Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54
Алмазбек Атамбаев. 3-июль, 2019
Алмазбек Атамбаев. 3-июль, 2019

Бийликке каршы митингдин алты талабы

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлеринин бийликке каршы митинги аяктады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери Бишкектеги «Медиа Форум» имаратынын алдында президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигине каршы митинг өткөрүштү.

«Соке болбой калды» аттуу акцияда «Эски элита кетип, жаңы элдик лидерлер келсин!» деген чакырык ташталып, бийликке талапты аткарууга эки айлык мөөнөт берилди.

18:08 3.7.2019

Алмазбек Атамбаев: Эч нерседен коркпойм. Бирок балдарды куугунтуктап жатышат. Сооронбай Жээнбековго от менен ойногон жаман болот деп айткым келет. Мен балдарды токтотуп жатам. Минтип отурса бул бийлик күзгө чейин түшөт. Ошондой болсо да мен бийликке барбайм.

18:04 3.7.2019

Чогулгандардын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев чыкты.

"Мээрбек Мискенбаевге окшоп кордук көргөн жигиттер көп болуп кетти. Москвада окуган жигитти чыгарбай коюптур. Бийликтин көзүн май басканда ошондой болот. Анан эл чыдабай, көтөрүлөт. Аларга да жаман болот, элге да кыйын болот", -деди Атамбаев.

17:59 3.7.2019

Мээрбек Мискенбаев: Булар окуганды да билбейт. Мени эртең камайбыз деп жатышат, камамак тургай бышырып, куурдак кылып жешсин. Парламент Асылбектин айтканын кылып жатат. Ага-ининин тууган-туушканынын баары кетсин.

17:55 3.7.2019

Азамат Баяманов​: Өкмөт иштей албай жатат. Жети айда Өмүрбек Бабанов кандай иштеди эле? Биз керек болсо Өмүрбек Токтогуловичти алып келип алабыз. Алмаз Шаршенович өзү колдоп берет. Туурабы? Алмазбек Атамбаевди каматпайбыз. Керек болсо туруп беребиз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG