Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Футбол: Кыргызстан-Австралия 1-2

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Австралиянын курама командаларынын беттеши өттү. 2-1 эсебинде австралиялыктар жеңгени менен кыргыз футболчулары мыкты оюн көрсөттү.

Кыргызстан-Австралия курамалары 2018-жылы өтө турган дүйнө чемпиондугунун 2-квалификациялык тандоо оюндарынын алкагында ойноду.

Дүйнө чемпиондугуна экинчи айлампалык тандоонун оюндары 11- июнда башталган. Кыргызстан “В” тайпасында Бангладеш, Тажикстан, Иордания жана Австралия курамалары менен бир тайпага бөлүнгөн. 2016-жылдын март айынын аягына чейин аталган командалар үйдө жана конокто ойношот. Алгачкы беттешинде Кыргызстан мындан беш күн мурда Бангладеш өлкөсүнүн футболчуларын 3:1 эсебинде утуп алган. Бул күнү Тажикстан менен Иордания курамалары ойноп, тажик футбочуларын иорданиялыктар 3:1 эсебинде уткан эле. Бангладеш курамасы менен беттешке чейин кыргыз футболчулары бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында машыккан. Ага чейин бир катар машыгууларды, жолдоштук беттештерди өткөрүштү.

Улуттук курамага Кыргызстанда төрөлүп, европалык клубдарда ойноп жүргөн бир нече футболчулар чакырылган. Алардын арасында Германдияда жашап, ойноп жүргөн Виктор Майер (SV Meppen), Сергей Евлюшкин (KSV Hessen Kassel) жана Виталий Люкс (“Нюрнберг-2”), ошондой эле Польшанын Widzew клубунда ойногон Эдгар Бернхард дагы бар. Алгач кыргыз курамасында ойноп жүрүп, Казакстандын жарандыгын алып кеткен Антон Землянухин дагы кайрадан кыргыз футболчуларынын катарына кошулду.

17:20 16.6.2015

Кыргыз курма командасынын оюнчулары:

Дарбазачылар:

Валерий Кашуба («Худжанд», Тажикистан) (16)

Максим Зинченко («Дордой») (12)

Руслан Амиров («Алга»)

Павел Матяш («Алга») (1)

Коргоочулар:

Марат Аджиниязов («Дордой») (13)

Азамат Байматов («Дордой») (7)

Талант Самсалиев («Дордой») (3)

Курсан Шератов («Дордой») (5)

Дэниел Тэго («Дордой») (4)

Валерий Кичин («Тюмень», Орусия) (2)

Виктор Майер (SV Meppen, Германия) (6)

Тамирлан Козубаев («Алга») (9)

Жарым коргоочулар:

Эдгар Бернхардт (Widzew, Польша) (23)

Сергей Евлюшкин (KSV Hessen Kassel, Германия)

Ильдар Амиров («Алга»)

Павел Сидоренко («Алга») (14)

Турсунали Рустамов («Алга») (15)

Бахтияр Дуйшобеков («Абдыш-Ата») (20)

Фархат Мусабеков («Абдыш-Ата») (21)

Вадим Харченко («Дордой») (11)

Азиз Сыдыков («Дордой») (8)

Антон Землянухин («Раднички», Сербия) (22)

Чабуулчулар:

Алмазбек Мирзалиев («Дордой») (18)

Мирлан Мурзаев («Дордой») (10)

Виталий Люкс («Нюрнберг-2», Германия) (19)

Башкы машыктыруучу: Александр Крестинин (Орусия)

17:16 16.6.2015

17:06 16.6.2015

17:05 16.6.2015

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG