"Никеси" кыйылбаган мыйзам
Мамлекеттик каттоодон өтмөйүнчө нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоору депутаттардан колдоо таппаганы коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Бул мыйзам кабыл алынса, кыздардын эрте турмушка чыкканы азаймак деген пикирлер басымдуу. Өлкөнүн акыйкатчысы жана укук коргоочулар кайрадан добушка коюп, кабыл алуу талабы менен чыгып жатышат. Секелектерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоору эмнеге парламентте колдоо таппай калды? Каршы добуш берген эл өкүлдөрү мыйзамдын зарылчылыгын сезген жокпу же мыйзам чийки беле? “Азаттык+” парламент четке каккан нике мыйзамын талкууга алды.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 07, 2024
Беш кылым cакталган китепти көрдүңүз беле?
-
Ноябрь 23, 2024
Аш-тойдун көркүн ачкан ашпозчулар
-
Октябрь 11, 2024
Азаттык+ подкаст: “Кыздар эч кимге карыз эмес”
-
Сентябрь 28, 2024
Бишкектик студенттин түйшүгү: Акча, батир, тыгын
-
Сентябрь 13, 2024
Жаратман жаштар эркин өлкөнү курат