Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:25

Футбол: Кыргызстан-Австралия 1-2

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Австралиянын курама командаларынын беттеши өттү. 2-1 эсебинде австралиялыктар жеңгени менен кыргыз футболчулары мыкты оюн көрсөттү.

Кыргызстан-Австралия курамалары 2018-жылы өтө турган дүйнө чемпиондугунун 2-квалификациялык тандоо оюндарынын алкагында ойноду.

Дүйнө чемпиондугуна экинчи айлампалык тандоонун оюндары 11- июнда башталган. Кыргызстан “В” тайпасында Бангладеш, Тажикстан, Иордания жана Австралия курамалары менен бир тайпага бөлүнгөн. 2016-жылдын март айынын аягына чейин аталган командалар үйдө жана конокто ойношот. Алгачкы беттешинде Кыргызстан мындан беш күн мурда Бангладеш өлкөсүнүн футболчуларын 3:1 эсебинде утуп алган. Бул күнү Тажикстан менен Иордания курамалары ойноп, тажик футбочуларын иорданиялыктар 3:1 эсебинде уткан эле. Бангладеш курамасы менен беттешке чейин кыргыз футболчулары бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында машыккан. Ага чейин бир катар машыгууларды, жолдоштук беттештерди өткөрүштү.

Улуттук курамага Кыргызстанда төрөлүп, европалык клубдарда ойноп жүргөн бир нече футболчулар чакырылган. Алардын арасында Германдияда жашап, ойноп жүргөн Виктор Майер (SV Meppen), Сергей Евлюшкин (KSV Hessen Kassel) жана Виталий Люкс (“Нюрнберг-2”), ошондой эле Польшанын Widzew клубунда ойногон Эдгар Бернхард дагы бар. Алгач кыргыз курамасында ойноп жүрүп, Казакстандын жарандыгын алып кеткен Антон Землянухин дагы кайрадан кыргыз футболчуларынын катарына кошулду.

21:50 16.6.2015

Австралиялык foxsports.com.au интернет баракчасы Бишкектеги бүгүнкү мелдешке тушташ жарыялаган лайв-блогдо австралиялыктар кыргыз футболчуларынын оюнун негизинен жакшы баалап жатышканы көрүнөт.

Daniel Carb ысымдуу күйөрман “Кыргызстан ойной алат экен”, кыргыз оюнчулар “Австралияга террор көргөзүүдө” деп жазса, Ned Zelic деген күйөрман “Бишкектеги күрөш жакшы маанайда ургалдуу жүрүп жатканын”,- белгилейт.

Австралиялык адистердин эсебинде, оюндун биринчи бөлүгүндө кыргызстандык оюнчулар топту биринен экинчисине 144 жолу узатса, австриялыктар топту биринен экинчисине 279 жолу өткөрдү.

Биринчи айлампада топ бир оюнчудан экинчиге так өткөрүүдө 79% кыргызстандыктар, 84% австралиялыктар көрсөттү.

Кыргызстан –Австралия курамаларынын бүгүнкү мелдеши 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында өтүүдө.

Кыргызстан курамасынын Азия чемпиону Австралия менен алгачкы беттеши жергиликтүү күйөрмандар арасында чоң кызыгууну жаратып, колдон сатылган билет миң сомго чейин чыкты.

Шаардык милиция оюндун коопсуздугун камсыздоого 2000дей кызматкер тартыларын билдирген. (UE)

21:50 16.6.2015

21:51 16.6.2015

21:51 16.6.2015

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG