Мамлекеттик каттоодон өтмөйүнчө нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоору депутаттардан колдоо таппаганы коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Бул мыйзам кабыл алынса кыздардын эрте турмушка чыкканы азаймак деген пикирлер басымдуу.
Өлкөнүн акыйкатчысы жана укук коргоочулар кайрадан добушка коюп, кабыл алуу талабы менен чыгып жатышат. Секелектерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоору эмнеге парламентте колдоо таппай калды? Каршы добуш берген эл өкүлдөрү мыйзамдын зарылчылыгын сезген жокпу же мыйзам чийки беле?
Расмий маалымат боюнча Oшто эле миңден ашык секелекке нике кыйылган. Мыйзамдын демилгечилери долбоорду кабыл алуу менен ушул өңдүү көйгөйлөр чечилмек дешкен. Себеби жашы жетелектерди турмуш курууга мажбурлаган тараптардын, ата-энелердин жоопкерчилиги да каралган. Ага ылайык, жашы жетелек эле турмуш курууга мажбурланган адамдын ата-энеси же анын ордундагы мыйзамдуу адамдар, үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылууга тийиш болчу.
Мыйзамга 44 депутат "макул" болуп, 61и "каршы" добуш берген. Каршы болгон айрым эл өкүлдөрү коомчулуктун нааразычылыгынан кийин "техникалык ката кетиптир", "мен ордумда эмес болчумун" деп актанууга киришти. Ал эми айрымдары мыйзамдын чийкилигинен нике кыйган диний кызматкерлер жабыр тартат деген пикирде.
Мыйзам өтпөй калгандан кийин айрым укук коргоочулар кескин сынга алып, парламент көп аял алууга жол ачып, кала берсе педофилия менен каршы күрөшкө сокку урулду дешүүдө.
Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда аялдардын 15 пайызы 18 жашка, ал эми бир пайызы 15 жашка толо электе турмушка чыгат. Бул багытта Евразия чөлкөмүндөгү 35 мамлекеттин арасында жүргүзүлгөн изилдөөдө Кыргызстан бешинчи орунда турат.
Кыздардын эрте турмушка чыгуусу менен толгон-токой маселе кошо жаралат. Мисалы, билим алуусу чектелет, ден соолугу начарлайт, ошондой эле ажырашса, эч кандай укукка ээ болбойт.