Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Практика ордуна палас жууган студенттер


Палас жууп жаткан студент кыз
Палас жууп жаткан студент кыз

Өткөн аптада Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук администрациясына практикага барган студенттердин палас жууп жаткандагы сүрөттөрү кызуу талкуу жаратты.

Университеттен алган теориялык билимди практикада колдонуу максатында барган студенттер кайдыгер мамилеге кабылып, кара жумушка тартылган учурлар да кездешет.

Университеттин уясынан учуп жаткан жаш кадрлардын даярдыгы кандай? Жумуш берүүчүлөр аларга кандай талап коет?

“Азаттык плюс” бул жолу студенттердин кесиптик даярдыгы тууралуу сөз кылды.

Башкаруу академиясынын студенти Айкөкүл Маматова Биринчи Май райондук администрациясында практика учурунда палас жууп жаткан сүрөтүн 13-июнда Фейсбуктагы баракчасына чыгарган. Практиканы башкача өтүүнү эңсеп барган студент кыз эми өз кесибине болгон кызыгуусу тараганын айтат:

Билим берүү баарына бирдей болсо...

Билим берүү баарына бирдей болсо...

Жалал-Абад шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны миңден ашуун.

- Мен шаардык мэриянын иш-чараларына, чогулуштарына отуруп көрөм деп ойлогом. Бирок тилекке каршы, андай болгон жок. Барган күнү иш усулдарын бизге эч ким түшүндүрүп да берген эмес.

Бишкектин Биринчи Май райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Канатбек Айдаровдун айтымында, практиканттардын палас жууганы буга чейин болгон эмес. Алардын пайдалуу нерсе үйрөнүп, тажрыйба топтоосуна кесиптештери көмөктөшүп келерин белгилейт.

Коомдук активист Перизат Саитбурхан ар кандай эл аралык программалар аркылуу АКШ, Германияда стажировкадан өтүп келген. Ал өлкөдө практиканттарга болгон кайдыгер мамиле туура эмес системадан улам болуп жатканын айтты:

- Бизде улуу муун жаштардан жаңы идеяларды күтпөйт, акылдуу деп да эсептешпейт. Ал эми чет өлкөдө башкаруу, баш ийүү деген түшүнүктөр такыр жок экен. Эгер жаңы келген практикант өзүнүн жаңы идеяларын сунуштап, өзгөртөлү десе, жетекчилик сөзсүз колдоо көрсөтөт. Чоң компаниялар болсо жумушка алуу үчүн студенттерге конкурс жарыялап, арасынан мыктыларын тандап алат.

Улуттук университеттин юридика факультетинин декан орун басары Илимбек Кубатов белгилегендей, улуу-кичүү деп улуттук менталитеттин адамдардын укуктарынын бузулушуна жол берилбеши керек. Практикант өз укугун коргоп, жетекчиси берген тапшырманы так аткара билүүсү шарт. Ал эми практикантты кабыл алган жетекчинин милдети - студенттин берилген тапшырманы кантип, кандай аткарып жаткандыгын көзөмөлдөө болуп саналат.

Студенттик практика: паластан парламентке чейин
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:24 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

XS
SM
MD
LG