Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:04
Алмазбек Атамбаев. 3-июль, 2019
Алмазбек Атамбаев. 3-июль, 2019

Бийликке каршы митингдин алты талабы

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлеринин бийликке каршы митинги аяктады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери Бишкектеги «Медиа Форум» имаратынын алдында президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигине каршы митинг өткөрүштү.

«Соке болбой калды» аттуу акцияда «Эски элита кетип, жаңы элдик лидерлер келсин!» деген чакырык ташталып, бийликке талапты аткарууга эки айлык мөөнөт берилди.

18:23 3.7.2019

Митингде резолюция кабыл алынды. Анда өкмөттү кетирүү, саясий куугунтукту токтотуу, парламентти таркатуу ж.б. талаптар камтылган. Чогулгандар резолюцияны ишке ашырууга бийликке эки ай мөөнөт берди. Эгер эки ай ичинде талап аткарылбаса, массалык митингдер башталарын эскертишти.

18:19 3.7.2019

18:18 3.7.2019

Алмазбек Атамбаев: Эң башкы нерсе элдин биримдиги. Кой-Ташта мага коргоонун кереги жок. Андан көрө куугунтукка кабылган жаш балдарды коргогула. Бакиевдер азыр кол чаап сүйүнүп, Жээнбековдорго рахмат айтып жатышса керек. Ошол 7-апрель болбосо, Жээнбековдор бийликке келет беле?

Азыр биз бийликке үч талап коебуз.

1. Парламент тарасын, чукул шайлоо өтсүн

2. Элдик өкмөт түзүлсүн.

3. Күнөөсүз балдарды кармап аткан АКСтин, УКМКнын жетекчилери өздөрү жоопко тартылсын.

"Сооронбай от менен ойноп атасың. Элди бөлүп аласың. Кыргызстандын келечегин ойлойлу" деп сөзүн жыйынтыктады Атамбаев.

18:12 3.7.2019

Алмазбек Атамбаев: Парламенттеги Рыспаевдердин ордуна жаңы, жаш лидерлер келиши керек. Кыргызстанды азыр Матраимов-Жээнбеков кланы башкарып атат. Өткөн жылы бажыдан кирген товардын саны 40 миң тоннага көбөйүптүр, бирок түшкөн салык азайыптыр. Ачыктан ачык эле уурдап жатышат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG