Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:30
Алмазбек Атамбаев. 3-июль, 2019
Алмазбек Атамбаев. 3-июль, 2019

Бийликке каршы митингдин алты талабы

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлеринин бийликке каршы митинги аяктады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери Бишкектеги «Медиа Форум» имаратынын алдында президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигине каршы митинг өткөрүштү.

«Соке болбой калды» аттуу акцияда «Эски элита кетип, жаңы элдик лидерлер келсин!» деген чакырык ташталып, бийликке талапты аткарууга эки айлык мөөнөт берилди.

17:48 3.7.2019

Митинг болуп жаткан жерде.

17:45 3.7.2019

Асел Кодуранова: Бийлик КСДПны рейдерлик жол менен экиге бөлүп салды. Абдырахманов угуп койсун, биз ага партияны оңой менен бербейбиз. Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алганы акыркы тамчы болду.

17:30 3.7.2019

17:18 3.7.2019

Равшан Жээнбеков: Бийлик акыркы кезде көп каталарды кетире баштады. Кыргызстан оор саясий кризисте турат. Баарыбыз чогуу отуруп, диалогго келбесек болбойт.

Адилетсиз, мыйзамсыз чечимдер көп болуп атат. Эгер мурдагы президент оппозицияда болбосо, азыркы иштер жасалат беле? Бийликке келген адам оппозициянын сынына чыдаганды үйрөтүшү керек. Азыркы агрессиялык саясатты токтотуп, оппозицияга сый мамиле кылганга, талкуу жүргүзгөнгө үйрөнүшү зарыл.

Мен каалаган мамлекетте сөз эркиндиги, күчтүү жарандык коом болушу керек. Учурда оппозициянын ролун Алмазбек Атамбаев ойноп атат. Биздин бийлик азыркы оппозицияга чыдаганга үйрөнсө, өзүнө жакшы болот. Атамбаевди баспастан, ага күчтүү оппозиция болууга шарт түзүп бериши керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG