.
- Биздин дүкөндө сатылып жаткан продукциялар тамак-аш коопсуздугуна жооп берет. Булар атайын лабораторияда текшерүүдөн өтүп, андан соң даярдалып жатат. Эң негизгиси Арстанбапта жашаган жергиликтүү тургундар токойду зыянга учуратпай, андан пайда тапса болоорун үйрөнүшү керек. Мурда токойдогу алма, алчалар чириндиге айланып жок болчу. Эми алманы кургатып, андан как жана талкан жасап жатабыз. Жаңгакты мурда маңыз түрүндө сатыкка чыгарсак, эми андан май алып, жогорку баада сатыкка чыгардык. Токой жемиштерин биз экологиялык таза жол менен кайра иштетүүнү өздөштүрдүк. Мындан сырткары токойдогу жыгылган отундардан ар түрдүү сувенирлерди жасап чыгардык. Демек токойго аяр мамиле жасаса, ал адамды багаарын түшүнүп жатабыз.
“Кыргызстандын түштүгүндө жаңгак-мөмө токойлорун жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү жамааттарды катыштыруу аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты жоюу” долбоорунун алкагында ачылган дүкөн жаратылышка аяр мамиле кылып, андан пайда табуу максатын көздөйт.
Он чакты адамды жумуш менен камсыздаган дүкөндүн азыктары атайын лабораторияда текшерүүдөн өтүп, европалык талапка ылайык таңгакталып чыгарылууда. Дүкөн менен катар ушул эле айылда жаңгак маңызынан май чыгаруучу цех да ишке берилди. Ал жабдыктар Германиядан алып келинген. Манас Мусагулов буларды белгиледи:
- Өндүрүлгөн продукция оролгон целлофан баштыктарын жана айнек идиштерди атайын буйрутма менен алдырып жатабыз. Жаңгак майын адам ден соолугуна зыян келбегендей кылып, атайын технология менен чыгаруудабыз. Жаңгактын майы ден соолукка өтө пайдалуу. Баасы базар наркынан бир аз жогору болушу мүмкүн. Бирок сапат жагынан айырмаланат. Биз келген туристтерге гана сапаттуу жана таза продукция тартуулабай, өзүбүз да ошону колдонгонду өздөштүрүшүбүз керек.
Жайкысын туристтердин агымы үзүлбөгөн Арстанбап аймагы көпчүлүккө жаңгак токойлуу жаратылыш өзгөчөлүгү менен белгилүү. Мындай токой азыктары колго жасалып, азыр да базарларда сатылып келет. Бирок аларды жасоо ыкмасында санитардык эрежелер сакталат дегенге болбойт. Ошол себептүү жергиликтүү тургундар эс алуучуларга экологиялык таза тамак-аштарды даярдоону өздөштүрүүдө. Долбоордун Кыргызстандагы жетекчиси Эдит Кошкин буларды айтты:
- Биз Базар-Коргон районундагы алты токой чарба жана бир “Дашман” коругу менен төрт жылдан бери биргелешип иштеп жатабыз. Айыл тургундары жана жергиликтүү бийлик менен кызматташып, алар менен биргеликте жаңгак токоюн пайдалануунун заманбап жана туруктуу иш планын даярдап жатабыз. Ошону менен катар биз жергиликтүү топтордун токой азыктарын кайра иштетүү долбоорлорун колдоп бердик. Тургундарга токойду туура пайдалануу багытында түшүнүктөрдү бердик. Эми жергиликтүү эл жана мамлекет ушул уникалдуу жаңгак токоюн сактап калуу боюнча биргеликте аракет көрүшү керек.
Арстанбап токою - дүйнөдөгү ири жаңгак токойлордун бири. Анын көлөмү 300 миң гектарга чейин созулуп, орто эсеп менен жылына үч миң тонна жаңгак, беш миң тонна алма, беш жүз тонна мисте жыйналат.
Облустук Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы башкармалыгынын башчысынын орун басары Сабыр Томоев эл аралык уюмдардын колдоосу тууралуу буларды айтты:
- Арстанбаптагы жаңгак токойлуу аянттардын баары жергиликтүү тургундарга ижарага берилген. Эл аралык уюмдардын колдоосу менен алар токойлорун тосмолоого жетишип жатышат. Мындан сырткары аларга кеңири түшүнүктөр берилүүдө. Дүкөндүн ачылышы да тургундар арасында токойго болгон мамилесинин кандайдыр бир өзгөрүүсүнө багыт болот деп ойлойм. Азыр мамлекет тарабынан да токойлорду сактоого жана коргоого жакшы көңүл бурулуп жатат.
Долбоор “АгроЛид” коомдук бирикмеси жана Германиянын Эл аралык кызматташтык коому аркылуу ишке ашууда. Грек жаңгагы менен таанымал Арстанбап аймагына жыл сайын 50 миңден ашык адам эс алууга келет. Алардын бир аз бөлүгүн чет өлкөлүк туристтер түзөт.