Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:55
Алмазбек Атамбаев. 3-июль, 2019
Алмазбек Атамбаев. 3-июль, 2019

Бийликке каршы митингдин алты талабы

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлеринин бийликке каршы митинги аяктады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери Бишкектеги «Медиа Форум» имаратынын алдында президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигине каршы митинг өткөрүштү.

«Соке болбой калды» аттуу акцияда «Эски элита кетип, жаңы элдик лидерлер келсин!» деген чакырык ташталып, бийликке талапты аткарууга эки айлык мөөнөт берилди.

18:43 3.7.2019

18:42 3.7.2019

Мурдагы президенттин тарапташтары уюштурган "Соке болбой калды!" аттуу митингдин резолюциясы.

"1. Президент Сооронбай Жээнбеков тез аранын ичинде мыйзамсыздыкты токтотуп, мамлекеттик органдарды укуктук талаага кайтарууга тийиш.

2. Өкмөт токтоосуз отставкага кетип Элдик өкмөт түзүлүүгө тийиш.

3. Президент жана өкмөт УКМКнын, Башкы прокуратуранын жана ИИМдин жетекчилигин токтоосуз алмаштырууга тийиш. Укук коргоо системасын түп-тамырынан бери реформалоого тийиш.

4. Азыркы режимдин камакта мыйзамсыз отурган саясий оппоненттери токтоосуз түрдө бошотулсун. Акыркы жылдардагы бардык чуулгандуу иштерди адилеттүү тергөө камсыз кылынсын.

5. Мамлекеттик бийликтин беделин кетирген жогорку мансаптуу чиновниктерди жана депутаттарды люстрациялоо жүргүзүлсүн. Мамлекеттик аппаратты кармоо боюнча чыгымдар кыскартылсын.

6. Мамлекеттик жетекчилик кызматтарга прогрессивдүү ой жүгүртө билген жаңы адамдардын келиши камсыз кылынсын. "Эски элита" кетсин, жаңы элдик лидерлер келсин!

Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар эки ай ичинде аткарылбаса, Элдик штабга бүткүл өлкө боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтүнөн мурда отставкага кетишин жана парламентти таратууну талап кылган массалык нааразылык акцияларын өткөрүү тапшырылат", - деп айтылат мурдагы президенттин тарапташтары тараткан резолюцияда.

18:30 3.7.2019

18:28 3.7.2019

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бүгүнкү митинг тууралуу мындай пикирин билдирди.

"Алмазбек Атамбаев азыр оппозиция эмес, ультра-радикал оппозиция болуп турат. Саясий кризис чынында бар. Эл арасында бөлүнүү да бар. Мен жакында эле Нарындан келдим. Элдин пикири ар кандай болуп жатат. Ошондуктан күч органдары тез аранын ичинде чара көрүп Атамбаевдин күнөөсү барбы же жокпу деп элден сурашы керек. Ошого жараша бар болсо бар, жок болсо жок деп маселеге чекит коюшу зарыл", - деди Алмамбет Шыкмаматов.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG