Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Базар-Коргондогу кылмыш элди алдастатты


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Базар-Коргон районунун автобекетинде 19 жаштагы жигиттин көпчүлүктүн көзүнчө бычакталып өлтүрүлүшү коомчулуктун үрөйүн учурду.

Күбөлөрдүн айтымында, сегиз жолу бычак жеген бала жанындагылардан жардам сурап кыйкырса да эч ким ага кол сунган эмес. Ал кезде бекетте милиция менен күзөтчүлөр да болгон эмес.

Маркум жардам сураган...

Базар-Коргон автобекетинде 7-майда бычакталып каза болгон 19 жаштагы Абдулла Исанов кечээ Арстанбап айылында жерге берилди. Маркумдун жакыны Азимжан Токтосунов окуя тууралуу билгендерин айтып берди:

- Ал күнү Абдулла окуусуна барыш үчүн автобекетте маршрутка күтүп турган. Ага кол салган бала менен бет маңдай сүйлөшкөн эмес. Автобекеттин байкоочу камерасына тартылган видеого караганда ага күтүүсүз кол салып, денесинин сегиз жерине бычак сайган. Окуяга чейин автобекетте бычак көтөргөн бейтааныш адам жүргөнү тууралуу милицияга кабар берилген экен. Бирок алар келип, аны кармашкан эмес. Кылмышкер баламды бычактап салгандан кийин гана милиция келип, кармап жатпайбы. Балким эрте келип бычак көтөрүп жүргөн адамды кармаганда биздин уулубуз анын колуна түшмөк эмес жана аман калмак.

Базар-Коргондогу автобекет.
Базар-Коргондогу автобекет.

Социалдык тармактарда тараган видеолордо кансырап жаткан жигитке "Тез жардам" келгенин, бирок "тергөөчүлөр келмейинче алып кетүүгө мүмкүн эмес" деп дарыгерлер жабырлануучуга тийбей турганын көрүүгө болот. Мындан улам коомчулукта адистердин кыймыл-аракети сынга алынып, "Эмне үчүн жабырлануучунун өмүрүн сактап калууга аракет кылышкан эмес?" деген суроолорду пайда кылды.

Базар-Коргондун "Тез жардам" кызматынын фельдшери Амира Кадырова мындай түшүндүрмө берди:

- Бизге чакыруу түшөөр замат окуя болгон жерге жети мүнөттүн ичинде барганбыз. Анткени эртең менен бизде чакыруу аз болот. Жерине барган учурда денесине бычак сайылып, жансыз жаткан баланы көрдүк. Ал эчак эле дем албай калган экен. Ал жерде чогулгандар бизге "өлүктү алып кеткиле" деп кыйкырып жатышты. Бирок талап боюнча денесине сайылган бычакты да, өлүк денени да алууга болбойт. Каза болгон баланын жанында колдору байланган бала отурган экен, аны текшерели десек да эл тоскоол болду. Анткени ал бычак сайган жигит экен. Ошондуктан артка кайтууга аргасыз болгонбуз.

Күбөлөрдүн айтымында, жабырлануучу бала кыйкырып жардам сурап жатса да ага бычак шилтеп жаткан кишини эч ким токтото алган эмес. Бир кезде жашы улуураак аксакал бычактап жаткан жигитти токтотуп, эл үймөлөктөп милиция келгенге чейин аны кармап турушкан.

Соцтармактарда тараган видеону көргөндөр баланы арачалап калууга эч ким аракет кылбаганын белгилеп, муну коомдун кайдыгерлиги катары баалап жатышат. Аты-жөнүн айткысы келбеген тургун буларды билдирди:

- Интернетке чыккан видеолорго караганда баланы бычактап өлтүргөнчө эч ким жардам берген эмес. Кантип эле ошончо адамдын бир кишиге алы жетпесин? "Күчтүүмүн" деген эркектер кайда жүргөн? Артынан барып, түртүп жиберсе болмок да. Эгерде мен ошол жерде болгонумда аял экениме карабай ошондой кылмакмын. Мен бул окуяда чогулгандардын кайдыгерлигин көрүп турам. Эч ким жардам бере албаганы акмакчылык да.

Ай сайын 36 миңден ашуун жүргүнчүнү тейлеген Базар-Коргон автобекетинде ошол учурда милиция жана күзөт кызматкерлери да болгон эмес. Автобекетте каржылык тартыштыктан улам күзөтчү жана медицина кызматкерлери жок. Бекеттин директору Бектемир Керимкулов буларды айтты:

- Биздин аймакты караган атайын инспекторлор бар. Ал эми өздүк күзөтчүлөрүбүз жок. Штатта андай каралган эмес. Окуя болгон күнү диспетчерлер дароо милиция менен "Тез жардам" кызматына чалганга аракет кылышкан. Бирок алардын телефону бошобой турду. Инспектор болсо ал күнү чогулушта жүрүп, бул жакта болбогону айтылууда. Бизде 15 гана кызматкер иштейт. Ызы-чуу болсо милицияга гана кайрыла алабыз.

Кооптонгон соодагерлер

Райондук ички иштер бөлүмү адам өлүмү менен коштолгон окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзө баштады. Эки инспектордун үстүнөн да кызматтык иликтөө башталганын облустук ИИБнин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдукулов айтты:

- Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Ал эми кылмыш кылган адам азыр убактылуу кармоочу жайда. Автобекет аймагын караган инспекторлордун үстүнөн кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Кылмышка шектүү катары кармалган Арстанбап айылынын тургуну 24 жашта. 8-майда Арстанбап айылынын борборуна жашоочулар чогулуп, коомдук жайларда коопсуздук иштерин күчөтүүнү суранып бийликке кайрылышты. Ал эми райондук автобекеттин жанында соода кылгандар милициянын бөлүмчөсүн ачууну суранышууда. Алардын бири Айсалкын Осмоналиева:

- Бычактап өлтүргөн окуя менин көз алдымда болду. Ошондон бери кан басымым жогорулап, өзүмө келе албай жатам. Катуу коркуп калыпмын. Эми автобекеттин жанына милиция кызматкерлерин такай коюп же алардын бөлүмүн ачпаса болбойт. Буга чейин мас кишилер келсе коркпой аларга катуу сүйлөп, кетирип салчумун. Эми азыр өз өмүрүм үчүн коркуп жатам.

Маркум 19 жаштагы Абдулла Исанов үй-бүлөдө беш бир туугандын ортончусу эле. Ал Сузак районундагы медреселердин биринде билим алчу. Эс алуу күнү ата-энесин көргөнү келген Абдулла дүйшөмбүдө медреседеги окуусуна барыш үчүн автобекетте автобус күтүп турган. Милициянын баштапкы маалыматында окуяга эки жигиттин бекетте орун талашканы себеп болгону айтылат. Ал эми маркумдун жакындары психикалык жактан оорукчан жигит эч себепсиз кол салууга барганын билдирүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG