Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:19

Футбол: Кыргызстан-Австралия 1-2

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Австралиянын курама командаларынын беттеши өттү. 2-1 эсебинде австралиялыктар жеңгени менен кыргыз футболчулары мыкты оюн көрсөттү.

Кыргызстан-Австралия курамалары 2018-жылы өтө турган дүйнө чемпиондугунун 2-квалификациялык тандоо оюндарынын алкагында ойноду.

Дүйнө чемпиондугуна экинчи айлампалык тандоонун оюндары 11- июнда башталган. Кыргызстан “В” тайпасында Бангладеш, Тажикстан, Иордания жана Австралия курамалары менен бир тайпага бөлүнгөн. 2016-жылдын март айынын аягына чейин аталган командалар үйдө жана конокто ойношот. Алгачкы беттешинде Кыргызстан мындан беш күн мурда Бангладеш өлкөсүнүн футболчуларын 3:1 эсебинде утуп алган. Бул күнү Тажикстан менен Иордания курамалары ойноп, тажик футбочуларын иорданиялыктар 3:1 эсебинде уткан эле. Бангладеш курамасы менен беттешке чейин кыргыз футболчулары бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында машыккан. Ага чейин бир катар машыгууларды, жолдоштук беттештерди өткөрүштү.

Улуттук курамага Кыргызстанда төрөлүп, европалык клубдарда ойноп жүргөн бир нече футболчулар чакырылган. Алардын арасында Германдияда жашап, ойноп жүргөн Виктор Майер (SV Meppen), Сергей Евлюшкин (KSV Hessen Kassel) жана Виталий Люкс (“Нюрнберг-2”), ошондой эле Польшанын Widzew клубунда ойногон Эдгар Бернхард дагы бар. Алгач кыргыз курамасында ойноп жүрүп, Казакстандын жарандыгын алып кеткен Антон Землянухин дагы кайрадан кыргыз футболчуларынын катарына кошулду.

17:16 16.6.2015

17:20 16.6.2015

Кыргыз курма командасынын оюнчулары:

Дарбазачылар:

Валерий Кашуба («Худжанд», Тажикистан) (16)

Максим Зинченко («Дордой») (12)

Руслан Амиров («Алга»)

Павел Матяш («Алга») (1)

Коргоочулар:

Марат Аджиниязов («Дордой») (13)

Азамат Байматов («Дордой») (7)

Талант Самсалиев («Дордой») (3)

Курсан Шератов («Дордой») (5)

Дэниел Тэго («Дордой») (4)

Валерий Кичин («Тюмень», Орусия) (2)

Виктор Майер (SV Meppen, Германия) (6)

Тамирлан Козубаев («Алга») (9)

Жарым коргоочулар:

Эдгар Бернхардт (Widzew, Польша) (23)

Сергей Евлюшкин (KSV Hessen Kassel, Германия)

Ильдар Амиров («Алга»)

Павел Сидоренко («Алга») (14)

Турсунали Рустамов («Алга») (15)

Бахтияр Дуйшобеков («Абдыш-Ата») (20)

Фархат Мусабеков («Абдыш-Ата») (21)

Вадим Харченко («Дордой») (11)

Азиз Сыдыков («Дордой») (8)

Антон Землянухин («Раднички», Сербия) (22)

Чабуулчулар:

Алмазбек Мирзалиев («Дордой») (18)

Мирлан Мурзаев («Дордой») (10)

Виталий Люкс («Нюрнберг-2», Германия) (19)

Башкы машыктыруучу: Александр Крестинин (Орусия)

17:22 16.6.2015

Австралия курама командасынын оюнчуларынын алдын ала тизмеси:

Дарбазачылар:

Юджин Галекович («Аделаида Юнайтед», Австралия), 2015-ж. Азия чемпиону (№18)

Митчэлл Лэнгерак («Боруссия», Дортмунд, Германия), 2015-ж. Азия чемпиону (№12)

Мэтью Райн («Брюгге», Бельгия), 2015-ж. Азия чемпиону (№1)

Коргоочулар:

Азиз Бехич («Бурсаспор», Түркия), 2015-ж. Азия чемпиону (№13)

Джейсон Дэвидсон («Вест Бромвич», Англия), 2015-ж. Азия чемпиону (№3)

Иван Франьич (без клуба), 2015-ж. Азия чемпиону (№2)

Марк Миллиган («Мельбурн Виктори», Австралия), 2015-ж. Азия чемпиону (№5)

Мэттью Спиранович («Сидней», Австралия), 2015-ж. Азия чемпиону (№6)

Алекс Уилкинсон («Чонбук Хендай Моторс», Корея), 2015-ж. Азия чемпиону (№22)

Бэйли Райт («Престон», Англия)

Жарым коргоочулар:

Оливер Бозанич («Люцерн», Швейцария) (№13)

Натан Бернс («Веллингтон Финикс», Новая Зеландия), 2015-ж. Азия чемпиону (№16)

Кристофер Джеймс Икономидис («Лацио», Италия) (№25)

Майл Единак («Кристал Пэлас», Англия), 2015-ж. Азия чемпиону (15)

Мэтт Маккей («Брисбен Роар», Австралия), 2015-ж. Азия чемпиону ()

Томас Оур («Утрехт», Голландия), 2015-ж. Азия чемпиону (№11)

Джеймс Тройси («Зульте-Варегем», Бельгия), 2015-ж. Азия чемпиону (№14)

Даниэль Да Сильва («Петр Глори», Австралия)

Чабуулчулар:

Тим Кэхилл («Шанхай Шеньхуа», Кытай), 2015-ж. Азия чемпиону (№4)

Тарек Эрлич («Аделаида Юнайтед», Австралия) (№19)

Томи Юрич («Сидней», Австралия), 2015-ж. Азия чемпиону (№9)

Мэтью Лекки («Ингольдштат-04»), Азия чемпиону (№7)

Башкы машыктыруучу: Эндж Пастекоглоу (Австралия)

17:49 16.6.2015

Кыргызстан менен Австралия беттешине кыргыз курамасы мыкты даярдыкта экенин Кыргызстандын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин буга чейин билдирген:

- Албетте, Австралия Азиянын чемпиону. Бирок, биз бул курама биздин тайпадагы атаандаштарыбыздын бири экендигин түшүнүшүбүз керек. Алар да күчтүү, жеңишке татыктуу. Биз өз жерибизде ойнойбуз. Оюнга татыктуу даярдандык. Жеңишке жетүүгө дайым даярбыз жана бул беттеште утуш үчүн болгон күч - аракетибизди жумшайбыз. Бизге ар бир оюндун жыйынтыгы маанилүү. Оюн кандай аяктай тургандыгын эртең көрөбүз. Мен шакирттериме ишенем.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG